Трамп Кытайдын “тарбиялоо лагерлери” боюнча эмнеге үн каткан эмес?

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ президенти Трамп Шинжаң аймагындагы "тарбиялоо лагерлери" боюнча Кытай расмийлерин кошумча санкцияга алуудан тартынганын мойнуна алды. Буга "соода келишимине" жакындап калганы себеп болгон.
Дональд Трамп Axios жаңылыктар агенттигине "эң мыкты келишимге" жетүү үчүн "кошумча санкция" жарыялоого мүмкүнчүлүк жок болгонун билдирди.
"Сүйлөшүүлөрдүн ортосунда кошумча санкция жарыялоо туура эмес. Биз көп эле санкцияларды жарыяладык. Кытайдын товарларына бажы тарифтерин көтөрдүк, бул башка санкцияларга караганда кыйла коркунучтуу",-деди Трамп.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Кытайдын "тарбиялоо лагерлеринде" миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка этникалык азчылыктары кармалып турганы боюнча маалыматтар бар. Сотсуз жана тергөөсү жок эле мусулмандарды эркинен ажыратып жатат деген дооматтарды бийлик четке кагып келет. Бээжин бул кишилер терроризм жана экстремизмге каршы туруу үчүн өз ыктыяры менен "кайра тарбиялоо мектептеринен" өтүп жатканын айтууда.
Бул көйгөйгө президент Трамптын мурдагы кеңешчиси Жон Болтон дагы өз китебинде маани берген. Ал жазгандай өткөн жылы Трамп Си Цзиньпин менен жолукканда "тарбиялоо лагерлерине" каршы эмес экенин айтып, "туура эле жасап жатасың" деп кубаттаган. АКШ лидери бул дооматтарды четке кагып келет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Шинжаңда эмне болуп жатат?
Укук коргоочулар Кытайдын Шинжаң аймагында эч кандай сот жана тергөөсү жок эле жүз миңдеген мусулмандарды камакка алынганын айтууда.
Бээжин дооматтарды четке кагып, мыкты кайтарылган жайларды экстремизм менен күрөшкөн "билим берүү борбору" катары көрсөтүп, ага шинжаңдыктар өз ыктыяры менен келип жатканын маалымдоодо.
Кытай бийлигинин тарбия өнөктүгү 2017-жылы башталган. Анда коммунисттик партияга жакын адамдар уйгур жана башка азчылыктардын үйлөрүн кыдырып, маалымат чогулткан. Мисалы, үйдө канча куран бар экени же алар кандай кийинип жатканы жазылган.
Өткөн жылдын аягында Кытай бийлиги "билим берүү борборлорундагы" окуу бүткөнүн жарыялаган. Бирок бул "тарбия лагерлери" жабылды дегенди билдирбейт. "Тарбиялоо лагерлеринен" бошогон он миңдегендер Кытайдын булуң-бурчундагы заводдордо бекер иштеп жатканы боюнча маалыматтар бар. Бээжин алар ишке өз ыктыяры менен барып жатканын айтууда.










