Орусиялык чалгынчы учакты Сирия атып түшүргөн

Орусиялык Ил-20 чалгынчы учагы Сириянын Абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги маалымат таратты. Латакияга израилдик учактар абадан чабуул жасагандан сириялык күчтөр кокусунан адашып орусиялык учакты атып алышкан.

Ил-20

Сүрөттүн булагы, ALAMY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ил-20 - радиоэлектрондук чалгынга жана радиоэлектрондук күрөшкө багытталган.

Орусиялык учактын бортундагы 15 аскер кызматкери мерт кеткени айтылды. Чалгынчы учак Жер Ортолук деңиздин үстүнөн учуп бараткан учурда радардан жоголуп кеткени айтылган. Маалыматтарга караганда, учак 17-сентябрь күнү болжолу саат 23:00дө Хмеймим авиабазасына кайткан мезгилде жоголгон. Мунун алдында болжолу 22:00дө Израилдин Аба күчтөрүнө таандык төрт F-16 аскер учагы Латакия провинциясына чабуул жасаган.

"Орусиялык учакка жашырынган израилдик учкучтар аны Сириянын Абадан коргонуу системасынын огуна дуушар кылды",-деди Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.

Генерал Конашенков белгилегендей, аба чабуулдары тууралуу Сириядагы орусиялык аскер күчтөрү кабардар болгон эмес.

Мунун алдында Сириянын мамлекеттик САНА маалымат агенттиги Абадан коргонуу системасы Латакия провинциясына деңиз тараптан атылган ракеталарды кармаганын билдирген эле. Алардын бир нечеси атып түшүрүлүп, максатына жеткен эмес деп айтылган маалыматта.

Батыш ММКлары тараткан кабарлар

Си-эн-эндин коопсуздук боюнча кабарчысы Райан Браун АКШнын расмий чөйрөсүндөгү булактарына шилтеме берип, орусиялык чалгынчы учагын Сириянын Абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөн болушу мүмкүн экенин айтып чыккан.

"АКШ аскер жетекчилери сириялык зениттик система Латакияга жолдонгон израилдик ракеталарды атып түшүрөм деп, орусиялык чалгынчы учакты кокустан атып алган деп эсептейт",-деп жазды "Твиттер" баракчасына.

Вашингтон орусиялык учакты Сириянын Абадан коргонуу күчтөрү адашып атып алган деген пикирде. Бул тууралуу жашыруун булактарына таянып Рейтер агенттиги дагы жазып чыкты.

Пентагондун расмий өкүлү Сириядагы соккуларга АКШнын тиешеси жок экенин билдирди.

Хеймим авиaбазасынан күнүгө бир нече орусиялык аскер учактары аскердик тапшырма менен учуп чыгат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хеймим авиaбазасынан күнүгө бир нече орусиялык аскер учактары аскердик тапшырма менен учуп чыгат.

Орусиянын Сириядагы жоготуулары

Ушул жылдын май айында Сирияда орусиялык Су-30СМ аскер учагы кулап тушүп, эки учкуч каза тапкан. Кырсыктын себеби катары, болжолу учактын кыймылдаткычына канаттуу келип урунганы айтылган эле. Ошол кезде Сирияда кыйроого кабылган орусиялык учактардын саны жалпы жетиге жеткени айтылганы бар.

Мунун ичинде Түркия атып тушүргөн Су-24 аскер учагы бар. Андан кийин быйылкы жылдын февралында Идлибде согушкерлер Су-25 аскер учагын атып түшүрдү. Ушул жылдын март айында Сириянын Хмеймим аба базасына конуп жаткан учурда транспорттук Ан-26 учагы кырсыкка учурап, 39 киши мерт болгон.

Сириядагы операция учурунда 90го жакын аскер кызматкери каза тапканын орус тарап расмий моюнуна алган.

Орусия 2015-жылы күз айында Сирия президенти Башар Асадды колдоп, өз операцияларын баштаган эле. Үч жыл ичинде орусиялык авиациянын жана ирандык аскерлердин колдоосу менен Башар Асад Идлибден башка аймактын баарын көзөмөлдөөгө жетишти.

Жакында эле Сочиде орус-түрк президенттеринин жолугушуусу өтүп, Владимир Путин менен Реджеп Тайип Эрдоган Идлибде каршылаш эки тарапты ажыраткан демилитаризациялык буфер аймагын түзүүнү макулдашты. (AbA)