Чалгынчы учактын кыйрашы: Путин менен Нетаньяху ыкка келди

Сүрөттүн булагы, Сорокин Донат/TASS
Президент Путин менен Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху Сирияда россиялык Ил-20 чалгынчы учагынын кыйрашын талкуулап, инцидентти иликтөө жөнүндө бүтүм кылышты.
Путин россиялык учактын атып түшүрүлгөнү коопсуздук протоколдорун аткарбагандыктын айынан болду деп айтты, Нетаньяху Москвага Израилдин согуштук аба күчтөрүнүн командачысын жөнөтүүнү сунуш кылды.
Сөз үстүндө Нетаньяху россиялык 15 жоокердин курман болгону боюнча көңүл айтып, бирок кыйраган учак үчүн сириялык армия жооптуу деп айтты.
"Премьер-министр инцидентти иликтөө үчүн зарыл болгон маалыматтын баарын Россияга бергенге даяр экенин билдирди жана Москвага согуштук аба күчтөрүнүн командачысын жиберүүнү сунуш кылды»,-деди Израил премьеринин өкүлү.
Путин өз кезегинде Россия менен Израилдин ортосундагы коркунучтуу инциденттердин алдын алуу жөнүндөгү келишимдер аткарылбагандыктан учактын атып түшүрүлгөнүн айтып, аны 2015-жылы россиялык СУ-24 согуштук учагын түрк согуштук күчтөрү атып түшүргөн окуя менен салыштырбоо керек деди.
«Анда түрк истребители биздин учакты атайын атып түшүргөн. Бул жерде кайгылуу кокустук кырдаалга окшоп турат, анткени Израил учагы биздикин аткан жок»,-деди ал.
Путин менен Нетаньяхунун телефондогу сүйлөшүүсү Израил тараптын демилгеси менен болду.

Сүрөттүн булагы, Maxim Kuzovkov/TASS
Трагедиялык кокустуктар Израил Латакиядагы буталарга ракеталык сокку уруу жөнүндө чечим кабыл алган учурдан башталат. Израил тарап билдиргендей, Ирандан "Хезболла" шиит тобуна курал өндүрүшүн өткөрүп берүүгө даярдык көрүлүп жаткан учурда аскердик объектилерге сокку урулду.
Израиль Сирияда Ирандын болуп жатканын өзүнүн мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч катары карайт, ошондуктан Нетаньяху Путинге телефондогу сөзүндө израилдик күчтөр мындай буталарга сокку урууну уланта берерин билдирди.
"Хезболла" көп өлкөлөрдө, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Израил жана Араб өлкөлөрүнүн лигасы тарабынан, Европанын бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм болуп таанылган.
Россиялык чалгынчы учак кыйраганда он беш орус аскери курман болду. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча дүйшөмбүдө 17-сентябрда саат 22.00 дө Израилдин F-16 төрт истребители Латакия провинциясындагы объектилерге авиациялык бомба менен сокку урушкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Израилдик учкучтар россиялык учак менен калкаланып, аны Сириянын абадан коргонуу күчтөрүнүн соккусуна салып беришти. Натыйжада F-16 караганда үстү даана көрүнгөн Ил-20 С-200 ракеталык комплекси менен атып түшүрүлдү»,-деп билдирди Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.
Конашенковдун айтымында, F-16 учагынын учкучтары жана Израилдин согуштук учактын башкаруу күчтөрү "беш километр жердеги бийиктиктен конгону жаткан россиялык учакты көрбөй калышы мүмкүн эмес эле", бирок алар "атайы ушундай чагымчылдыкка барышты".
Андан кийин Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва Израилдин согуштук аба күчтөрүнүн бул аракетин жоопсуз калтырбайт деп билдирди.








