Сирияда орусиялык учак кырсыкка кабылып, 32 киши мерт кетти

Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, Сириянын Хмеймим аба базасына конуп жаткан учурда транспорттук Ан-26 учагы кырсыкка учурады. Учактагы 32 киши мерт болгон.

fy-26

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ан-26 учагы.

Министрликтин маалыматында учак Хмеймим аба майданындагы учуучу тилкеге жетпей 500 метрден жерге кулап түшкөнү айтылды.

Коргоо министрлиги Ан-26 "эч кандай ок атууга кабылган эмес" деп айтты. Кырсык Москва убактысы боюнча 15:00дө катталды. Учактын бортунда 26 жүргүнчү жана экипаждын алты кызматкери болгон.

Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн Коргоо министрлиги атайын комиссия түзөт. Алдынала маалыматтарга караганда, кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн.

Сирияда орусиялык авиацияга байланышкан окуя 3-февралда катталаган эле. Анда Идлиб провинциясында Орусиянын аба-күчтөрүнө таандык Су-25 аскер учагы атып түшүрүлгөн. Учактан секирип кеткен учкуч согушкерлердин курчоосунда калып, өзүн граната менен жарыдырып жиберген.

Көп кишинин өмүрүн алган кырсык 2016-жылдын декабрында болду. Андан Сирияга багыт алган Ту-154 учагы Сочиде кырсыкка кабылган эле. Учактагы 92 кишинин баары каза тапкан.

Ан-26 - аскердик-транспорттук учак. Ал аскер техникаларын жана аскерлерди жеткирүүгө ылайыкташкан. Азыркы учурда бул учакты такай колдонуп жүргөн негизги өлкө бул Орусия (100дөн ашуун ушундай учагы бар). Ошондой эле Кытайдын аба-күчтөрүндө 20га чукул ушундай үлгүдөгү учак бар, андан сырткары Украинада (20га жакын) бар. (AbA)