АКШ аскер базасы: Кыргызстан эмнеден утуп, эмнеден уттурат?

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

КШ менен НАТО аскерлери ооган армиясын машыктырган

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ менен НАТО аскерлери ооган армиясын машыктырган

АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин ошол чөлкөмдөгү мамлекеттердин бирине базасын жайгаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу АКШнын белгилүү басылмалары жазууда. Буга чейин аскер базасын жайгаштырууга вариант катары бир нече мамлекеттин аты аталып келген болсо кечээ жакындан бери Кыргызстан дагы жазылып, сөз боло баштады.

АКШнын терроризмге каршы деген аскер күчтөрү быйыл күздө Ооганстандан толук чыгып кетүүгө тийиш. Айтылып жүргөн маалыматарга караганда, ал жакта 2500гө жакын аскер бар. Айрым эксперттер, АКШ Ооганстандан биротоло чыгып кетүүнү убада кылганы менен чөлкөмдөн толугу менен кетүүнү көздөбөйт. Региондогу күчтөрдүн тең салмагы, зор мамлекттердин таасири үчүн алар Ооганстандан алыс эмес башка бир өлкө менен сүйлөшүп, базаларын жайгаштырууга кызыкдар деп келишет. Бул боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. АКШнын саясатын талдап келген кыргызстандык саясатчылардын бири Равшан Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Равшан Жээнбеков

Ал АКШнын базасын жайгаштыруу үчүн көшөгө артында Кремлдин “уруксатын” алуу керек деп жатат. Саясатчынын айтымында, эгерде макулдашуу ишке аша турган болсо, Кыргызстан АКШ базасын жайгаштыруу менен экономикалык эле эмес, башка дагы пайдасын көрөт деп эсептейт.

“Инвестиция, каражат маселесин эске албаганда бул Кыргызстанга жаңы маданият алып келүүгө, дүйнөгө башка көз караш менен кароого шарт түзөт. Бизге бүгүнкү күндө АКШнын, Европанын көз карашы жашоо-шартыбызга, мамлекеттүүлүккө, өнүгүүгө жетишпей жатканын акыл эстүү, билимдүү, саясатты түшүнгөн адамдар билип турат.

 Экинчиден, АКШнын базасынын Кыргызстанда болушу бул өзгөчө тышкы коопсуздук маселесине таасир бере турган маселе. Үчүнчүдөн, АКШ менен дүйнөлүк деңгээлде сүйлөшүүгө артыкчылык бере турган өтө маанилүү дипломатиялык канал болуп эсептелет”,- дейт саясатчы Равшан Жээнбеков.

“Манас” аба майданында транзиттик борбор катары иштеп келген база 2014-жылы жабылган. Кээ бир саясатчылар учурунда Кыргызстандагы АКШнын базасын жаптыруу Орусиянын кызыкчылыгынан улам болгон деп келишет. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев АКШ менен Ирандын кырды бычак мамилеси, дагы башка олуттуу себептерден улам базаны жабуу зарыл деген жүйөсүн айтып келген эле. Равшан Жээнбеков Атамбаевдин ал аргументтери анчейин негиздүү болбогонуна көңүл бурду.

“Түрмөдө олтурганымда Атамбаев менен бул маселе боюнча кээде кыскача сүйлөшүп калган учурларым болду. Ошондо дагы ушул аргументти айтты. Ал: “Иран бизге ракеталарын атууга мүмкүнчүлүк пайда болгон” деп айткан учурлары болду. Бирок, бул эми ал кишинин көз карашы. Мен мындай пикирге макул эмесмин. Биринчиден, Ирандын ракеталары алыска бара албайт. Экинчиден, Иран биринчилерден болуп АКШга кол салууга даабайт. Бул аргумент туура эмес деп эсептейм”,-деди Равшан Жээнбеков.

Талатбек Масадыков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талатбек Масадыков
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“ЖККУнун жобосу боюнча, башка чет өлкөнүн аскердик базасын жайгаштырууга уруксат берүү чоң саясат. Бизде стратегиялык өнөктөш бүгүнкү күнгө чейин Орусиябы же жокпу? Орусия болсо анда Орусиянын бул маселеге көз карашы негативдүү болушу мүмкүн. Казакстан менен Тажикстан бул маселени кантип кабыл алышат? Анткени, уюмга мүчө болгон башка мамлекеттер дагы бар. Белорусия, Армения. Бул аябагандай чон саясий чечим. Бүгүнкү күндө өзүмдүн жеке оюм Кыргызстандын бийлик башындагылар бул чечимге барбайт го. Себеби, бул аябагандай көп талкууларды жаратат жана Орто Азиядагы мамлекеттер, Кытай менен, Орусия менен мамилебиз кандай болот? Ошого жараша биз сөз кылган мамлекеттер тараптан ар кандай кадамар болушу мүмкүн. Ошондуктан бул чечимди кабыл алуу өтө оор”,- деди Талатбек Масадыков.

Жыйынтыктап келгенде АКШ базасын Кыргызстанда жайгаштыруудан олуттуу деле пайда болбойт дейт ал.

“Өзүңөр көрүп жатасыңар, АКШ келген жерлерде аябай көп нааразчылыктар бар. Жада калса Японияны алып көргүлө. Канча жылдан бери Окинавада АКШнын базасы бар. Япониянын бийлик башындагылардан сурап көрсөңүз албетте, дипломатиялык түрдө АКШ менен стратегиялык өнөк деген мамилебиз бар дейт. Бирок, дайыма Окинавадагы элдин нааразычылыгы көп. Эми алардын себеби башка. Кыргызстан жана Орто Азиядагы азыркы жагдайдан улам Кыргызстан өтө терең ойлонушу керек. Жоопкерчиликти, чоң-чоң суроолорду жана чоң коркунучтарды жаратышы мүмкүн. Пайдасы коркунучтарга салыштырганда өтө эле аз”,- деди Талатбек Масадыков.

АКШ аскер базасынын жоокерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкалыктар 11-сентябрга чейин Ооганстандан чыгып кетери белгилүү

“Манастагы” америкалык аскердик аба базасы 2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы эгиз мунара үйлөргө террордук кол салуудан кийин коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы террорго каршы операцияларына колдоо көрсөтүү максатында ачылган. 2009-жылы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин аба базасы Транзиттик жүк ташуучу борбор болуп өзгөргөн. “Кыргызстан америкалык аскер базасын чыгаруу менен өлкөнүн экономикасы 150 млн АКШ долларын жоготот, анын ичинде 60 млн мамлекеттик бюджетке түз түшүп жаткан акча болчу” деп учурунда далай талкулар болгон эле. Мындан сырткары жүздөгөн кыргызстандык ал жерде ар кандай жумушта иштеп келген. АКШнын аскер базасы бул ирет кайсы өлкөгө жайгашат деген маселе Кыргызстанда чек ара маселелери күн тартибинин баш сабына чыгып, экономика каржалып турган учурга туш келди.