2015-жылы 12-июлда Кытайдын батышындагы чөлдүн үстүнөн спутник учуп өткөн.
Тартып алынган сүрөттөрдө боз кумдун арасындагы участок көзгө урунат.
Бирок үч жылдан кийин - 2018-жылдын 22-апрелинде ушул эле райондон тартылган сүрөт такыр башкача көрүнүштө.
Чөлдүн ортосунда бекем кайтарылган комплекс пайда болгон.
Анын айланасы эки чакырымдай дубал менен курчалып, 16 күзөт мунарасы бар.
Кытайда Шинжаңдагы мусулмандар үчүн атайын лагерлер пайда болуптур деген алгачкы кабарлар өткөн жылы айтыла баштады.
Спутник сүрөттөрдөн лагерлерди табууга далил издеген изилдөөчүлөр Google Earth жардамы аркылуу муну байкап калышты.
Бул лагерь Үрүмчүдөн бир сааттай аралыктагы Дабаньчэн деп аталган чакан шаарга жакын жайгашкан.

Полициянын текшерүүсүнөн качуу үчүн биз Үрүмчүгө таң атпай келдик. Анткени полиция сырттан келген журналисттерди сөзсүз бура бастырбасын билебиз.
Дабаньчэнге учуп келгенден кийин, бизди байкоого алып жатышканын билдик. Кеминде беш унаа менен биздин кадамдарыбызды аңдып турушту.
Болжолу лагерь бар деген жерге жетип барышыбыз оңойго турбасын түшүндүк.

Аэропорттон шаарды көздөй багыт алган кенен жолдо баратып, эртеби-кечпи бизди полиция кайгуулу токтотот деп күмөнсүп бараттык.
Күтүүсүз жерден жолдо баратканда бир нече жүздөгөн чакырым аралыктан мунарыктаган имаратты байкадык.
Спутниктен алынган сүрөттөгү участок күл сыяктуу бозоруп алыстан көзгө урунду.

Дабаньчэндеги курулуштун алыстан көрүнүшү
Бул жай жаңы курулуп жаткан чакан шаар сыяктуу көрүнөт. Төрт кабаттуу курулуп жаткан бетон имараттардын жанынан соройгон бийик крандар көзгө урунат.
Жүрүп жаткан курулушту сүрөткө тартып алууга аракет кылдык. Бирок полиция унааларынын бири бизди токтотту. Камераны өчүрүп, унаадан чыгууга буйрук кылышты.

Деген менен биз жашыруун курулуштун масштабдуу көрүнүшүнө күбө болдук. Мындай алыскы райондор Google Earth спутник картасында айлап жаңырбай калышы мүмкүн.
Спутник сүрөттөрүн башка булактардан, айталы, Европа космикалык агенттигинен деле алса болот. Алардагы сүрөттөрдүн көлөмү кичине болгондуктан даана көрүнүштөрдү алуу кыйын.
Биз издеген дал мына ушул жерде экен. Бул жерден чоң лагерди көрөбүз деп күткөнбүз. Андан да масштабдуу курулушка күбө болдук.
Акыркы жылдары бүтүндөй Шинжаң боюнча курулуп жаткан коллония сыяктуу комплекстердин бири эле болсо керек.
Мындай лагерлердин дагы бирөөсүнө жөнөп кетиштен мурун, Дабаньчэндин борбордук бөлүгүнө токтоону эп көрдүк.
Кимдир бирөө менен ачык сүйлөшүү мүмкүн эмес. Бизге көз салып тургандар ар бир кадамбызды аңдып турушту. Ошондуктан айрымдар биздин саламыбызга деле алик алган жок.
Ал жерде он миңдеген кишилер бар (тарбиялоо мектептеринде) ...Алардын ойлорунда мандем бар.
Ошентип биз бул эмне болгон жай экенин акырындап сураштыра баштадык. Бийлик сүрөткө тартууга көөшөрө каршылык билдирген 16 мунаралуу чоң комплекс эмне болушу мүмкүн?
“Бул кайра тарбиялоо мектептери”,-деди мейманканалардын биринин администратору.
“Ооба, бул тарбиялоо мектептери”,-дейт соодагерлердин бири.
“Ал жерде мандемдүү ой-пикири бар он миңдеген кишилер бар”.
Бул өтө чоң комплексти, албетте, мектеп деп атоо акылга сыйбат. Шинжаңда болсо, “мектепке баруу” деген сөз такыр башка түшүнүккө ээ болгон.
Шинжаңда 10 млн чамалуу уйгурлар бар.
Алардын сырткы келбети Борбор Азия тургундарына түспөлдөш жана түрк тилдүү эл.
Кытайдын түштүгүндөгү Кашкар шаарын көп учурда географиялык жактан Бээжинге караганда Багдадга жакын деп айтышат. Бул биринчи кезекте эле алардын маданиятынан байкалып турат.
Чөлкөмдүн кытай башкаруучуларына каршы көтөрүлүштөрү жана күрөшү узак тарых.
Уйгурлар Бээжин бийлиги менен мамилеси кээ учурда морт болсо, кээ учурда өтө ысык ымалада болгон.
Шинжаң коммунисттик бийлик орногонго чейин, кыска мөөнөткө болсо дагы көз карандысыздыкка жетишкен.

2013-жылдын октябрь айы. Тяньаньмэнь аянтында унаа менен кол салуу болуп эки киши мерт кеткен.
Чөлкөмдүн жаратылыш байлыктары Германиянын жалпы аянтынан беш эсе чоң. Өзгөчө мунай жана газ байлыктары Кытайдын ири инвестициясын өзүнө тартты.
Экономикалык жактан өсүү болуп, өлкөнүн башка аймактарынан дагы көчүп келгендер көбөйгөн.
Ошол эле мезгилде уйгурлар арасында каршылык маанай жаралды. Алар кен-байлыктардан түшкөн киреше тең бөлүнбөй жатат деп нааразы болушкан. Мындай сын-пикирлерге Кытай бийлиги аймактагы элдин жашоо-шартынын жакшырганын мисал катары көрсөткөн.
Ошого карабастан, соңку жылдары кландар ортосундагы кагылышуу жана башаламандыктардан жүздөгөн кишилер мерт болду. Пландалган кол салууларга полиция катаал жооп кылды.
2013-жылы үч уйгур Тяньаньмэнь аянтында теракт жасап, унаасы менен жөө жүргүнчүлөрдү сүздүрүп, эки киши каза тапкан.
Кол салгандардын үчөө тең атып өлтүрүлгөн.
Бул кол салуу кытай бийлигин катуу сестентти.

Куньминдагы кол салуудан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөн
Бир жылдан кийин бычак менен куралданган уйгурлар Кытайдын Куньмин шаарындагы бекетте кандуу булоон кылды. Куньмин Шинжаңдан 2000 км алыстыкта. Кол салуудан 31 киши каза тапкан.
Кытай өкмөтү буга чечкиндүү реакция жасады. Кийинки төрт жыл аралыгында Шинжаңда эң катаал чаралар колдонулду. Бул үчүн заманбап технологиялар кеңири ишке тартылды: жүзүнөн таануу, чөнтөк телефондордо эмне бар экенин сканер аркылуу аныктоо, биометрикалык маалыматтарды массалык түрдө жыйноо.
Бийлик исламды жактаган демонстрацияларга катуу жазаларды жана чектөөлөрдү киргизди.
Чектөөлөрдүн арасында узун сакал өстүрүү, жүзүн жаап жүргөн жоолук, балдарды мусулманча тарбиялоо жана ал тургай мусулманча ысым берүүгө дагы тыюу салынды.

Мындай чаралар мамлекеттик мамиленин түп тамырынан өзгөргөнүн билдирет: сепаратизм мындан ары кандайдыр бир топтун арасындагы эмес, уйгур маданияты жана жалпы эле исламдагы кубулуш катары карала баштады.
Кырдаал КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин катуу тартипке басым жасаган учуруна туш келди. Үй-бүлө же ишеним - Коммунистик партияга болгон берилүүдөн жогору турбашы керек.
Бийликтин мындай мамилеси жүздөгөн уйгурлардын куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан Сирия аймагына чыгып кетишине түрткү болуп калды.
Жыйынтыгында уйгурлар этникалык өзгөчөлүгүнө карап катуу текшерүүгө алынып, атайын текшерүүдөн өтүшөт. Ал эми кытайларды мындай текшерүүгө алган тосмолордон сырткы кебетесине карап эле өткөрүп жиберишет. Аларга маани деле беришпейт.

Кашкардагы блокпост, 2017-жылдын марты
Уйгурлардын жүргөн-турганы Шинжаңдан баштап, бүт өлкө боюнча чектөөлөргө кабылды. Аларды паспортторун “ишенимдүү сактап коюш үчүн” полицияга өткөрүп берүүгө милдеттендирип жатышат.
Расмий кызматтардагы уйгурларды болсо, ислам дининен алыс болууга милдеттендирип, орозо кармоого жана мечитке намазга барууга тыюу салышкан.
2002-жылы Рейила Абулаити Шинжаңдан Улуу Британияга окууга келген. Киийн британдык жаранга турмушка чыгып, ушул өлкөнүн жарандыгын алат.
Өткөн жылы анын апасы небересин көрүү үчүн Лондонго келген. Апасы 66 жаштагы Шамшинур Пида мыкты билимге ээ. Ал көп жылдар бою Кытайдын мамлекеттик компаниясында инженер болуп иштеген.

Шамшинур Пида
Шамшинур Пида Шинжаңга 2-июнда кайтып кеткен.
Апасы кабарсыз болуп кеткенден кийин, Рейила телефон чалып эмне болгонун билүүгө аракет кылат.
Алардын сүйлөшүүсү узакка созулган эмес жана калтаарып корккону байкалган.
“Апам мага полиция үйдү тинткенин айтты”, -деп эскерет Рейила.
Анын себеби - Рейила болгон экен. Апасы ага өздүк документтеринин көчүрмөсүн салып жиберишиң керек деп айтыптыр.

Рейила Абулаити
Шамшинур кызына өздүк документтеринин баарын кытай мессенджери аркылуу жөнөтүп жибер деп айтканда, Рейила эмне кылышын билбей калган.
“Мага башка телефон чалба, эч качан”,-деп айтыптыр апасы.
Алардын акыркы сүйлөшүүсү ушундай болгон.
Рейила апасын ошондон бери лагерде кармап турушат деп ойлойт.
“Апамды эч кандай себепсиз эле кармашкан. Менин түшүнүгүмдө, кытай бийлиги уйгурлардын иденттүүлүгүн жер менен жексен кылып, жоготкусу келет”,-деди ал.
Би-би-си чет өлкөдө жашаган уйгурлардын көпчүлүгү менен сүйлөшүүгө аракет кылды.
Алардын лагерлер тууралуу жана камоолор боюнча айтып бергендери бири-бирине окшош.
Тарбия лагерлерине алып кетиш үчүн аз эле нерсе жетиштүү: динчил жашооо образы, чет жакта жашаган уйгурлар менен мамилеси болсо, аларды лагерге алып кетишет.

Аблет Турсун Тохти
29 жаштагы Аблет Турсун Тохтини күн сайын таң атаардан бир саат алдын ойготушчу.
Башка лагердегилер сыяктуу эле анын дагы эрте мененки дене көнүгүүлөрү үчүн катарга туруп калышка бир минута убактысы бар эле.
Катарга тизилгенден кийин аларга чуркоо үчүн буйрук беришет.
“Ылдам чуркай албагандарды жазалаган атайын бөлмөлөр бар эле. Бирөөсү кур кармап турчу, экинчиси бут менен тепкилейт”,-деп айтып берди Аблет.
Шинжаңдын түштүгүндөгү Хортан шаарындагы лагердеги дене көнүгүүлөрүн аткаруу үчүн тизилгендер спутниктен алынган сүрөттө даана көрүнүп турат.
“Биз лагерде “Компартиясыз жаңы Кытайдын болушу мүмкүн эмес” деген ырды ырдачубуз. Бизге Кытай мыйзамдарын мажбурлап окутушту. Эгер ким жатка айтып бере албаса, аны ур-токмокко алышат”,-деп эскерет Аблет.

Аблет кармалып турган Хотандагы лагердин спутниктен алынган сүрөтү, 2018-жыл.
Ал лагерде 2015-жылдын соңунда бир ай кармалып, кийин оңдой берди болуп бошоп калган.
“Тарбиялоо курстары” алгачкы жолу кыска мөөнөткө эле өткөрүлүп келген.
Соңку эки жылдан бери мындай лагерлерден бошоп чыккандар тууралуу бир дагы кабар айтылган жок.
Андан бери уйгурлардын паспортторун массалык түрдө алып салышты. Аблет акыркылардан болуп Кытайды таштап чыгып кеткендердин бири.
Ал уйгур диаспорасы көп жашаган Түркиядан башкалка сураган.
Аблеттин айтымында, анын 74 жаштагы атасы жана сегиз бир тууганы лагерде. “Эч кимиси эркиндикте калган жок”,-дейт.
Абдесалам Мухемед 41 жашта, Түркияда жашайт.
Ал тажияда курандын сүрөөсүн окуганы үчүн Шинжаңдын полициясы камакка алган. Кийин ага айып тагышкан эмес, бирок бошотушкан дагы жок.
Абдесалам Мухемед
“Сени тарбиялаш керек деп айтышты”, -деп түшүндүрдү.
Бирок аны жөнөтүшкөн жай мектепке окшобойт эле.
Спутниктен алынган сүрөттөрдөн күзөт мунараларын көрүүгө болот. Кумга түшүп турган көлөкөдөн тикен зым менен курчалганын болжойсуң.
Абдесалам лагердеги окууларды мындайча сүрөттөдү: көнүгүүлөр жана коркутуу менен “мээни жууп тазалоо”.

Абдесалам айтып берген лагердин спутниктен алынган сүрөттөрү
25 жаштагы Али (ысымы өзгөртүлгөн) ачык сүйлөшүүдөн коркту. Аны 2015-жылы полиция телефонунан паранжы жамынган аялдын сүрөтүн таап алгандан кийин кармаган.
“Бир улгайган аялды Меккеге ажылыкка барып келгени үчүн алып кетишкен. Учурунда суунун акчасын төлөй албай калаганы үчүн кармалган карыя кишини дагы көрдүм”,-деп айтып берди.
Али (ысымы өзгөртүлгөн) өздүгү ачык айтылбаса гана сүйлөп берүүгө макул болду.

Ali (not his real name) is unwilling to be identified
"Мажбурлап жасалган көнүгүүлөрдүн биринде лагерге чоң кызматтагы чиновниктердин бири унаа менен келип калды. Кандайдыр бир убакытка лагердин дарбазасы ачык калды.
Күтүүсүз жерден кичинекей бала тызылдап кирип келип, биз менен чогуу чуркап бараткан аялга бой таштады. Аял баланын апасы экен, кучактап ыйлап жиберди",-деп айтып берди Али.
“Полиция аялды чачтан алып, баласынан ажыратып, баланы болсо сыртка чыгарып салышты”.
Мамлекеттик телеканалдан көрсөткөн таптаза, мизилдеген окуу имараттары жасалма көрүнүш дейт лагерде болуп келгендер.
Аблеттин айтымында, жатаканаларды кечинде сыртынан бекитип салышат. “Ичинде даараткана жок, бизге заара кылганга идиш берип коюшат”,-дейт.
Бирок бул маалыматтарды тактоо мүмкүн эмес.
Шинжаңда жашабагандарга жаңылыктар жетпейт деле. Коркунуч тилди тишке басууга аргасыз кылган.
Уйгурлар үчүн өтө баалуу болгон эки нерсе: үй-бүлө жана диний ишеним четинен ыдырап жатат. Бүтүндөй үй-бүлөнү баккан чоң кишилер эркинен ажыратылгандан кийин, балдарын мамлекеттик интернатка массалык түрдө жөнөткөн деген дагы маалыматтар бар.
Билкиз Хибибулла 2016-жылы беш баласы менен Түркияга келген.

Билкиз Хибибулла
Анын кичүү кызы үч жарым жаштагы Секине Хасан Шинжаңда күйөөсүнүн колунда калган.
Кыздын паспорту жок эле. Ошондуктан ага паспорт даяр болоору менен Стамбулда жолугуша турган болуп пландашкан. Кызы менен эки жылдан бери көрүшө элек.

Билкиз кызы менен эки жылдан бери көрүшө элек.
Билкиз жолдошу өткөн жылдын 20-мартында кармалган окшойт деп шекшип турат. Туугандарынын баары менен байланышы үзүлгөн, кызы кайда экенин дагы билбейт.
“Түн ортосунда балдар уктагандан кийин буркурап ыйлап алам. Кызым кайда экенин, өлүү же тирүү экенин билбей, азап тартып жүрөм”.
GMV – эл аралык аэрокосмикалык компаниясынын спутник сүрөттөрдөн инфраструктураны айрып таануу боюнча тажрыйбасы чоң. Анын кардарларынын ичинде Европалык космикалык агенттиги жана Еврокомиссия бар.
Компаниянын эксперттери Шинжаң боюнча тарбия лагери деп айтылып жаткан 101 комплекстин системасын анализдеп чыгышкан. Алар эски имараттардын кеңейгенин жана жаңы имараттар курулганын белгилешкен.
Алар түзгөн жалпы мүнөздөмө: имараттардын сырты тосмолонгон, күзөт мунаралары бар.
GMV аналитиктери бул комплекстердин канчасы тарбия лагери болушу мүмкүн дегенди эки топко бөлүп карашкан.
44ү “ыктымалдыгы жогору” жана “ыктымалдыгы өтө жогору” деген категорияга кирди.
Сүрөттөр лагердин Абдесалам Мухемет кармалып турган бөлүгүндөгү масштабдуу курулуш иштерин көрсөткөн.
Ханайрикедеги жай
GMV мындай жайлар эмне үчүн курулганын так аныктай албайт. Бирок соңку жылдары кытай бийлиги мындай жайларды өтө тездик менен куруп жатканы белгилүү болду.
Биз GMV адистерине Дабаньчэндеги комплексти көрсөттүк. Алардын эсеби боюнча, эң эле минималдуу айтканда бул жайда 11 миң кишини кармаса болот. АКШдагы эң чоң делген Райкерс аралындагы абак жайда 10 миң киши кармалат.


Шинжаңдын бийлигинен Дабаньчэндеги комплекс эмнеге колдонулат деген суроо менен кайрылганбыз. Бирок жообу болгон жок.
Лагердин сыртында “окуучулардын” жакындары чогулган. Алар кире беришти топтолуп турду.Биз каякка барсак дагы артыбыздан эки-үч унаа ээрчип алды.
Унаадан чыгып, бозоруп турган лагерлерди тарталы дегенде эле унаадагылар жете келип, бизди токтотуп жатышты.
Тартууга тыюу салган чиновниктер, камераларыбызды колу менен жаап, бул жерде “олуттуу аскердик машыгуулар өтүп” жатканын түшүндүрүштү.
Мурдагы мектептин жанында эки баласы менен турган аялды көрдүк.
Тоскоолдук жараткан чиновниктердин бири, бизге тургундар менен сүйлөшпөгүлө деп айтты. Бирок анын жанында турган кызматкер, уруксат берди.
“Кимге келдиңер?”,- деп сурадым.
Жаш бала дароо жооп берген жок. Тынымдан соң “атама” деп айтты.
Баланын жообунан кийин эле биздин камераларды колдору менен жаап, маегибизди дароо токтотушту.
Бир учурда уйгурлардын маданий борбору болгон Кашкардын кууш көчөлөрү жымжырт. Үйлөрдүн көбү кулпуланган.
Имараттардын биринде уйгурларга жазылган инструкцияны байкадык. Анда “жакындарыңар кайда кетти” деген суроого, кандай жооп берүү керек экени түшүндүрүлгөн.
“Жакындарыңарды коомдун жана үй-бүлөмдүн кызыкчылыгы үчүн жакшы карап жатышат деп жооп бергиле”,-деп айтылган инструкцияда.
Кашкардын борбордук мечити дагы музейге айлангандай. Тургундар качан намазга келет деп сурасак, эч ким билбейт.
“Мен туристтерге жардам бергени гана жүрөм. Тургундар качан келээрин билбейм”-деди чиновниктердин бири.
Борбордук аянтта бир нече аксакал сүйлөшүп отурду. Алардын сакалдары жок. Ак сакалдардан башкалары кайда кетти деп сурадык.

Алардын бири эринин тиштеп, журналисттер менен баарлашуу кооптуу деген маанайда колдорун жаңсады.
Экинчи аксакал “башка эч ким келбей калды” деп шыбырады.
Бизге жакын жерде полиция кызматкери мечиттин тепкичтерин жууп жаткан болчу. Чакадагы суу жана швабранын үнү аянтка угулуп турду. Бирок аянт ээнсиреп турду.
Кытайлык туристтер болсо сүрөткө түшүп жатты.
Кашкардан түштүк-батыш тарапты көздөй жылдык. Бул аймакта уйгурлардын кыштактары, дыйканчылык чарбалары жайгашкан. Мында дагы көптөгөн “тарбиялоо” лагерлер курулган.
Албетте, коопсуздук кызматкерлер артыбыздан калган жок. Анан унаабызды жарым жолдо токтотушту. Жол жабык экен.
Унаабызга басып келген полиция кызматкери, ысыктан асфальт ээрип кеткенин айтты.

“Мындан аркы жол кооптуу”,-деди ал.
Алдыдагы соода борборуна бара жаткан унааларды байкадык. Коопсуздук кызматкердин рациясынан “баарын кармап тур, булар кеткенде анан кое бер” деген буйрукту дагы уктук.
“Төрт-беш саат күтүп калышыңар мүмкүн, артка кайткыла” деген кеңеш беришти.
Башка жол менен багытыбызга жетүүнү чечтик. Бирок унаабызды улам токтотуп жатышты. Полиция башка себептерди айтып, артка кайткыла деген кеңеш берди.
Жолдордун бири “аскердик машыгуулардан” улам жабык экен.
Төрт башка жол аркылуу жетүүнү көздөдүк. Төртөө тең жабык экен. Багытыбызга жете албай, артка кайттык.
Биз эбегейсиз чоң “тарбиялоо” лагерине бир нече чакырымга жетпей калдык. Ал жерде 10 миңге чукул киши кармалып жатканы жоромолдонууда.
Шинжаңда көптөгөн уйгурлар чыновник же полиция болуп иштейт.
Бизди токтотуп, текшерген коопсуздук кызматкер же чиновниктердин теги уйгур болду. Алардын ишине карата кандайдыр бир нааразылыгы болсо, аны сыртка эч көрсөтпөйт. Ачык көрсөтүүгө жол берилбейт.
Айрымдар аймактагы системаны апартеид менен салыштырууда. Бирок Шинжаңда өзгөчөлүктөр бар. Себеби уйгурлардын көбү бул системада ордун тапкан, көптөр системага кызмат кылат.
Кызыгы, Шинжаңда калыптанган системаны мурдагы тоталитардык Кытайдын иш тартибине салыштырса болот.
“Маданий ыңкылап” учурунда, адеп-ахлакты сактап калүү үчүн коомчулукту бөлүп салуу керек экени айтылган.
Теги уйгур болгон Шохрат Закир провинциядагы экинчи эң маанилүү саясатчы. Ал жакын арада жеңишке жетебиз деп айтууда.

Шохрат Закир – Шинжаң аймагынын жана этникалык уйгурлардын төрагасы
“Эки жылдын ичинде эч бир теракт катталган жок. Коопсуздукка коркунуч жараткан кылмыштар дагы кескин кыскарды. Шинжаң бир гана кооз болбостон, коопсуз, туруктуу болуп калды”,-деди ал мамлекеттик медиа агенттигине.
Бирок, “тарбиялоо” лагерлериндегилер бошотулганда эмне болот?
Биз менен лагерлерден тарбияланып келип баарлашкандардын баары таарынычын жана кыжырдануусун жашырган жок.

Эбегейсиз түрмө сыяктуу болгон Дабаньчэн “тарбиялоо” лагеринде эмне болгонун дүйнө коомчулугу азырынча биле элек.
Биздин иликтөө миңдеген бейжазык мусулмандар сотсуз, териштүүлөр жүргүзүлө электе эле камакка алынганын дагы бир жолу далилдеди. Бул кишилердин укуктары тебеленгени калетсиз.
Кытай “тарбиялоо” долбоору жемиштүү болгонун эмитен эле жарыялады.
Бирок тарыхта, мындай долбоорлордун кейиштүү кесепети кандай болоору так көрсөтүлөт.


















