Ооганстан: 40 жылдан бери согуштан башы чыкпаган өлкөнүн шайлоосу

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ооганстанда сентябрда өткөн президенттик шайлоонун алгачкы расмий тыянактары белгилүү болду. Шайлоодон кийин Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла экөө тең жеңишин жарыялаган. Бул эки саясатчы көп жылдан бери бийлик үчүн күрөшүп келүүдө.
Бул жолку шайлоодо дагы Ашраф Гани 50,64% добуш менен алдыга чыгып, экинчи мөөнөтүн сактап калды. Анын негизги атаандашы, өлкөнүн премьер-министри Абдулла Абдулла 39,52% добуш алган.
Президенттик шайлоо 28-сентябрда өттү. Бирок Абдулла Абдулланын тарапташтары добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болгонун айтып, митинг өткөрүп, шайлоонун расмий тыянактары кечикти.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Абдулла Абдулла расмий тыянактар боюнча Жогорку Сотко кайрыла турганын билдирди. Дээрлик 300 миңдей добуш уурдалган деп эсептейт.
Мурунку шайлоонун биринчи айлампасында Абдулла Абдулла атаандашын утуп чыгып, экинчи айлампада жеңилип калган эле. Анда дагы талаш-тартыштардан улам расмий тыянактар кечигип жарыяланган.
Абдулла Абдулланын тарапташтары Ооганстандын бир топ шаарында шайлоо тыянактарына каршы митинг өттү.
Бул жолу шайлоого катышуу 2001-жылы талиптер бийликтен сүрүлгөн жылдардан кийинки эң төмөнкү көрсөткүчтө болду. Эки миллионго жетпеген шайлоочу добуш берген.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ооганстан калкы 37 миллион деп эсептелгени менен шайлоого укугу барлар саны болгону 9,6 миллион. Алардын миллион чамалуусу техникалык жана башка маселелерден улам добуш бере алышкан эмес.
Андан сырткары коопсуздук маселесинен улам дагы көптөр добуш берүүгө келген жок. Шайлоонун алдында талиптер добуш берүү жайларына чабуул жасарын эскерткен. Эксперттердин айтымында, соңку жылдары бир эле кишилердин шайлоо жарышына улам-улам чыга бергени дагы элди тажатты.
Эки талапкердин тең - Гани менен Абдулланын дарегине коррупция боюнча айыптоолор айтылып келүүдө. БУУ маалыматы боюнча, өлкөдө жумушсуздук 25% түзүп, оогандардын 55% жакырчылыкта жашайт.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бийликке келген президент соңку 40 жылдан бери согуштан башы чыкпаган өлкөнү башкарат.
Шайлоодо жеңип чыккан талапкер өлкөнүн багытын өзгөртө алабы?
Жаңы президент кырк жылга созулган согуштан кийин экономикасы чабал, "Талибан" кыймылынын таасири өсүп жаткан өлкөнү башкарат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Талиптер менен АКШ ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады. "Талибан" кыймылы ооган өкмөтү менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөн баш тартууда. Учурда АКШнын 14 миң жана НАТОнун миңдеген аскери Ооганстанда жайгашкан.
Өткөн жылы Куралдуу жаңжал болуп жаткан аймактардан маалымат чогултуу долбоору (ACLED) ооган конфликтин курмандыктар саны боюнча дүйнөдөгү эң кандуу деп атаган.
Ооган согушунун таржымалы
2001-жылы АКШ башында турган коалиция Ооганстанга аскерлерин киргизгенден бери абал турукташа элек. 18 жыл мурун бийликтен кулатылган "Талибан" кыймылы мурда жоготкон аймактардын көбүн кайрадан көзөмөлүнө алган. Би-Би-Синин иликтөөсү талиптер Ооганстан аймагынын 70 пайызында активдүү иш алып барарын аныктаган.
2001-жылы согуш башталгандан бери АКШ башында турган коалиция 3500 аскерин жоготту. Алардын 2300 америкалык аскер. БУУнун 2019-жылы февраль айындагы баяндамасында, Ооганстанда 2001-жылдан бери 32 миң жайкын тургун мүрт кеткенин жар салды. Ал эми Браун университети 58 миң ооган коопсуздук кызматкери, 42 миң согушкер каза болгонун билдирген.

АКШнын аскердик аракеттери менен 2001-жылдан бери он миңдеген талип куралчандары кармалып же жок кылынды. Бирок ага карабастан "Талибан" кыймылы алсырап калды деп айтууга болбойт. Он жыл мурун АКШ менен ооган өкмөтү өлкөдө 15 миң согушкер бар деп болжогон. Бүгүнкү күнү согушкерлердин саны 60 миңге жетти деп айтылууда.
Өткөн жылы талибдердин чабуулдары көбөйүп, ооган армиясы кыйынчылыкка туш болду. Ооган аскерлери туруштук берүүгө аракеттенип жатат. Бирок кишилей жоготуулар көп болуп, аскер башчыларынын жөндөмдүүлүгү чоң маселе бойдон калууда. Ошондой эле армияда коррупция күч алды, логистикалык көйгөйлөр чечиле элек.
Өлкөдөгү саясий тирешүү коопсуздукка терс таасир этүүдө. 2014-жылы президенттик шайлоодон кийин эки атаандаш топ Бирдиктүү улуттук өкмөт түзгөн. Ага карабастан эки саясий күч көптөгөн маселе боюнча мунаса таба албай келет.
Андан тышкары регионалдык мамлекеттер дагы кызматташуусун күчөтүшү керек. Ооганстанда тынчтыкты орнотуу үчүн АКШ, Кытай, Орусия сыяктуу ири державалардан тарта Индия, Пакистан, Иран жана Сауд Арабия сыяктуу регионалдык оюнчулар дагы бири-бири менен мунаса табуусу өтө маанилүү. Ошондой эле Ооганстандын ички оюнчулары дагы кызматташууга жол ачышы зарыл. (AbA/AT)








