БУУнун атайын өкүлү эскертет: “Талибан” Ооганстандын райондорун басып алууда

Чет элдик куралдуу күчтөр Ооганстандан чыгарылып жаткан учурда "Талибан" ондогон райондорду басып алып жатканын БУУ эскертти.
БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Дебора Лионс, Коопсуздук кеңешинде козголоңчулар май айынан бери 370 райондун 50сүн басып алганын билдирип, "үрөй учурган" сценарий орун алышы мүмкүн экенин эскертти. Ал конфликттин күч алышы "жакынкы жана алыскы коңшу өлкөлөр үчүн кооптуулуктун өскөнүн түшүндүрөт", - дейт.
АКШ менен НАТО 11-сентябрга чейин аскерлерин Оогандан чыгарып кетүү планына ылайык иштерин улантууда. Пентагондун өкүлү Жон Кирби кырдаал "динамикалык" бойдон калууда жана талибандын жетишкендиктери аскер күчтөрүн чыгарып кетүү планына таасир этпегенин, бирок анын "темпи жана масштабы" ийкемдүү өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лионс айым Нью-Йорктогу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнө кайрылып, радикал исламчыл топтун акыркы жетишкендиктери "күчөтүлгөн аскерий жүрүштүн" натыйжасы болгонун айтты.
"Алар басып алган райондор провинциялардын борборлоруна чектеш жайгашкан, бул "Талибандын" чет элдик күчтөр чыгарылгандан кийин борборлорду басып алууга аракет кыларын билдиргени"
Шейшемби күнү "Талибан" Ооганстандын Тажикстан менен болгон чек арасында негизги бекетти басып алганын расмийлер билдирди. Бул өткөөл жай түндүктөгү Кундуз провинциясында жайгашкан. Акыркы күндөрү ал жакта катуу кагылышуулар болуп жаткан. "Талибан" провинцияны толук башкарып жатканын айтууда. Өкмөт провинциянын борбору болгон Кундуз шаарын гана көзөмөлдөйт. Бирок Кабулдагы коргонуу министри ооган куралдуу күчтөрү айрым райондорду кайтарганын жана операциялар уланып жатканын айтты. Кундуз шаары стратегиялык мааниге ээ. 2015-ж. жана андан кийинки жылы дагы ал кыска убакытка козголоңчулардын колуна өткөн. Бирок эки жолу тең НАТО күчтөрүнүн колдоосу менен өкмөттүк аскерлер аны кайтарып алышкан. Жергиликтүү медиалар "Талибан" көптөгөн согуш курал-жарактарын басып алганын, ондогон аскерлерди өлтүргөнүн же жарадар кылганын жана колго түшүргөнүн кабарлашты. Талибандын жоготуулары жөнүндө азырынча так маалымат жок.
Ооган куралдуу күчтөрү колдон чыгарган территорияларды кайтарып алуу үчүн жакынкы учурда массалык чабуулга өтө турганын билдиришти. "Жакында биздин бүт өлкө боюнча жетишкен ийгиликтерибизге күбө болосуңар", - дейт Жен Ажмал Шинвари.

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШ баштаган күчтөр 2001-жылдын октябрь айында "Талибанды" Ооганстандын бийлигинен четтеткен. Себеби "Талибан" АКШдагы 11-сентябрь окуяларына байланышы бар Усама Бин Ладенге жана Аль-Каиданын башка адамдарына башкалка берип келген.
АКШнын президенти Жо Байден АКШ эми өз күчтөрүн чыгара берсе болорун, анткени Ооганстан кайрадан батышка каршы турган жихадчылардын очогуна айлана албай турганын билдирди.
Былтыр БУУнун жогорку кызматтагы ырасмийи Аль-Каида Ооганстандагы "Талибандар" менен "терең тамырлашып кеткенин" эскерткен. Ооган президенти Ашраф Гани өкмөттүн куралдуу күчтөрү козголоңчуларды баш көтөртпөй турууга толук жөндөмдүү деп эсептейт. Бирок чет элдик аскерлердин чыгарылышы менен Ооганстан кайрадан "Талибандын" чеңгээлинде калат деп эсептегендер дагы көп.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шейшембиде Пакистандын премьер-министри Имран Хан анын өлкөсү АКШ менен "Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн өнөктөш" болууга ынтызар экенин, бирок АКШнын базаларын жайгаштырбай тургандыгын Washington Post гезитине жазган. Ал Пакистан буга чейин коңшулаш Ооганстандагы согушуп жаткан тараптардын кайсы бирин тандаганы ката болгон деп эсептээрин жана ооган элинин ишенимине ээ болгон адам менен иштешүүгө даяр экенин билдирген.
Ооган лидерлери көптөн бери Пакистанды Талибанды колдойт деп айыптап келишет. Өлкөлөрдүн кызматташуусу АКШнын аскерин чыгарып кетүү максаттары үчүн абдан маанилүү деп эсептелет. Жакында Хан мырза ЦРУнун Пакистанда "Аль-Каидага", "Ислам мамлекети" тобуна же "Талибанга" каршы эл аралык терроризм менен күрөшүү миссияларын өткөрүшүнө "таптакыр жол бербейм" - деп айткан.













