Сирия: Идлибдеги миңдеген борборазиялык жихадчыларга эмне болот?

Эрдоган Путин

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 17-сентябрда Сочи шаарында Орусия менен Түркия Идлибде де-эскалация зонасын түзүү боюнча меморандумга кол койду
    • Author, Уран Ботобеков
    • Role, Дин жана саясат изилдөөчү, АКШ

Сириянын армиясы Идлиб аймагын козголоңчу топтордон кайтарып алуу операциясын баштаганы жатканда, Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Европа Биримдиги менен Түркия бул кадам мурда болуп көрбөгөндөй гуманитардык кризиске алып барат деп эскерткен.

БУУнун айтымында, Идлиб провинциясында 2,9 миллион жайкын тургун, анын ичинде миллионго чукул жаш бала жашайт.

Кыргынга алып барат делген аскердик операция сүйлөшүүлөр аркылуу токтотулду. Бирок де-эскалация зонасын түзүү келишиминен кийин Идлибдеги жихадчыларга эмне болот?

Idlib child

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун айтымында, Идлиб провинциясында 2,9 миллион жайкын тургун, анын ичинде миллионго чукул жаш бала жашайт

Келишим эмнени камтыйт?

17-сентябрда Сочи шаарында Орусия менен Түркия Идлибде де-эскалация зонасын түзүү боюнча меморандумга кол койду.

Ага ылайык, Түркия менен Орусия Сириянын армиясы менен козголоңчу топторду бөлүп, чек араны өздөрү көзөмөлдөп турат.

Аймактан 10-октябрга чейин танктар, оор артиллериялык жана ракета атуучу жабдыктар чыгарылышы абзел.

Ошондой эле, Идлибдеги радикал күчтөр, анын ичинде "Хейат Тахрир ал-Шам" тобунун согушкерлери дагы чыгып кетиши зарыл.

Түркия колдогон "Улуттук боштондук фронт" тобу Идлибди башкарып калганы Анкаранын дипломатиялык жеңиши катары санасак болот. "Улуттук боштондук фронт" тобуна суннит деп саналган "Ахрар ал-Шам", "Нур ал-Дин ал-Зенки" жана "Эркин Сирия армиясы" тобуна кошулгандар дагы бар. "Эркин Сирия армиясын" Батыш мамлекеттери оппозициячыл топ катары тааныган.

"Улуттук боштондук фронт" тобунун согушкерлери

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Улуттук боштондук фронт" тобунун согушкерлери

Сочи шаарында кол коюлган меморандумга ылайык, Москва, Дамаск жана Тегеран бир гана "Улуттук боштондук фронтту" оппозициячыл куралчан топ деп тааныды.

Демек, Түркиянын таасири Сириянын чек ара аймактары гана эмес, өлкөнүн ички территориясына чейин кеңейди. Де-факто, Анкара Идлибдеги саясий жана экономикалык маселелерди өз көзөмөлүнө алды.

Буга чейин Түркия Сириядагы чектеш аймактарда күрт куралчандарга каршы аскердик операциясын ишке ашырган. Эки айга созулган аскердик аракеттеринен кийин Анкара Африн шаарын көзөмөлдөп калган. Бул жолу Түркия сүйлөшүүлөр аркылуу Идлиб аймагын колуна алды. Эми Анкара Идлиб провинциясында Түркияга жан тарткан автоном өкмөттү түзүүгө киришет деп күтүлүүдө.

Учурда Идлиб аймагынын алтымыш пайызын "Хейат Тахрир ал-Шам" тобу көзөмөлдөйт. Бул топ мурда "ал-Нусра Фронт" деп аталчу жана экстремисттик "ал-Каида" тобу менен байланышы бар.

"Хейат Тахрир ал-Шам" тобунун согушкерлери

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Хейат Тахрир ал-Шам" тобунун согушкерлери

"Вашингтон Институтунун" маалыматына таянсак, "Хейат Тахрир ал-Шам" тобунун катарында отуз миң согушкер бар. "Ал-Нусра Фронтун" саясий оюнчуга айлантуу жана эл аралык санкцияларга кабылбоо максатында, топтун башчысы Абу Мухаммад ал-Жулани 2016-жылы июль айында радикал "ал-Каида" тобу менен байланышын үзгөн.

"Хейат Тахрир ал-Шам" тобу саясий жана башкаруу таасирин кеңейтүү үчүн Идлибдеги жарандык коом түзгөн "Куткаруучу өкмөт" кыймылы менен чогуу иш алып барды. Алар аймакта таза суу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка негизги кызматтарды тургундарга жеткиришти.

Түркия болсо Идлибдеги саясий, аскерий жана экономий башкарууну, таасирди "Хейат Тахрир ал-Шам" тобунан "Улуттук боштондук фронт" тобуна өткөрүп алууну көздөйт. Бирок бийликти өткөрүп алуу механизм жок. Андан тышкары, бийлик бир топтун колунан экинчиге өтүп жатканда, атаандаш топтордун тиреши дагы катталышы ыктымал.

"Хейат Тахрир ал-Шам" тобунун бюджети "Куткаруучу өкмөт" чогулткан салык жана Түркия менен чектеш аймактагы курал-жарак менен мыйзамсыз адам соодасы аркылуу чогултулчу.

Түркия эми Идлибдеги жихадчыларды сүрүп чыгарышы керек. Бирок "Хейат Тахрир ал-Шам" тобун жок кылуу оңой болбойт. Анкара Идлибдеги жихадчыл оппозиция менен токтоо оппозицияны айырмалап, эктремисттерди жок кылуу жоопкерчилигин алды. Аны ишке ашыруу оор болоору калетсиз.

Clock Square in the rebel-held Syrian city of Idlib (25 August 2018)

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Козголоңчу топтор менен жихадчылар Идлиб аймагын 2015-жылдан бери көзөмөлдөп келет

Эгерде Түркия "ал-Каида", "Хейат Тахрир ал-Шам" тобуна байланышы бар уйгур, өзбек, чечен жана башка жихадчыларды Идлибден сүрүп чыгара алса, Анкара "Ислам радикализмине" каршы күрөштөгү чоң оюнчуга айланып, радикал күчтөрдү жок кылууда түртку болот.

Президент Эрдоган өзүн дүйнөдөгү суннит Исламдын "коргоочусу" катары сыпаттайт. Түрк лидеринин аракеттери натыйжалуу болсо, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ же "ал-Каида" жайылткан экстремисттик идеологияга катуу сокуу болмокчу.

Бирок Түркия Борбор Азия менен Кытайдан барган жихадчыл согушкерлерди "Улуттук боштондук фронт" тобуна кошуп, Идлибдин "эмирине" айланса, "ал-Каидага" байланышы бар радикал топтор Сочи меморандумдун арты менен ишин уланта берет.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Мурдагы Советтер Союзу менен Кытайдан Идлибге барган жихадчылар

Сириянын түндүк-батыш тарабы Борбор Азиядан барган уйгур, өзбек, тажик жана кыргыз согушкерлери үчүн баш калкалоочу жайга айланды. Бул аймакта "ал-Каида" тобу дагы иш алып барганы маалым.

Идлиб провинциясындагы эң көп чет өлкөлүк жихадчылар - ыдырап кеткен Советтер Союзу мамлекеттеринен жана Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунан баргандар.

Буга чейин "Хейат Тахрир ал-Шам" тобуна байланышы бар Идлибдеги орус тилдүү жихадчылар Сириянын президенти Асадды колдогон күчтөр жана Ирандын шиит согушкерлерине каршы туруштук беребиз деп жарыялаган. Алар Идлибди "Шамдын бошотулган аймагы" деп санайт.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

"Түркистан Ислам партиясы" Идлибдеги жихадчыл топтордун бири. Бул топ 1980-жылдары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда "Чыгыш Түркистан Ислам кыймылы" деп аталган. Жихадчыл топ атын "Түркистан Ислам партиясы" деп өзгөртүп, 1997-жылдан бери Ооганстанда иш алып барганы маалым.

Бул топ "ал-Каида" жана Талибан кыймылы менен тыгыз мамиледе. 2012-жылы уйгур согушкерлери Идлиб аймагына көчүп келип, Сириянын өкмөт күчтөрү менен салгылашууларды жүргүзүүдө. Идлиб провинциясындагы Жиср ал-Шугур шаарында сегиз миңден он миңге чейин уйгур согушкерлери бар экени айтылууда.

"Катибат ал-Таухид ва ал-Жихад" тобунун дагы "ал-Нусра Фронт" менен "ал-Каидага" байланышы бар. Жихадчыл топ негизинен Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келген согушкерлерден турат. Бул топту Абу Салах (Сирожиддин Мухтаров) башкарат. Куран боюнча билими терең, чечендик өнөрү жана лидерлик сапаттары бар Абу Салах Ош шаарында туулган. Ал "ал-Каиданын" идеологиясын агрессивдүү жайылтканы менен белгилүү.

«Катибат аль-Таухид джихаддын» лидери - Абу Салах

Сүрөттүн булагы, MODERNDiplomacy.eu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, «Катибат аль-Таухид ва аль-Жихаддын» лидери - Абу Салах

Абу Салах 2016-жылы Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине болгон кол салууну уйгур террордук топтор менен бирге уюштурган деп айтылат.

Ошондой эле Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 2017-жылдын апрель айында болгон Санкт-Петербургдагы террордук чабуулду дагы уюштурду деп айыпташкан. Бул топто төрт жүзгө чукул согушкер бар. Алардын көбү теги өзбек жихадчылар.

"Катибат-имам ал-Бухари" тобу болсо Ооганстанда түзүлгөн. "Өзбекстан ислам кыймылы" Талибандарга кошулгандан кийин "Катибат-имам ал-Бухари" тобу түптөлгөн. 2012-жылы Сириядагы жарандык согуш башталганда, бул топ Идлиб провинциясындагы салгылашууларга кошулган. Учурда жихадчы топтун бир бөлүгү Ооганстанда жайгашкан. Бул топту тажикстандык теги өзбек Абу Юсуф Мухожир башкарат.

Сирияда "Катибат-имам ал-Бухари" тобунун үч жүз элүүгө чукул согушкери бар. АКШ бул топту 2018-жылы март айында террордук деп таанып, тыюу салган.

"Катибат-имам ал-Бухари" тобу "ал-Каидадан" бөлүнүп кеткени менен, радикал идеологиясы өзгөргөн эмес. "Хейат Тахрир ал-Шам" тобу менен "Сириянын боштондук фронту" аймакта таасир талашканда, "Катибат-имам ал-Бухари" салгылашууларга аралашпай, ортомчу болуп чыккан.

Идлибде Орусиянын Кавказ аймагы менен Грузиядан барган бир нече "чечен топтору" дагы бар. Бул топтордун көбү "Хейат Тахрир ал-Шамга" кошулган. Алардын саны Борбор Азиядан барган согушкерлерге салыштырмалуу кыйла аз. "Чечен топторунун" бирдиктүү идеологиясы жок болгондуктан, алар Сириядагы араб оппозициячыл күчтөргө кошулган эмес. Бул радикал топтор дүйнөлүк жихад идеологиясын дагы кабыл алган эмес.

A bulldozer clears the rubble of a building destroyed by government bombardment on the rebel-held town of Urum al-Kubra, Syria (11 August 2018)

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жети жылга созулган жарандык согуштан улам Идлибдеги турак жайлардын көбү талкаланды

Кытай, Борбор Азия жана Кавказдан барган жихадчылардын эки окшоштуктары бар.

Биринчиден, бул топтордун түздөн-түз "ал-Каида" менен байланышы бар жана алар экстремисттик топтун башчысы Айман ал-Завахирини лидери катары санайт.

Экинчиден, бул топтор Сирияда "Хейат Тахрир ал-Шам" тобу менен бирге иш алып барат. Өзбек менен уйгур согушкерлери "Хейат Тахрир ал-Шам" тобунун маанилүү мүчөлөрү. Борбор Азиядан барган жихадчылар "Хейат Тахрир ал-Шам" тобун "ал-Каида" менен байланыштырып турат.

Идлибден чыгып кетүүгө аргасыз болушса, борборазиялык жихадчылар каякка барат?

Сочи меморандумга кол коюлгандан кийин, Идлибдеги жихадчылардын тагдыры Түркиянын колунда. Келишимге ылайык, Түрк армиясы 15-октябрга чейин де-эскалация зонасын түзүшү керек. Демек, чет өлкөлүк жихадчыл топтор аймакты бошотуп берүүгө тийиш.

A wall along the border between Turkey and Syria at the Syrian town of Atimeh, Idlib province (10 October 2017)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркия үч миллионго чукул сириялык качкындарды кабыл алган

Кавказ жана Борбор Азиядан барган жихадчылар Түркиянын кысымына "Хейат Тахрир ал-Шам" тобунун буйругуна жараша жооп кайтарат. Бул топ Идлибдеги мыкты куралданган жана чоң деп саналган топтун артынан иш аракет кылаары анык.

Эгерде "Хейат Тахрир ал-Шам" тобу багынып, куралданрын өткөрүп, Түркия колдогон "Улуттук боштондук фронтко" кошулса, чечен, өзбек, тажик жана кыргыз жихадчылар Идлибде кала берет. Алар дагы "Улуттук боштондук фронтко" кошулуу амалын көрөт. Бирок Орусия жана Кытайдан барган жихадчылар ага каршы болот. Бул радикал топтор Анкарадан башка аймакка чыгып кетүү талабын коюшу ыктымал.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 3

Ал эми "Хейат Тахрир ал-Шам" тобу курал-жарагын өткөрүп берүүдөн баш тартса, Түркиянын армиясы Идлибде аргасыз күч колдонот. Түрк армиясы аскердик операциясын баштаса борборазиялык жана түндүк кавказдык жихадчылар салгылашууларга катышпайт деп жоромолдонууда. Алар Идлибден Ооганстанга жер которуп, Талибан кыймылына кошулушу ыктымал. Өзбек жана уйгур жихадчылары биртууган деп санаган түрктөрдүн өтүнүчүнөн улам куралдарын таштабайт. Алар диний-саясий-жихадчыл идеологиясын тандайт.

Эгерде "Улуттук боштондук фронт" Түркиянын жардамы менен Идлибдеги негизги оюнчуга айланса, Москва менен Анкара чечен жана борборазиялык жихадчыларды жок кылуу үчүн биргеликте аскердик операцияларды ишке ашырышы да ыктымал.

Демек, борборазиялык жихадчылардын тагдыры жакын арада чечилет.