Ооганстандагы согуш: америкалык аскерлер 11-сентябрга чейин чыгарылат

Америкалык басылмалар президент Жо Байден жакынкы күндөрдө Ооганстандагы аскер бөлүктөрүн ушул жылдын 11-сентябрына чейин чыгарып кетерин жарыялайт деп жазды.
Өткөн жылы ошол кездеги президент Дональд Трамп майга чейин аскер күчтөрүн алып чыгып кетүү тууралуу убада кылган. Бирок Байден бул мөөнөттү реалдуу эмес деп айткан эле.
Байден атай турган дата - 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна жана Пентагонго чабуулдун 20 жылдыгына туш келди. Ушул окуядан кийин АКШ жана НАТОго мүчө башка өлкөлөр Ооганстанга аскер күчтөрүн киргизген. Алар радикалдуу "Талибан" кыймылын (көп өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) бийликтен четтетти.
20 жылдан кийин деле Ооганстанда согуш уланып, "Талибан" өзүнүн таасирин жоготкон жок. Бирок айрым региондордо алардын позициясы бошоң. НАТО менен АКШ өкүлдөрү талиптер зомбулуктан баш тартуу убадасын аткарбай жатат деп билдирди.
Ушул тапта Ооганстанда 2,5 миң чамалуу америкалык аскерлер бар. Ал эми НАТО өлкөлөрүнүн жалпы аскер контингенти 9,6 миң киши.
Америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылышы Вашингтон коопсуздук боюнча стратегиясын кайра карап чыкканынан кабар берет. 20 жылдан берки Ооганстандагы куралдуу жаңжалга кийлигишүүсүн токтотууну чечип, башка маанилүү коркунучтарга көңүл бурууда.
Анализ: Эми талиптер кайра күчтөнөбү?
Секундер Кермани, Би-Би-Синин Ооганстандагы кабарчысы

Сүрөттүн булагы, EPA
Вашингтон чынында 1-майга чейин аскер бөлүктөрүн чыгарып кетуү тууралуу убадасын аткара алган жок. Бирок Ооганстандын өзүндө көптөр бул чечим "Талибандын" кайра күчтөнүүсүнө алып келиши мүмкүн деп эсептейт. Талиптер болсо берилген мөөнөттө өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарганын айтып, аны АКШдан дагы талап кылууда. Талиптер америкалык аскерлерге чабуулун кайра күчтөндүрүшү күмөн. Анткени алардын Ооганстандан чыгып кетүү мөөнөтү болгону бир нече айга гана узартылды. Бирок "Талибандын" биринчи реакциясы кастык мүнөздө болду. Ооган бийлигинин айрым өкүлдөрү Байдендин администрациясы талиптер менен сүйлөшүлөрдө жаңы шарттарды коюп, анын аткарылышын талап кылат деп үмүттөнгөн. Бирок Вашингтон мындайга барган жок.
Ооган өкмөтү менен "Талибан" ортосундагы сүйлөшүүлөр өтө жай жүрүүдө. АКШ аскерлери чыгып кеткенге чейин кандайдыр бир келишимге жетүүсү кыйын.
Көптөр америкалык аскер күчтөрү чыгып кеткен соң талибан күчкө салып жеңишке жетүүгө аракет кылышы мүмкүн деп чочулайт. Жок эле дегенде үстөмдүк кылууга аракеттенет. Азыркы кезге чейин ооган өкмөтү алардын чабуулдарынын мизин кайтарып турду. Албетте, америкалык күтөрдүн аба чабуулдарынын көмөгү астында.
Ооган чалгын кызматынын маалыматына таянсак, өкмөт "Талибанды" бир нече жылга кармап тура алат. Бирок бул согушта Кабул үчүн маанилүү факторлордун бири - эл аралык колдоо болду. Эми жаңжал кайра күчөп, көп кан төгүлөт деген коркунуч жаралды.

Шейшембиде "Талибан" Түркияда өтө турган Ооганстандын келечеги талкуулана турган сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартты. "Чет жерлик аскер күчтөрүн мекенибизден толук чыгып кетмейинче бул сыяктуу жыйындарга катышпайбыз",-деп билдирген "Талибан" өкүлү.
Шаршембиде АКШнын Мамдепартаментинин башчысы Энтони Блинкен менен коргоо министри Ллойд Остин расмий түрдө Байдендин чечимин НАТОдогу союздаштарына кабарлайт деп күтүлүүдө.
2001-жылдан бери уланып жаткан Ооганстандагы согуш АКШ үчүн бир нече триллион доллар чыгымдады. Эки миңге жакын америкалык аскерлер каза тапты. Бул америкалык куралдуу күчтөрдүн тарыхындагы эң узакка созулган жаңжал.
АКШнын Ооганстандагы аскердик кийлигишүүсүнүн хронологиясы
- 2001-жылдын октябры: 11-сентябрдагы чабуулдан кийин америкалык күчтөр Ооганстанды бомбалап баштады.
- 2009-жылы февралда НАТОго мүчө өлкөлөр Ооганстандандагы аскер күчтөрүн көбөйтүү тууралуу жарыялаган. АКШ дагы кошумча 17 миң аскерин жөнөткөн.
- 2009-жыл, декабрь: АКШ президенти Барак Обама америкалык контингенттин санын дагы 30 миң кишиге көбөйттү. Ошентип алардын саны 100 миңге чамалады. Ошол эле маалда 2011-жылга барып аскер күчтөрүн чыгарып кетүүгө убада кылды.
- 2014-жыл октябрь: АКШ менен Улуу Британия Ооганстандагы активдүү аскер операциялары жыйынтыкталды деп жарыялады.
- 2015-жыл март: Обама ооган президенти Ашраф Ганинин өтүнүчү менен америкалык аскер күчтөрү бул өлкөдө дагы кармаларын билдирди.
- 2015-жыл, октябрь: Обама 2016-жылдын соңуна барып Ооганстанда 9,8 миң америкалык аскер каларын айткан. Бул билдирүүсү менен миң гана аскерди калтырабыз деген мурдакы убадасынан баш тартты.
- 2016-жыл, июль: Обама "коопсуздукка байланыштуу кооптуу кырдаалдан" улам 2017-жылга чейин Ооганстанга 8,4 миң аскерди калтырууну туура көрдү. НАТО дагы аскер санын азайтпоого макул болуп, жеригилктүү коопсуздук күчтөрүн 2020-жылга чейин каржылоо убадасын берет.
- 2017-жыл, август: АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп күчтөнүп жаткан "Талибанга" каршы Ооганстанга көбүрөөк аскер жөнөтүү тууралуу билдирүү жасайт.
- 2019-жыл, сентябрь: талиптер менен АКШ ортосундагы узакка созулган тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурайт.
- 2020-жыл, февраль: Дохада бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү тууралуу келишимге кол койот.










