Терроризмге каршы согуш качан токтойт?

An Afghan Special Forces member attends his graduation ceremony in Kabul, Afghanistan, 17 June

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооганстандын атайын даярдыктагы аскери
    • Author, Франк Гарднер
    • Role, Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы

Өткөн аптада Британиянын Рединг шаарында бычак менен кол салуу болгону, пандемия учурунда дагы терроризм коркунучу жок болуп кетпегенин эске салды. 2001-жылы АКШнын мурдагы президенти Буш "Терроризмге каршы согуш" деп жарыялагандан бери эмне болду? Согуш дагы деле уланып жатабы?

2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон террордук чабуулдан бери дээрлик 19 жыл өттү. Ага карабастан АКШнын миңдеген аскерлери дагы деле Ооганстан, Ирак, Перс булуңу жана Африкада жайгашып турат.

Алыстан башкарылган дрондор дагы деле террордук топко мүчө делген согушкерлерди бутага алууда. Терроризмге каршы күрөшкө жумшалган каражат жылдан жылга өсүп жатканы дагы талашсыз.

Стратегиялык диолог институтунун башчысы Саша Хавликлек согуш башталгандан бери окуяга байкоо салып келет. Анын айтымында, саясатчылар жарыялаган риторика менен реалдуулук кескин айырмаланып турат.

"Президент Обама бийликке келгенден кийин риторика өзгөргөнү менен терроризмге каршы күрөштөгү тактика өзгөргөн жок. Реалдуулук ошондой. Президент Обама бийликте отурганда Ооганстан менен Пакистандагы дрон чабуулдар көбөйдү. Учурда президент Трамп "Американы биринчи орунга коем" деп жатат. Көптөр Кошмо Штаттары терроризмге каршы күрөшкө сарпталган каражатты азайтат деп ойлогон. Бирок АКШ терроризмге каршы операцияларын күчөтүп жатканы байкалууда",-дейт ал.

"Багынбаган душман тобу"

Бул көз карашты президент Трамп терроризмге каршы күрөштөгү координатору катары дайындаган Нэйтан Сэйлз дагы колдойт. Би-Би-Си андан президент Буштун администрациясы баштаган согуш соңуна чыктыбы деп сурады.

"Жок, согуш дагы деле уланып жатат. Биз согушта жеңип жатабыз, бирок багынбаган душман тобуна каршы күрөш уланууда",-деди ал.

Ruined houses in Mosul, Iraq, 3 June

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирактын Мосул шаары терроризмге каршы күрөштөн кийин урандыга айланды

Сэйлз мырза өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко каршы күрөш натыйжалуу болгонун, өткөн жылы Сириянын Багуз шаарында топтолгон экстремисттердин акыркы тобу жок кылынганын белгиледи. Ошондой эле жихадчылардын лидери Абу Бакр ал-Багдади дагы өлтүрүлгөнүн кошумчалады.

Ага карабастан "ИМ" тобу дүйнөнүн булуң-бурчунда көмүскөдө болуп, кайсыл жерде бийликте стабилдүүлүк болбосо ошол өлкөдө маселе жаратышат деген пикир бар.

Айрым эксперттер АКШ башынан эле туура эмес тактиканы тандашкан дешүүдө. АКШнын президент Буш "терроризмге каршы күрөштө бизди колдойсуңар же бизге душмансыңар" деген принципти карманган. Ортодо болууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Маселен, 2003-жылы Кошмо Штаттары менен Британия Иракка аскерлерин киргизип, полиция менен армияны таратып салган. Жумушсуз калган жүз миңдеген ирактык жаштар Ал-Каида, кийин "ИМ" тобуна кошулду. Бул жаштарды АКШ өзүнө тартып алуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Анын оордуна туура эмес тактикасы үчүн аларды душманга айлантты.

"Согуш жакында токтобойт"

АКШнын бир нече саясий каталарынын кесепеттери азыр деле сезилет. Айталы, Гуантанамо булуңунда жүздөгөндөр экстремизмге шектелип, эч сотсуз камакта отурушкан. Андан тышкары АКШнын чалгын кызматы айрым шектүүлөрдү кыйноого алганы дагы ачыкталган.

Бул кадам Батыш мамлекеттерине көлөкөсүн түшүрдү жана алардын кандай моралдык укугу бар деген талкууга жем таштады.

АКШнын расмийи Сэйлз Гуантанамо булуңундагы абакка кескин каршы экенин белгиледи. Ошондой эле Батыш өлкөлөрүн Сириядагы качкындар лагеринде баш калкалап жаткан, эксмтремисттерге кошулган жарандарын алып кетүүгө чакырды.

Терроризмге каршы күрөшкө бир триллион доллардан ашуун акча жумшалганы айтылып келет. Бул каражаттын көбү дрон чабуулдарына жана маалымат топтоого сарпталган. Ал эми экстремизмди алдын алуу аракеттерге аз гана каражат бөлүнгөн. Королдук коллеждин радикализм боюнча окутуучусу Шираз Махер дал ушул себептен "согуш жакында токтобойт" деген пикирде.

"Өздөрүн "Ислам мамлекети", Ирак, Сирия жана Европадагы ксенофобияны, мусулмандарга карата коркуу сезимди анализдесек, мунун кесепети келечекте оор болорун түшүнөсүң. Ошондуктан терроризмге каршы согуш жакын арада токтобойт",-дейт ал.

Ошондо "акыркы аскердик миссия" же "терроризмди жеңдик" деген сөз айтылабы? Жок, себеби терроризм кылмыштуулуктай эле көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк болгон деңгээлге азайышы мүмкүн. Бирок эч качан жок болуп кетпейт. Мсиалы, бүгүнкү күнү оңчулардар түзгөн террордук коркунуч күч алууда.