Шинжаңдан чындык издеп...

    • Author, John Sudworth
    • Role, BBC News, Xinjiang

Укук коргоочулар Кытайдын Шинжаң аймагында эч кандай сот жана тергөөсү жок эле жүз миңдеген мусулмандарды камакка алынганын айтып келет. Бээжин дооматтарды четке кагып, мыкты кайтарылган жайларды экстремизм менен күрөшкөн "билим берүү борбору" катары көрсөтүп, ага шинжаңдыктар өз ыктыяры менен келип жатканын маалымдоодо.

A man playing an instrument inside the camp
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай тарбиялоо лагерлерин билим берүү борбор катары көрсөтүп келет

Би-Би-Синин кабарчысы Жон Судворд Шинжаңдагы тарбиялоо лагерлерди көрүп келди.

Мен лагерлерге мурда дагы барган элем.

Буга чейин лагерлердин бийик дубалына жакындай электе эле жарандык кийимчен коопсуздук кызматкерлери мени токтотуп, артка кайтарчу. Лагердин күзөт мунарасын алыстан карап, көптөгөн суроолорго жооп таба албай кайра кеткенбиз.

Бул жолу Кытай бийлиги бизди лагердин ички турмушу менен таанышууга чакырды.

Чакырууну кабыл алуунун көптөгөн тобокелчиликтери бар эле. Бизди алып барган лагерлер алдынала даярдалганы талашсыз. Муну спутниктен тартылган сүрөттөр дагы далилдейт. Анда биздин келишибиздин алдында күзөт мунаралары менен тосмолор алынганы дароо көзгө урунду.

Шинжаңдагы мыкты кайтарылган лагерлер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шинжаңдагы мыкты кайтарылган лагерлер

Ошондой эле лагерде кармалгандардын баары окшош окуяларды айтып беришти, тынсызданып турганын дагы байкадым.

Теги уйгур мусулмандар биз менен баарлашып жатып, "экстремисттик идеологияга" азгырылып, өз ыктыяры менен "билим берүү борборуна" келишкенин тактап беришти. Алар "көз карашын өзгөрткүсү" келгенин улам-улам кайталап жатышты.

Албетте, алар Кытай бийлигинин сөзүн кайталап жатты. Лагердегилерге курч суроо берип, чындыкка жетүү дагы кооптуу. Себеби биз кеткенден кийин туура эмес жообу үчүн алар коркунучка кабылышы ыктымал.

Анда болгондо журналист катары баарлашып жаткан маектешиңди коркунучка кептепей, бирок ошол эле учурда пропогандага үн кошуп калбай, чындыкты кантип чагылдыра болот?

Лагердеги дарс окулган канаа
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лагердеги дарс окулган аудитория
Лагердегилердин ыр-бийлери
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лагердегилердин ыр-бийлери

Радикалдашуудан кийин турмушту кайрадан баштоо

Журналисттин мындай абалга кептелген учурлары тарыхта көп болгон.

2004-жылы АКШ өзүнүн Ирактагы Абу-Грейб түрмөсүнө пресс-тур уюштурган эле. Анда Вашингтон мыкты даярданып, катуу ызы-чуудан кийин чындыкты жашырууну көздөгөнү байкалган. Журналисттер камактагыларга жакын жолотулган эмес. Ага карабастан абактагылар өз окуясын айтып берүүгө шашып, маселен, бутунан айрылгандар алыстан туруп алып эле протездерин жаңсап, журналисттерди өзүнө чакырууга аракеттенгени эсимде.

Австралиядагы мигранттарды кармаган борборлорго дагы ушундай пресс-турлар уюштурулган эле.

Видеонун түшүндүрмөсү, Кытайдагы мусулмандар кармалган лагер

1930-1940-жылдары нацисттик Германия Зонненбург менен Терезиенштадт лагерлерине журналисттерди алып барып, "адамгерчиликтүү" экенин көрсөтүү максатын койгон.

Ушундай учурда кабарчы дүйнөлүк коомчулукка маанилүү болгон окуяга күбө болот. Бирок ага толук маалымат берилбегендиктен, чындыкты чагылдыруу абдан татаал. Олуттуу окуяда эң катуу жабыркагандардын үнү жетпей калат.

Шинжаңда болсо бир чоң өзгөчөлүк болду. Кытай бийлиги "билим берүү борборлору" деп атаган жайларга бизди алып кирди. Бирок аны түрмө эмес деп актанууда.

Бизге мектептеги окуучулардай тизилип отурган чоң эле кишилерди көрсөтүштү. Алар хор менен кытай тилинде мыйзамдарды кайталап жатышыптыр.

Кээ бир "окуучулар" улуттук кийимин кийип алып, бирдей кыймыл менен бийлеп, ырдап жаткан көрүнүштөргө күбө болдук. Камеранын алдында баары жылмайып, сүйүнүп тургандай сезим берди. Айтор, бардыгы дыкаттык менен даярдалганы көрүнүп турат.

Кызыгы, бизди коштоп жүргөн кытайлык расмийлер лагердегилер чынында эле өз ыктыяры менен келгенине чындап ишенгендей түр көрсөтүштү. Ал тургай айрымдары кармана албай, музыкага тамшанып, ыйлап дагы жиберишсе боло.

"Лагердегилер кайрадан төрөлдү, турмушун кайрадан баштап жатат",-деп бизди ынандыргылары келди.

Бир учурда "экстремисттик ойлор менен Кытай бийлигин жек көргөндөр туура убакытта борборлорго кайрылып, коомго жуурулушууга мүмкүнчүлүк алды" деген пикирди улам кайталап айтышты.

Видеонун түшүндүрмөсү, Кытай мечиттерди жок кылууда

"Батыш дагы мындан үйрөнсө болот", дегендер болду.

Жогорку даражадагы расмийлердин биринин көзүнө тик карап, тарбиялоо борборлору качан ачылды эле деген суроо жолдодум.

"Шинжаңда 32 айдан бери бир дагы террордук чабуул каттала элек. Мекенчил катары, бул биздин милдет", -деп жооп берди ал.

"Жүрөгүм жарылып кетпесе экен"

Кытай бийлигинин атайын уюштурулган пропогандасына карабастан, чакырууну кабыл алган соң расмий билдирүү менен чектелбей, тереңирек казуу маанилүү болчу.

Биз лагердеги дубалдардын биринде чакан граффитини тартып алганбыз. Уйгур тилинде жазылгандыктан түшүнгөн эмесмин. Кийин аны котордук.

"Оо кудай, жүрөгүм жарылып кетпесе экен" деп жазылыптыр. Дагы бир граффити кытай тилинде: "Кадам шилте, алдыга" деп жазылган.

Лагерде эркектер көк түстөгү форма кийишет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лагерде эркектер көк түстөгү форма кийишет

Ошондой эле расмийлер менен маек учурунда лагерлердин системасы боюнча түшүнүк пайда болду.

Лагерге "кылмышка азгырылып бараткандар" келет деп түшүндүрүштү. Көрсө, мусулман азчылыктары кылмыш кылганы үчүн эмес, кылмышка баруу ыктымалдуулугу жогору болгону үчүн камакта отурушат.

Экстремисттик идеологияга азгырылып бараткандарга "тандоо" берилет деп айтышты. Бирок аны тандоо деп деле айтуу болбос эле. Анткени алардын алдында эки гана жол бар: соттук териштирүүгө макул болуу же экстремисттик көз карашын өзгөртүү үчүн "билим берүү борборуна" баруу.

"Көптөр билим берүү борборун тандайт",-дейт кытай расмийлери. Сот адилеттүү болоруна эч ким ишенбесе керек.

Кытайда "экстремисттик" деген сөздүн мааниси кеңейтилгенин жакшы билебиз. Мисалы, чет өлкөдөгү жакындарың менен байланышкан болсоң дагы "экстремисттик" деген жарлык тагылат.

Лагерлердеги "экстремисттер" деп аталгандар кандай шартта кармалганын дагы көрсөтүштү. Бир дааратканасы бар бөлмөдө он киши жашайт экен.

Лагердин аялдар жашаган жайдын дааратканасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лагердин аялдар жашаган жайдын дааратканасы
Бир бөлмөдө он киши жашайт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир бөлмөдө он киши жашайт

Албетте, журналистке айтылган маалыматтардан сырткары, айтылбай калган сөздөр дагы маанилүү эмеспи.

Сегиз айдан бери лагерде кармалып тургандардын бирине кайрылып:

-Канча киши билим "берүү борборун" ийгиликтүү аяктады",- деп сурадым.

Ал дароо жооп берген жок, бир аз ойлонуп туруп калды.

-Бул боюнча маалыматым жок,- деп жооп берди бир сааамдан кийин.

Lockers at a Xinjiang camp

Бирок ал шыбырап сүйлөп, этникалык өзгөчөлүгү жана диний ишеними үчүн миллиондон ашуун адам камакка алынганы боюнча айтты. Анын добушу шыбырап чыкса дагы, дүйнөлүк коомчулук муну угуп, көңүл бурушу керек. (AT)