Апийим өстүрүүдө жаңы технологияны өздөштүргөн ооган дыйкандары

- Author, Justin Rowlatt
- Role, Айлана-чөйрө боюнча башкы кабарчы
Күндүн нурунан электр энергия жаратуу же жалпы эле "жашыл технология" адам баласынын турмушун өзгөртөрүнө ишенбей келсеңиз, бул макаланы сөзсүз окуңуз.
Ооганстандын кайракы талааларында жашылча-жемиш өстүрүү абдан татаал. Суу таңкыстыгы, күн ачуу тийип, кечинде кайра суук болгону өсүмдүктөргө ылайыктуу эмес.
Бирок бул өлкө капитализмдин эң мыкты мисалдарынын бирине айланды. Ооганстандык дыйкандар өкмөт тараптан колдоо албайт, климаттын өзгөрүүсү тууралуу эч ойлонбойт, жада калса этикалык суроолорго башын оорутпайт.
Киреше табуу үчүн ооган дыйкандары күн панелдерин колдонуп, кайрак жерлерге суу жеткирди. Мунун арты менен апийим талаалары кеңейип, дүйнөнү кайрадан ооган героини каптады.
Гильменддеги күн панелдер
Аскердик тик учакта баратып, Гильменд провинциясынын апийим талааларын карап жатып алыста турган күн панелдери көрүп таң калгам.

Гильменд тууралуу жаңылыктардан көп эле уксаңыз керек. Бул аймак Ооганстандагы эң кооптуу, туруксуз провинция катары белгилүү. Андан тышкары аймак дүйнөдөгү апийим өндүрүүнүн чордону.
Бул апийимдин көбү герионге айландырылат. Андан кийин көз карандылыкка тез алып барган баңгизат дүйнө жүзүнө тарайт.
БУУнун маалыматына ылайык, ооган апийиминин 80 пайызы өлкөнүн түштүк-батыш тарабында, Гильменд провинциясы жайгашкан аймакта өстүрүлөт. Башкача айтканда дал ушул территорияда дүйнөгө тараган гериондин үчтөн экиси өндүрүлөт.
Мындай жерде "жашыл технологиянын" колдонулушу таң калдырбай койбойт. Бирок бир күн панелдин артынан, дагы бирди көрүп. Аймакта жаңы технология кеңири жайылып жатканына күбө болдум.
Космостон көрүнгөн далилдер
Ричард Бриттан Британиянын түштүгүндөгү чакан кеңсесинде компьютерди тиктеп отурганда кирип келдим. Ал Ооганстандын спутниктен алынган сүрөттөрүн анализдеп жаткан экен.
Бриттан мырза мурдагы офицер, анын Alcis аттуу компаниясы спутниктен алынган сүрөттөрдү изилдейт.
Ал Гильменд провинциясындагы чөлдү көрсөттү. Бир нече жыл мурун бул аймак ээн талаа болчу. Эми жерди дыйкандар бөлүп алышып, апийим өстүрүшүүдө. Сүрөткө андан дагы жакындатсаңыз, күн панелдер турганын так көрүнөт.

Сүрөттүн булагы, MAXAR
Ричард Бриттан Гильменд провинциясында чөлдү айдоо талаага айланып калган көп мисалдарды көрсөттү. Талаанын баарында апийим эгилген.
"Апийим өстүрүүнүн бир ыкмасы болуп калды. Алар жүз метрдей казышат, электр энергияны күндүн нуру аркылуу алышып, сууну насос менен соруп чыгышат. Болду, мурда чөл болгон жер апийим өстүрүүгө ылайыктуу болуп калат",-дейт ал.
Бул технология тез жайылды. 2013-жылы ооган дыйкандары күн панелдерин колдонуп жатат деген кабар жаңы тараган. Жети жылдын ичинде дыйкандардын басымдуу бөлүгү жашыл технологияны колдонууда.

Кызыгы, күн панелдери түшүмдүүлүктү дагы жогорулатты. Бир нече апта мурун Ооганстандын чөлүнө барып, дыйкандардын бири менен баарлашып калдым. Ал мага 18 күн панелин көрсөттү. Ооган фермер күндүн нурунан жаралган электр энергия менен эки насосту иштетет экен. Жердин алдынан сордуруп чыгарган сууну кичинекей канал аркылуу суу сактагычка куюп, кайрак жерди гүлдөтүптүр.
Дыйкан май айында апийим түшүмүн алып, жайында помидор өстүрүп жаткан экен.
"Күндүн энергиясын колдонуу дыйканчылыкты өзгөрттү"-дейт окумуштуу Дэвид Мансфилд. Ал 25 жылдан бери Ооганстандагы апийим өндүрүшкө байкоо салып келет.

Мурда насосторго мунай алуу дыйкандарга кымбатка турчу. Андан тышкары аймакта мунайдын сапаты өтө начар болгондуктан, насостор улам иштен чыгып калчу эле. Күн панелдери менен баары өзгөрдү.
Ооган дыйкандары беш миң долларга жетиштүү күн панелдерин жана насосту орното алышат. Андан кийин эч кандай чыгымга туш болбойт.

Беш миң доллар көп акча экенин Мансфилд моюнга алат. Гильмендде калың жети миң доллардын тегереги. Бирок күн панелдерин ортонуп алгандар көбүрөк түшүм алып, бир нече жылдын ичинде акчасын чыгарып алышууда.
Жашыл технологияны колдонгон дыйкандар жылына эки жолу түшүм чогултууда. Мурда колдонууга мүмкүн болбогон жерлерди өздөштүрүшүүдө. Башкача айтканда апийим талаалары кеңейди.
Чөлдү гүлдөткөн технология
Британиядагы кеңсесинен Ричард Бриттан мага спутниктен алынган сүрөттөрдү кайрадан көрсөтүүдө. Гильменд провинциясын толугу менен карап, 2012-жылы эле чөл болгон жерлерге көңүл бурдук. Анда дыйкандар 157 миң гектар жерге апийим эгишкен.
Убакыт өткөн сайын апийим талаалары кеңейгени сүрөттөрдө так көрүнөт. Жыл сайын он миңдеген гектар жер өздөштүрүлүп, күн панелдеринин жардамы менен суу жеткенин байкаса болот. 2018-жылы ооган дыйкандары 317 миң гектар жерине апийим айдап жатышкан, 2019-жылы 344 миң гектар жер болду.
"Тынымсыз кеңейип жатат",-дейт Бриттани.

Сүрөттүн булагы, Alcis

Сүрөттүн булагы, Alcis
Ошол эле учурда түшүмдүүлүк дагы жогорулоодо. Күн панелдерин колдонгон дыйкандар талаага керек учурда, жетиштүү суу жеткирет.
Бриттан бул аймакка көчүп келгендердин саны дагы жогорулап жатканын айтууда. Анын командасы беш жылдын ичинде 48 миң жаңы турак-жай курулганын далилдешкен. Бул көрүнүш дүйнөгө таасир этүүдө.
БУУ жыл сайын баңгизат соодасынын көлөмү тууралуу статистика жарыялайт. 2012-жылы (күн панелдери колдонула электе) Ооганстанда 3700 тонна апийим өндүрүлгөн. 2016-жылы бул сан 4800 тоннага өстү, 2017-жылы өлкөдө 9 миң тонна апийим өндүрүлүп, рекорддор жаңырган.
Андан кийин баа төмөндөп, айрым дыйкандар башка өсүмдүктөргө көңүл бурган. Кызыгы, Гильменд провинциясы жайгашкан өлкөнүн түштүк-батыш тарабындагы дыйкандар башка өсүмдүктөргө өткөн эмес. Окумуштуулар муну аймактын дыйкандарынын "жашыл технологияга" басым жасаганы менен байланыштырышат.
2019-жылы өлкөдө 6400 тонна апийим өндүрүлсө, анын беш миң тоннасы Гильмендде өстүрүлгөн.

Пирамида схемасы
Британиянын полициясы сентябрь айында 1.3 тонна героинди конфискациялап, рекорддорду жаңыртты. Анын баасы 150 миллион доллардан жогору.
Дэйв Хигхэм Англиянын түндүк-батышында баңгизатка байланып калгандарга көмөк көрсөткөн уюмду жетектейт. Ал өзү дагы мурда наркоман болчу. Хигхэм соңку айларда уюмуна жардам сурап кайрылгандардын саны кескин өскөнүн айтууда.
Дэйв Хигхэмдын уюму жардам бергени үчүн акча сурабайт. Бир гана бейтааныш кишиге жардам берип кой деген талап коет. Башкача айтканда жакшылыктын пирамида схемасы.

Сүрөттүн булагы, THE WELL
Хигхэм 25 жыл мурун герионге байланып калган. Азыр дал ошол жылдар менен окшоштуктарды байкап жатканын айтууда. Хигхэм жардам берген кишилер гериондин сапаты оңолуп, баңгизат жеткиликтүү болуп калганын белгилешкен.
Мындай жагдай 1980-жылдары Хигхэм герионге байланган учурда дагы түзүлгөн. 1980-жылдары Британияда жумушсуздук күч алып, ооган героини жаңы келе баштаган эле. Эми анын уюмуна жаштар келип жатканы байкалууда.

Хигхэм Covid-19 вирусу түзгөн экономикалык каатчылык жана Ооганстандагы апийимдин рекорддук деңгээлде өндүрүлүп жатканы кооптуу абал түзөрүн эскертүүдө.
Мындай жагдайга дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер дуушар болушу ыктымал. Жумушсуздук, кылмыштуулук өсүп, баңгизаттын торуна түшкөндөр көбөйүшү мүмкүн.
Бирок бул күндүн нурун электр энергияга айландыруу технологиясы тууралуу эмнени айтат?
Өтө жөнөкөй жооп бар. Ооганстандагы апийим талааларынын кеңейгени, кайрак жерлер гүлдөп калганын дыйкан чарбадагы ыңкылап катары бааласак болот. "Жашыл технология" дыйканчылыкты толугу менен өзгөртө алат.
Баягы эле кымбат "жашыл технологияга" чакырык деп ойлобоңуз. Учурда жабдыктар арзандап жатат жана ал туура колдонулса дүйнөгө таасир этиши ыктымал. Ооганстандын мисалын эле караңыз. (AT)
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы









