Жакында түгөнө турган алты ресурс

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк коомчулуктун айрым ресурстардын таңкыстыгы тууралуу маалыматы бар. Маселен, суу, мунай жана аарылар азайып баратканы жөнүндө кабарлар байма-бай чыгып турат.
Ошол эле учурда туура эмес пайдаланып жатканыбыз үчүн айрым ресурстар жакын арада жок болушу мүмкүн. Биздин жашообузга түздөн-түз таасир эткен бул ресурстардын түгөнө турган коркунучу бар экенин уккан эмеспиз.
Би-Би-Си жакын арада жок болот делген алты ресурска токтолот.
1. Орбитада орун жок

2019-жылы Жердин айланасындагы космос орбитасында 500 миң аппарат бар экени аныкталган.
Алардын эки гана миңи иштеген спутник же телекоммуникация аппараттары. Башкалары болсо таштанды. Мындай абал космостук кемелерди учурууда жана космосто иштеп жаткан спутниктер үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда.
Эл аралык космос станциясы ылдамдыгы саатына 28 миң чакырым менен учкан таштандылардан буйтап качып жүрүүгө мажбур болуп жатат.
Технология өнүккөн сайын, космоско аппарат же спутникти учуруу жеңилдеп калды. Учурда күн сайын бир спутник Жердин орбитасына көтөрүлөт.
Эми окумуштуулар Жердин айланасындагы орбитаны тазалоонун жол-жобосун издешүүдө.
2. Кум

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кумдан көп нерсе жок деп ойлошуңуз мүмкүн. Чынында кургакчылыктын айынан чөл көбөйүп жатпайбы.
Ага карабастан эң көп казылган ресурс - кум менен шагыл. Бириккен Улуттар Уюму дал ушул эки ресурстун таңкыстыгы адам баласына олуттуу көйгөй түзөрүн коңгуроо кагууда.
Кум табигый жол менен миңдеген жылда пайда болот. Бул ресурс курулуш, жертин кыртышын калыбына келтирүүдө, сууну тазалоодо, жада калса айнек, уюлдук телефон өндүрүүдө колдонулат.
Андан тышкары кумдун жок болуп кетиши экосистемага коркунуч жаратат. Климаттын өзгөрүүсү адам баласынын алдында турган эң чоң маселе болуп турганда, бул ресурстун таңкыстыгы көйгөйдү курчутушу мүмкүн.
3. Гелий

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гелий дегенде көптөр туулган күн, шар менен байланыштырат. Бирок бул жер алдынан чыгарылган абдан маанилүү ресурс. Окумуштуулар гелий отуз жыл аралыгында түгөнөт дешүүдө.
Гелий медицинада колдонулган ресурстардын бири. Маселен, магниттик томография технологиясы гелийдин жардамы менен иштейт.
МРТ (магниттик-резонанстык томография) рак илдетин же мээ, жүлүнгө доо кеткенде диагноз коюуга жардам берет.
4. Банан

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бүгүнкү күнү банан дүйнөдөгү миллиондогон кишилер үчүн маанилүү азык жана каражат табуунун булагы болуп калды.
Банан негизинен Кавендиш деп аталган түрдөн тараган. Окумуштуулар банандын дал ушул сорту өстүрүлгөн плантацияларды жок кылып жаткан өсүмдүк илдети Латын Америкага жеткенин айтышууда.
"Панамалык илдет" кишилер үчүн коркунучтуу эмес. Бирок ал банандын бүтүндөй түрлөрүн, анын ичинде Кавендиш сортун дагы жок кылат. Адатта мындай бананды өстүрүү жеңил деп саналып келген.
TR4 грибогу биринчи жолу 1990-жылдары Малайзия жана Индонезияда пайда болуп, кийин коңшулаш Кытайга тездик менен тараган. Мындай илдет өсүмдүктүн тамырын жана структурасын жабыркатат.
БУУ "панамалык илдет" банан өндүрүүгө олуттуу коркунуч жаратып, аны биротоло жок кылууга мүмкүн болбой жатканын эскертти. Андан сырткары грибок (жугуштуу оору таркатуучу жана түрдүү нерселерди ачытуучу өсүмдүк микроорганизми) жерде отуз жылга чейин кала берет экен.
Банан өндүргөн компаниялар Кавендишке альтернатива боло турган сортту табууга кызыкдар. Бирок азырынча бул идея гана бойдон турат.
5. Айдоо талаалары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Албетте, жер жөн эле жок болуп кетпейт. Бирок айдоо жерлерди туура эмес пайдаланып жаткандыктан, айдоо жерлер жана жарамдуу жер кыртышы азайып баратат.
Өсүмдүктөр негизги витаминдерди жер кыртышынан алат.
Жапайы жаратылышты коргоонун дүйнөлүк фонду 150 жылдын ичинде дүйнөдөгү айыл-чарбадагы жардамдуу жер кыртышынын жарымы бузулганын белгиледи. Эки жарым сантиметр жер табигый жол менен 500 жылда гана калыбына келет.
Эрозия, интенсивдүү дыйканчылык, токойлордун кыйылышы жана глобалдык жылуулануу жер кыртышынын бузулушуна себеп болгон көйгөйлөрдүн катарына кирет.
6. Фосфор

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Фосфор адам баласынын ДНКсындагы маанилүү биологиялык структуранын бири. Ошондой эле фосфордун жардамы менен жер семирткичтер жасалат.
Мурда жердеги фосфор өсүмдүктөр же жаныбарлардын калдыктары менен калыбына келип турган. Азыр өсүмдүктөр дүкөндөрдө сатылып, фосфордун көбү жашылча-жемиш менен шаарларга жеткирилип, кийин канализация менен жок болот.
Изилдөчүлөр Жер планетасындагы фосфор 35 жылдан 400 жылга чейин жетиши мүмкүн экенин айтышууда.

Макала BBC radio 4 программасында обого чыккан.









