“Кытайды эч ким кыстай албайт”: Си Цзинпиндин саясий стратегиялык сөзү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Кытай өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эч убакта башка өлкөлөрдү басмырлоого барбай турганын билдирди. Ал бул жөнүндө реформалар менен ачыктык саясатынын 40 жылдыгына арналган программалык сөзүндө айта кетти.
"Эч ким Кытайга өзүнүн талабын таңуулай албайт"
"Эмне кылыш керектигин же эмне кылбаш керектигин кытай элине таңууланганга эч кимдин укугу жок",-деди Си Цзинпин.
"Кытай эч убакта башка өлкөлөрдүн эсебинен өнүкпөйт, бирок өзүнүн мыйзамдуу таламдары менен кызыкчылыктарынан баш тартпайт. Кытай коргонуу жана өнүгүү саясатын карманат, Кытай бир дагы өлкөгө эч кандай коркунуч туудурбайт, канчалык өнүккөн мамлекет болсок да биз эч убакта гегемонияга умтулбайбыз",-деп билдирди төрага.
Кытайдын төрагасы "ар бир өлкөнүн өзүнүн өнүгүү жолун тандоо эркин, эл аралык адилеттикти коргоо жана эл аралык мамилелерди демократташтыруу, башкаларга өз эркин таңуулоого каршы туруу, башка өлкөлөрдүн ишине кийлигишүүгө, кысымга алууга каршы күрөшүү укуктарын сыйлаш керектигине" токтоло кетти.
"Тынчтыктын байрагын бийик кармайлы"
Си Цзиньпин экономикалык жетишкендиктерге карабастан, Кытай дүйнөлүк гегемонияга умтулган эместигин жана умтулбай тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, Кытайдын адамзаттын келечегин курууга кошкон салымы эбегейсиз.
"Биз өзүбүздүн өнүгүү жолубузда тынчтыктын, өнүгүүнүн, кызматташтыктын байрагын бийик кармашыбыз керек, бүт дүйнөдө тынчтыкты камсыз кылуу боюнча негизги максаттарга умтулуп, жалпы өнүгүүгө колдоо көрсөтүшүбүз керек",-деди Кытайдын лидери.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Экономиканын жеке менчик секторун либералдаштырууну жана Кытайдын эл аралык соодага катышуусун караган реформалар жана ачыктык саясатын 1978-жылы ошол убакта КЭРдин Мамлекттик кеңешинин премьеринин орун басары кызматында турган Дэн Сяопин жарыялаган.
Бул саясий курс ошол убакта Мао Цзэдундун "чоң секирик" саясаты ойрон болгондон кийин Кытай экономикасын модернизация кылуу максатында башталган.
Ушул реформалардан кийин Кытайдын экономикасы ыкчам өнүгө баштап, бара-бара дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи болуп калды.
Бирок азыркы убакта экономиканын өсүшү басаңдай түштү, соңку жылдары Кытай өсүп жаткан карызды азайтуу чараларын көрүп жатат.
"Эбегейсиз жетишкендиктер"
Си Цзиньпиндин сөзүнүн көп бөлүгү Кытайдын соңку он жылдыктардагы "эбегейсиз жетишкендиктерине" арналды.

Сүрөттүн булагы, AFP
"Соңку кырк жылдын жетишкендиктери асмандан түшкөн жок, башкалар тартуу кылган жок, анын баары партиянын жана көп улуттуу өлкөбүздүн бүт калкынын эмгекчил, акылман жана чечкиндүү аракетинен улам болду",-деди Си Цзинпин.
Анын айтымында, соңку кырк жылда социализмде зор секирик жасоого мүмкүн болду, бул Кытайдын "улуу жаңыланууга" келишине жардам берди.
Октябрда Пекин менен Вашингтондун ортосунда соода согушу дүрт эткенде, АКШнын вице-президенти Майк Пенс Кытайды экономиканы либералдаштыруу саясатын жасалма жүргүзүп жатат деп күнөөлөгөн эле.










