Ил-20 инцидентине жооп катары Россия Сирияга С-300 зениттик комплекстерди берет

комплексы С-300

Сүрөттүн булагы, Sergei Bobylev/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, C-300 зениттик комплекс

Россия Сирияга С-300 комплекстерин бере турганын жарыя кылды. Москва мурда Израилди карап, бул куралдарды берүүдөн карманып келгенин Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди. Израил авиациясынын соккуларынан улам Сириянын абадан коргонуу күчтөрү орустардын Ил-20 согуштук учагын атып түшүрүп алган окуядан кийин Москва ушундай кадамга барып жатат.

Ил-20 учагы менен болгон инциденттен кийин Москванын жообу тийиштүү деңгээлде болорун президент Путин мурдарак өзү да айткан эле. Ал эми ММКлардын кабарына караганда С-300 абадан коргонуу системасы Израилди өзүнүн учактарынын согуштук маневрларын чектөөгө аргасыз кылат деп жатышат.

Шойгу дагы ушунун өзүн ырастады. Сириянын куралдуу күчтөрүно эки аптанын ичинде заманбап зениттик ракеталык комплекс С-300 берилет. Ал абада 250 км алыстыкка чейин кол салган учактарды тосуп алып, бир эле учурда абадан бир нече бутаны кыйратканга кудуреттүү,- деди Шойгу:

"Баса белгилейин, 2013-жылы биз Сирияга С-300 комплексин жөнөтүүгө даярдап коюп, Израил тараптын өтүнүчү менен токтотуп койгонбуз. Сириялык аскерлер керек болсо тийиштүү даярдыктан өтүп коюшкан. Бүгүн кырдаал өзгөрдү. Анда биздин күнөөбүз жок. Бул чаралар ээн баштарды эсине келтирип, биздин аскерлерге коркунуч келтирген ойлонулбаган аракеттердин алдын алат деп ойлойбуз».

Министрдин айтымында, С-300 комплекстери Сириянын абадан коргонуу кубатын күчөтөт. Андан сырткары Cирия армиясынын командалык пункттары менен абадан коргонуу бөлүктөрүнө буга чейин Россиянын Куралдуу күчтөрүндө гана болуп келген башкаруу системалары коюлат. Ал өз кезегинде абадан коргонуу системаларын жакшы башкарып, асмандагы кырдаалга байкоо салып турганга жардам берет. (КC)