Уран Ботобеков: Бейжин мусулман калкына кысымды күчөттү

2017-жылдын апрель айынан бери Кытайдын Шинжан-Уйгур районунда мусулман калкын кармап-камоолор күч алды.

Сүрөттүн булагы, Tehrantimes.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2017-жылдын апрель айынан бери Кытайдын Шинжан-Уйгур районунда мусулман калкын кармап-камоолор күч алды.
    • Author, Акчолпон Койчиева
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери

Кытайдын Шинжян аймагында мусулман азчылыктарын диний негизде куугунтуктоо жаздан бери өзгөчө күч алып, уйгур, казак, кыргыз улутундагыларга ар кандай чектөөлөр коюлууда. "Модерн Дипломаси" журналы жазып чыккандай, булардын арасында Казакстан жарандыгын алып, Кытайга үйүн сатканы келген адамдар да көп санда кармалып, оңдоп-түзөө лагерлерине жөнөтүлгөн.

Би-Би-Си бул макаланын автору,АКШдагы диний экстремизм боюнча изилдөөчү Уран Ботобековго кайрылып, Шинжанда мусулмандарга кысым күчөп жатканына эмне түрткү болгонун сурады.

У. Ботобеков: Кытай бийлиги кысымды күчөтүп жатканын эки себеп менен түшүндүрөт элем. Бул Сириядагы, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө болуп жаткан процесстерге байланыштуу. Бул жакта түрк элдеринен чыккан өзүнчө бир куралдуу топтор бар. Алардын ичинде уйгурлардын эки согушчул тобу бар деп жатышат. Андан сырткары, кыргызстандыктарга, өзбекстандыктарга кошгулган уйгурлардын согушчул топтору бар.

Экинчи себеби, бул Кытай компартиясынын он тогузунчу съезди болду. Ошол убакта чоң даярдыктар жүрүп атты. Ошонун астында Си Цзинпиндин кызматтык мөөнөтүн чектөө жөнүндө маселе болду. Бирок ага карабастан, Си Цзинпин бардык бийликти өзүнүн колуна алууга жетишти. Мына ошону алдында террордук кандайдыр бир акциялар болуп кетпесин деген максатта Кытай бийлиги динге болгон басымды күчөттү деген ой бар.

Би-Би-Си: Кыргызстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөргө барып келгендер дагы кармалган учурларды айтып жатышат. Бул жөнүндө Казакстандын адам укугу жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросу билдирди. Буга карата Кытай тараптан кандайдыр бир түшүндүрмөлөр болдуубу?

У. Ботобеков: Биз АКШда исламга байланышкан, террорго байланышкан процесстерди анализдегенде, Кытай тараптын өзүнүн дагы көз карашын карап турабыз. Алар репрессиялык чараларды эң биринчи кезекте коопсуздукту сактоо зарылдыгы менен түшүндүрүшөт. Кытай анын үстүнө жабык өлкө болгондуктан, адам укугун басмырлоону сындагандарга биздин ички ишибизиге кийлигишпегиле дегендей терс жооп берет. Ушул жагынан алганда Кытайдын жообу эл аралык коомчулукту ынандыра алгандай болбой жатат.

Би-Би-Си: Кытайга чектеш Борбор Азия мамлекеттери Шиңжаңдагы мусулмандардын укугун коргоо боюнча Бейжинге кандай таасир эте алышы мүмкүн?

У.Ботобеков: Казак бийлиги реакция кылганда, кармалып түрмөдө отурган казактардын кытай паспорту бар, ошон үчүн буларга өзүбүздүн мыйзамдын чегинде чара көрүп жатабыз дегендей жооп болгон. Кыргызстан менен Казакстан кандай таасир эте алышы мүмкүн? Маселен, Казакстандын реакциясына анчалык көңүл бурушкан жок. Ал эми Кыргызстандын ичиндеги кырдаалга карасак, коррупциялык иштерге байланыштуу Кытайдын аты аталып калганда, бул чоң мамлекетти таарынтып албайлы дегендей мамиле болуп жатат. Ушул жагынан алганда, Кыргызстандын Кытайга таасир көрсөтө ала турган чама чаркы жокко эсе.

Кытай акыркы 25 жылда Борбор Азия мамлекеттерине экономикалык таасирин болуп көрбөгөндөй күчөттү. Ошону менен бирге Бейжин Улуу Жибек Жолундагы коңшуларын кредит аркылуу өзүнө көз каранды кылууга жетишти.

Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайга туура келет. Ушул жагын эске алганда, Борбор Азия мамлекеттери Кытайдагы мусулмандардын укугун коргоо боюнча кандайдыр бир чечкиндүү кадамга бара аларынан чоң күмөнүм бар. Андайга алардын духу жана моралдык кудурети жетпейт. Анан калса, Борбор Азия мамлекет башчылары уйгурлардын укугун коргойбуз деп Си Цзиньпиндин «Бир алкак - биржол» долбоорунан кол жууп калгылары келбейт. Негизи адам укугунун бузулушу, сөз эркиндигине чектелиши жана саясый атаандаштарын куугунтуктоо боюнча беш өлкөдөгү абал Кытайдан анчалык жакшы эмес. Анан кантип алар Кытайга сын айтканга батынсын.

Би-Би-Си: Батыш мамлекеттериндеги стандарттарга салыштырганда, Шинжаңда мусулмандардын манжа белгисин алуу, канынын группасын аныктоо, ДНКсын алуу, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүү, артынан электрондук байкоо салуу адамдын жеке эркиндиктерин чектеген, укуктарын тебелеген чаралар көрүлүп жатканы жөнүндө болуп жатат сөз. Мусулман калкына карата мындай куугунтукту токтотуу боюнча дүйнөлүк коомчулук Кытайга кандай таасир эте алат?

У.Ботобеков: Албетте, Кытайда болуп жаткан процесстер дүйнөлүк коомчулукту түйшөлтүп жатат. Мисалы, миллионго жакын уйгурду саясий кайра тарбиялоо борбору, мурдакы термин менен айтканда концлагерлерге жөнөтүп, суроо-соопкутсуз айлап-жылдап кармаган учурлар болуп жатат.

Мен билгенден, Америка Кошмо Штаттары жана Европа өлкөлөрү Кытайга дамамат сын айтып келүүдө. Аны менен бирге БУУ, "Хьюман Райтс Вотч" жана "Уйгур Укук Коргоо Долбоору" (Uyghur Human Rights Project) уюмдары дүйнөлүк коомчулукту Шиңжаңдагы мусулмандардын адам чыдагыс абалына көнүл бурууга чакырып келет. Бирок Кытайдын андай чакырыктарга кулак кагар түрү байкалбайт.

Тескерисинче, Бейжин мусулмандарга кысымды күндөн-күнгө күчөтүүдө, интернет менен уюлдук телефонду колдонууга чектөө киргизүүдө. Бирок бул глобалдуу экономиканын өнүгүшү үчүн жан үрөгөн Кытайдын принциптерине каршы келет.

Маселен, акыркы кезде Америка менен Кытайдын ортосунда «соода согушу» жүрүүдө. Вашингтон өз экономикасын коргоо максатында Кытайдын кээ бир товарларына кошумча салык киргизүүдө. Бейжин болсо глобалдык заманда экономика да глобалдуу өнүгүшү керек, товарларга чек коюу экономиканы изоляцияга алып келет деген аргументтерин айтууда.

Бирок адам укугу, дин жана сөз эркиндиги чыныгы глобалдык баалуулуктардан болуп саналат. Бейжин глобалдык экономика үчүн күрөшөм десе, Шиңжаңдагы мусулмандардын укугу сыяктуу глобалдык баалуулуктарды тепсебеши керек. Ошондуктан адам укугун туу туткан Батыш мамлекеттери Кытайга таасир этүүнүн дипломатиялык эле жолу эмес, экономикалык дагы жолун, санкциялар жолун бирдиктүү түрдө карап чыкса, ал оң натыйжа берет деп ишенем.