Ооганстандагы талиптер "жазгы чабуулдарга" даярданып жатабы?

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкендин айтымында, НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенде, "Талибан" кыймылы кайрадан көп аймактарды ээлеп калат.
Мурдагы президент Трамп менен "Талибан" кыймылы ортосундагы келишимге ылайык, чет өлкөлүк аскерлер май айына чейин Ооганстандан чыгарылышы керек. Эми АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге кат жолдоп, талиптер "жазгы чабуулдарга" даярданып жатканын эскертти.
АКШнын аскерлери 2011-жылы Ооганстанга кирип барып, талиптерди бийликтен түшүргөн. Вашингтон 2011-жылы 11-сентябрдагы террордук чабуулга жооп кылган.
Мурдагы президент Трамп май айында 10 миңге чукул америкалык-НАТО аскерлерин чыгарып кетем дегени менен, президент Байдендин администрациясы Талибан кыймылы менен тынчтык келишимди кайра карап чыгарын маалымдаган. Эми Вашингтон талиптер өз милдеттенмелерин аткарып жатканын текшерет, өзгөчө зомбулукту токтотуу жана террордук топтор менен байланышты үзүү.
Ооганстанда зордук-зомбулук байма-бай катталып келет. Соңку айларда журналисттер, активисттер, саясатчылар жана судьялар өлтүрүлдү.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы

Блинкендин Ооганстандын президентине жолдогон каты Би-Би-Синин колуна дагы тийди. Анда АКШнын мамлекеттик катчысы 90 күн бою зомбулукту токтотуп, Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлү алдында туруктуу тынчтыкка жетүү аракетин баштоо тууралуу сөз болот. Улуттар Уюму регионалдык державалардын жана Түркиянын тышкы иштер министрлерин чогултуп, "Талибан" кыймылы менен ооган өкмөтүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болуп бермекчи.
Мамлекеттик катчы бул каты менен президент Гани менен талиптерге кысымды күчөтүп жаткандай. АКШ аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Ооганстанда жарандык согуштун күчөп кетишин каалабайт. Учурда ооган өкмөтү менен талиптер ортосундагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады. Жекшемби күнү президент Гани "Талибан" кыймылын кан төгүүнү токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга үндөдү.









