Кытай "тарбия лагерлери" жөнүндө түшүндүрмө берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай биринчи жолу өлкөнүн батышындагы Синцзян аймагында түзүлгөн тарбиялык лагерлердин иши жана максат-мааниси жөнүндө биринчи жолу кенен маалымат берди. Бул тарбия жайларында миллионго жакын мусулман калктары бейжазык камалып жатканы үчүн Кытай БУУнун деңгээлинде сынга алынып жаткан эле.
Мурда камакта отургандар жана укук коргоочулар тарбия лагерлери уйгурларды өзүнүн дини менен каада-салтынан кайтууга аргасыз кылган өзүнчө эле бир мыйзамсыз камак жайлары деп жатышат.
Бирок мамлекеттик жаңылыктар агенттиги "Синхуа" жарыялаган интервьюда Синцзяндын өкмөт башчысы бул иштин бир четин ачып, камактагы адамдарды акысыз түрдө окутуп жаткан билим берүү мекемелери жөнүндө сөз болуп жатканын айтты.
Анын айтымында, бул жайлардагы адамдар тамак-аш жана жатакана менен камсыз болушкан, жатканада телевизор, кондиционер жана ысык суу бар.

Сүрөттүн булагы, Tehrantimes.com
Ошол эле убакта өкмөттүк жетекчи окутуу борборлорунун максаты экстремизм менен күрөшүү, ага азгырылгандардын аң-сезимди өзгөртүү экенин да түшүндүрдү. Анын айтымында, адашкандарды реабилитация жана куткаруу жөнүндө сөз болуп жатат.
Кытайдын Шинжан аймагында мусулман азчылыктарын диний негизде куугунтуктоо жаздан бери өзгөчө күч алып, уйгур, казак, кыргыз улутундагыларга ар кандай чектөөлөр коюлуп жатканын"Модерн Дипломаси" журналы жазып чыккан эле. Ошол журналдагы макаланын автору АКШдагы диний экстремизм боюнча изилдөөчү Уран Ботобеков Би-Би-Сиге Кытай бийлиги кысымды күчөтүп жатканын себептери Сириядагы, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө болуп жаткан процесстерге байланыштуу экенин белгилеген эле.
"Бул жакта түрк элдеринен чыккан өзүнчө бир куралдуу топтор бар. Алардын ичинде уйгурлардын эки согушчул тобу бар деп жатышат. Андан сырткары, кыргызстандыктарга, өзбекстандыктарга кошгулган уйгурлардын согушчул топтору бар. Экинчи себеби, бул Кытай компартиясынын он тогузунчу съезди болду. Ошол убакта чоң даярдыктар жүрүп атты. Ошонун астында Си Цзинпиндин кызматтык мөөнөтүн чектөө жөнүндө маселе болду. Бирок ага карабастан, Си Цзинпин бардык бийликти өзүнүн колуна алууга жетишти. Мына ошону алдында террордук кандайдыр бир акциялар болуп кетпесин деген максатта Кытай бийлиги динге болгон басымды күчөттү деген ой бар",-деген Уран Ботобеков. (КС)






