Ооганстандык кыз ата-энесин өлтүргөн талибанды атып салды

Афғонистонлик қиз

Сүрөттүн булагы, Social Media

Ооганстандык өспүрүм кызды коомдук сайттарда баатыр деп жазгандар болууда. Бул кыз үйүнө бастырып кирип келген Талибан согушкерлерине курал менен каршылык көрсөткөн.

Согушкерлер анын үйүнө кирип, кыздын ата-энесин өлтүрүп салган. Өспүрүм кыз башка бөлмөдө турган АК-47 Калашников автоматын алып, согушкерлерге ок жаадырган.

Окуядан улам эки талип өлтүрүлүп, бир нечеси жаракат алды. Окуя Ооганстандын батышындагы Гор аймагынын Грива айылында болгон.

Кыздын атасы ооган өкмөтүн колдогону үчүн согушкерлер аны көптөн бери аңдып жүргөн деп айтылууда.

Ок атышуудан кийин дагы бир нече согушкер кыздын үйүнө кайра кол салды. Бул маалда кыздын айылдаштары менен аскерлер жетип келип, согушкерлерди колго түшүрдү. Аларды айылдыктар сабап салды.

Расмийлердин айтымында, үй-бүлөсүн коргоп, согушкерлерге ок чыгарган өспүрүм кыз 14-16 жашта. Аны бир тууганы менен чогуу коопсуз жайга көчүрүп кетишти.

Коомдук сайттарда бул кыздын автомат кармап түшкөн сүрөтү жарыяланып, аны кайраттуу, баатыр кыз деп жазгандар болууда.

"Ата-эне кайра кайтып келбешин билебиз, бирок сен алардан өч алганда жүрөк жай сого баштады", - деп жазды Мухаммед Салех аттуу "Фейсбук" колдонуучусу.

Гор провинциясы Ооганстандын эң жакыр аймактарынын бири. Бул провинцияда аялдарга карата зордук-зомбулук көп кездешет.

Ага кошул-ташыл болуп Талибан күчтөрү дагы активдүү иш алып барат.

Талибан күчтөрү АКШ менен тынчтык келишимине былтыр февралда кол койгон.

Бирок согушкерлер азыркы Ооганстандын бийлигин тактыдан кулатууга үндөп келишет.(Era)