Кытайдын жаңы беш жылдык планында ислам дини "кытайлаштырылабы"?

Xinjiang

Сүрөттүн булагы, JOHANNES EISELE/AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай бийлиги өлкөдөгү мусулмандарга карата көзөмөлдү күчөтүп, чоң өнөктүк жүргүзүүдө

Кытай бийлиги өлкөдөгү мусулмандарга карата көзөмөлдү күчөтүп, чоң өнөктүк жүргүзүүдө. Жаңы жазылып, жакын арада жарыяланат делген беш жылдык планда Бээжин ислам динин "кытайлаштырууга" же Коммунисттик партиянын баалуулуктарына жакындатууга аракеттенет.

Деген менен жаңы беш жылдык план тууралуу кеңири маалымат бериле элек. Бирок Кытайдын Ислам ассоциациясы 6-7-январда жыйын өткөрүп, жаңы беш жылдык тууралуу интернет баракчасына жарыялады. Жолугушууга Бээжин, Шанхай жана Кытайдын алты провинциясынан келген мусулмандардын өкүлдөрү катышты. Бирок басымдуу бөлүгү мусулмандарды түзгөн Шинжаң аймагынын өкүлдөрү келген эмес.

Кытай бийлигинин жаңы кадамдары дүйнө коомчулугунун каршылыгына кабылышы турган кеп. Буга чейин Кытай Шинжаң аймагында уйгур жана башка мусулман азчылыктарын атайын тарбиялоо лагерлерине жөнөтүп жатканы кескин сынга кабылган.

Кытай лидери Си Цзиньпин 2015-жылы чет жактан кирген ислам, христиан жана буддизм диндери толкундоолордун булагы болушу мүмкүн экенин айтып, аларды "кытайлаштыруу" зарыл экенин белгилеген. Эми Коммунисттик партия төраганын сунушун ишке ашыруу үчүн долбоор даярдаган болушу мүмкүн.

Жаңы беш жылдык эмнени камтыйт?

Жаңы долбоор ислам динин "кытайлаштырууга" аракеттенет. Кытайдагы мусулмандардын расмий мекемеси болгон Кытайдын Ислам ассоциациясынын айтымында, беш жылдыкта динди коммунисттик баалуулуктарына айкалыштыруу аракети жасалат.

Кытайдын бийлигине өлкөнүн батыш провинциясы

Сүрөттүн булагы, JOHANNES EISELE/AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шинжаңда эч кандай сот жана тергөөсү жок эле миңдеген мусулмандар камакка алынды деген дооматтар айтылууда

"Ислам динин кытайлаштыруу - андагы ишенимди, эрежелерди же идеологияны өзгөртүү эмес, социалисттик коомдун баалуулуктарына шайкеш келтирүү дегенди билдирет", -деди Бээжинде жайгашкан Кытай Ислам институтунун өкүлү Гао Жанфу.

Окумуштуу Global Times гезитине берген маегинде, жаңы беш жылдыкта эмне күтүлөөрүн ишарат кылды. Мисалы, өлкөдөгү мусулмандарга "социалисттик баалуулуктар" жана маданиятка байланыштуу мыйзамдар тууралуу атайын лекциялар уюштурулат. Мечиттерге "кытайлаштыруу" боюнча китепчелер таратылат.

Бир жыл мурун христиан динин "кытайлаштыруу" боюнча беш жылдык жарыяланган. Анда өлкөдөгү христиандардарга "социалисттик баалуулуктар", теология, диний билимге болгон көзөмөл жана динди Кытай баалуулуктарын эске алып өнүктүрүү боюнча иш чаралар өткөн. Бээжин филантропия же жардамга муктаж болгондорго көмөк көрсөтүүгө басым жасаган.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Буга чейин ислам динин "кытайлаштыруу" боюнча кандай аракеттер көрүлдү?

2015-жылдагы кайрылуусунда төрага Си Цзиньпин "кытайлаштыруу" боюнча төрт багытты белгилеген. Кытай лидери мыйзамдуулук, динди Марксист көз караш менен өнүктүрүү, коомдогу ынмакты бекемдөө үчүн диндин ролу жана экономикалык өнүгүү тууралуу сөз кылган.

Андан бери Кытайдын Бирдиктүү фронт департаменти мечиттердеги эрежелерди өзгөртүп, ислам динине байланышы бар мекемелер "сижин" же төраганын төрт идеясын таратышы керек деген талап койгон.

Кытайдын тарбия лагерлеринде болуп жаткан иштерди "маданий геноцид" деп аталууда

Сүрөттүн булагы, Kevin Frayer/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын тарбия лагерлеринде болуп жаткан иштерди "маданий геноцид" деп аталууда

Мечиттерге Кытай желеги илинип, ислам динине байланышы бар мекемелерде өлкөнүн конституциясы, мыйзамдары, социализмдин баалуулуктары жана Кытайдын маданий баалуулуктары боюнча китепчелер таркатылып, лекциялар өткөн.

Кытай Ислам ассоциациясы 2018-жылдын май айында бул кадамдарды актоо үчүн Куранга да шилтеме берген.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Ислам динин "кытайлаштыруу" боюнча долбоор өлкөдө кандай чагылдырылды?

Жергиликтүү медиа агенттиктери жаңы беш жылдык план боюнча жаңылыктарды чыгарган жок. Талдоочулар буга таң калып жатканын айтышууда. Себеби, Кытай бийлиги ислам динин "кытайлаштыруу" боюнча көп маалымат тараткан. Бээжин чет өлкөлүк диндерди Коммунисттик партиянын баалуулуктары менен айкалыштырып, өлкөдөгү этникалык-диний экстремизмди жок кылса болот деген пикирде. 2018-жылы бул боюнча кеңири маалыматтар таратылган.

Өкмөт көзөлмөдөгөн Global Times гезити жаңылыкты англис тилинде чыгарып, бирок кытай тилинде чагылдырбаганын, Бээжин дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракет жасап жатат деп бааланууда. Global Times гезити көп жылдан бери Шинжаңдагы курч абал боюнча Кытайдын көз карашын чагылдырып келген. Өзгөчө өткөн жылы аймактагы мусулман азчылыктары куугунтукка алынып жатканы тууралуу маалымат тараганда, Global Times гезити өз маалымат согуш жүргүзгөн.

Global Times Шинжаңдагы атайын лагерлерге барып, аларды "кесиптик билим берүү борборлор" деп атап, дүйнө жүзүнө таанылды. (AT)