Ооганстан: төрөтканадагы кандуу калабада жарык дүйнөгө келген ымыркай

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кабулдагы төрөтканада жоочулар кандуу калаба салганда жарык дүйнөгө келген ымыркай аман калды. Бул тууралуу "Чек арасыз дарыгерлер" уюму билдирди. Ымыркайдын апасы дагы тирүү.
Кол салуудан 24 киши каза тапты. Алардын көбү эми эле төрөгөн келиндер эле. 18 наристе апасынан ажырап, жетим калды. Андан сырткары эки чүрпө, акушер аял жана бир полиция кызматкери окко учту. Кеминде 16 киши жаракат алды.
Кол салуунун жоопкерчилигин эч ким мойнуна алган жок. Шейшембиде эрте мененки саат ондо кол салуу болгон. Ошол маалда төрөтканада 140 киши бар эле, деди дарыгерлердин бири.
Төрөткана "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун колдоосу менен иштеп жаткан жана чет элдик адистер дагы бар эле.
Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар түз эле оорукананын төрөт бөлүмүнө келишкен. Хирургия жана терапия бөлүмдөрүнө ок атышкан эмес. Алар суроо-сопкутсуз эле ок жаадыра баштаган. Ошол маалда бир аялдын төрөтү башталган экен.
Зайнаб ысымдуу келин болсо жети жылдан бери күтүп жүрүшкөн ымыркайынан айрылып калганын Рейтер агенттигине айтып берген. Ок атышуу башталган маалда ал дааратканада болгон. Дароо баласы жаткан жерге учуп жетиптир, бирок чүрпөсү каза болуп калган экен.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү 100 аялды балдары менен аман сактап калды. Белгилүү болгондой, үч согушкер полиция формасын кийип алып, ооруканага кирип кеткен. Алардын баары атып өлтүрүлдү.
Ушул жылы эле төрөтканада 5400 бала жарык дүйнөгө келди. Ал жерде иштеген "Чек арасыз дарыгерлер" төрөт бөлүмүндөгү ишмердүүлүгүн токтотту. Энесинен ажыраган чүрпөлөрдү башка ооруканага которушканын саламаттык сактоо министри Вахид Мажрух билдирди.
Төрөтканага кол салуу болгон күнү Нангархар провинциясында тажия болуп жаткан маалда жардыруу болуп, 32 киши каза тапты.
Өлкө президенти Ашраф Гани "Талибан" кыймылына (көп өлкөлөр террордук уюм катары тааныган) каршы чабуулдук операцияларды жаңыртууга буйрук берди.
"Талибан" (көп өлкөлөр террордук уюм катары тааныган) бул кандуу калабага тиешеси жок экенин айтып чыкты. (AbA)












