Тойдогу жардыруу: Жаш жубайлар аман калды, бирок...

Mirwais Elmi is being consoled by a friend

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мирваис Элми нике күбөлүгүнө кол койгону жатканда жарылуу болгон
    • Author, Инаятульхак Ясини жана Сваминатан Натараджан
    • Role, Би-Би-Си

Ачуу түтүн тарап кетер замат трагедиянын масштабы канчалык экени көрүндү. Кабулдагы той өтүп жаткан залдын ичи согуш талаасына окшоп турду.

Жардырууну өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун жанкечтиси жасады.

80 киши курман болду, жаңы үйлөнгөн жубайлар аман калды. Бирок алар ошол күндөн бери жүрөк муздаткан коркунучтан арыла элек. Тойдо каза тапкан туугандарынын жакындары болсо жаштарды күнөөлүү карашат. Жек көрүндүгө айланышты.

17-август, ишемби. Мирваис Элминин туугандары, достору топурап тойго камынып жатышты. 26 жаштагы жигиттин көкүрөгү үмүткө толуп, көңүлү шат эле. Мирваис тойдун алдында кудайдан жакшылык тилеп, дуба кылды. 40 жылдан бери согуштан башы чыкпаган өлкөсүндө анын жашоосунун жаңы этабы башталып жатпайбы.

Кооз жасалган залда коноктор эки жашты күтүп турушту. Жаштарга нике кыйылып жаткан эле. Ушундан кийин той башталмак. Бирок ага жетпей калышты.

Жарылуу

үлпөт унаа

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабулдагы тойлорго коноктор көп чакырылат

18 жаштагы Рехана кайын сиңдиси жана кайненеси менен башка бөлмөдө эле. Мирваисти болсо нике күбөлүгүнө кол коюу үчүн чакырышкан.

Ушул маалда имараттын ичинде кулак тундурган жарылуу болду. Жарылуу жалаң эркектер олтурган банкет залында болгон экен. Бомбаны жанкечти ишке ашырган. Жарылуунун үнү бир чакырым жерге чейин угулду.

Бир нече саат мурун эле куттуктап, кубанычын бөлүшүп, жаркырап күлүп-жайнап турган Мирваистин туугандарынын денелери быт-чыт болуп туш тарапка чачылып жатты.

Жарылуу болгондо Мирваистин ээси ооп калган. Тирүү калгандардын мээси чайкалып, жаракат алгандары бар эле.

Мирваис бир нече сааттан кийин эсине келип, ага жардыруудан канча тууганы курман болгонун угузушту.

"Аталаш эжем, досум, тойго келген бир топ киши мүрт кеткенин айтышты. Бир тууган агам жети досунан ажыраптыр, келинчегимдин иниси курман болуптур. Аны башы жулунуп кеткен экен. Биз аны ошол абалда жерге бердик...",-деп эскерет Мирваис Элми.

Эртеси күнү Элминин кайнатасы оогандык ММКларга анын үй-бүлөсүнөн 14 киши өлгөнүн айткан.

"Кыялым, үмүттөрүмдүн баары урады. Азыр жан сыздаткан санаа менен кайгы гана бар",-дейт Мирваис.

Ондогон киши дароо мүрт кетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ондогон киши дароо мүрт кетти

Жанкечти чабуулу

Жардыруунун жоопкерчилигин өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ моюнуна алды.

Соңку окуя согуштан башы чыкпай, октун, жардыруунун үнүнө бышы кулак болуп калган өлкөнүн үрөйүн учурду. Ооганстандын көз карандысыздыгыгын 100 жылдыгын белгилөө салтанаты башка убакка жылдырылды.

Тирүу калган жаш жубайларга бир нече күндөн кийин нике кыйылды. Бул жолу салтанат, кубанычтын изи дагы жок эле.

"Атам, агаларым менен түндөсү үйдү кезектешип кайтарып чыгабыз. Кооптонуу күч, качан болбосун кайра кол салышы мүмкүн деп тынчсызданабыз",-дейт Элми.

A man inspects the extent of damage after the blast

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарылуу жалаң эркектер олтурган банкет залында болгон экен

Мурда буларды жакшы коңшу, дос санап жүргөндөр азыр аларга катаал мамиледе.

"Көчөгө чыксак бизди талкуулап, кемсинткен сөздөрдү угасың. Күн сайын улам сени өлтүрүп жаткандай. Бул жан чыдагыс нерсе".

Men are inspecting the body of a victim wrapped in cloth

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мирваистин айтымында, курман болгондорго куран окуп барышканда бирөөсүнүн жакыны "биз уулубуздан айрылдык, айтчы, сен кантип келинчегиң менен тирүү калдың" деп атырылган.

An Afghan security official stands guard outside the wedding hall

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жардыруунун жоопкерчилигин өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ моюнуна алды

Жардыруудан кийин үч күн оозуна наар алган эмес. Азыр дагы шок абалында.

Mirwais Elmi cries covering his face

Сүрөттүн булагы, Reuters

"Мунун баары биздин колдогу иш эмес экенин түшүндүрдүм. Эгерде мындай болорун билсем, мен анда тойдон баш тартат элем го. Биз сабырдуубуз. Ким кудайга ишенсе, ал тагдырга моюн сунат".

Элми келинчеги өтө азаптанып жатканын айтып берди. "Кечинде жарык өчсө эле, калтырап-титирейт, катуу коркуп калыптыр" дейт ал.

Рехана биз менен сүйлөшкүсү келген жок. Алардын баш кошуп, бирге түтүн булатышына ата-энелери себепкер болгон. Мирваис менен Рехананын апасы тууган болуп кетет.

Мирваистин бүлөсү шиит хазарлар. Суннит топторунун жоочулары, анын ичинде "Талибан" жана "Ислам мамлекети" экстремисттик топтору Пакистан менен Ооганстанда азчылыкты түзгөн шииттерге кол салган учурлары көп.

Mirwais Elmi at his home

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ошол күнү мен деле башкалар менен чогуу өлсөм эмне, арман күн"- деди Мирваис Элми

Иликтөө кандай жүрүп жатканы боюнча Элминин бүлөсүнүн кабары жок. Тойго келгендер арасында түрдүү этникалык топтун өкүлдөрү бар эле.

Каза тапкандардын жакындарына мамлекет компенсация төлөп берген.

"Үйгө парламент депутаты келип, жарым миллион афгани [6350 долларов] берип кетиптир", -деди Элми.

Анын тойго чыгымдайм деп алган 14 миң доллардай карызы бар. Кийим тигүү цехин иштетейин десе, аны жек көрүп, эч ким кайрылбай жатыптыр.

"Ошол күнү мен деле башкалар менен чогуу өлсөм эмне, арман күн"- деди Мирваис Элми. (AbA)