БУУ: Ооганстанда “Ал-Каида” террордук тобу дагы деле талиптер менен бирге

An Afghan man stands near the scene of blast in Kabul, Afghanistan, 27 October 2020.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабулдагы жардыруудан кийинки көрүнүш. Тынчтык сүйлөшүүлөрү салгылашууларды токтоткон жок
    • Author, Секундер Кермани
    • Role, BBC News

Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку даражадагы расмийлери Ооганстанда "Ал-Каида" террордук топтун мүчөлөрү дагы деле "Талибан" кыймылынын аракеттерине "терең аралашып" келгенин эскертти.

Жылдын башында АКШ менен "Талибан" кыймылы тарыхый келишимге жетишкен. Ага ылайык, "Талибан" кыймылы "Ал-Каида" менен байланышын үзүп, аларга машыгуу жана башпаанек жай түзүп берүүдөн баш тартса, Кошмо Штаттары Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетмек.

Бириккен Улуттар Уюмунун өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ, "Ал-Каида" жана "Талибан" кыймылына байкоо салган бөлүмдүн координатору Эдмунд Филтон-Браун, талиптер "Ал-Каида" менен өнөктөш бойдон кала берерин убада кылганын белгиледи.

"Талиптер "Ал-Каида" террордук топтун башчылары менен үзгүлтүксүз байланышта болду жана алар тарыхый өнөктөштүк урматталат деген убада беришти. "Ал-Каиданын" өкүлдөрү азыр деле талиптерге аралашып жүрөт, салгылашууларга жана аскердик машыгууга катышып жатат. Бул багытта эчтеке өзгөргөн жок",-деди ал.

People attend at the funeral of victims after a landmine targeted a mini-bus full of passengers in a Taliban controlled area in Wardak province 40km away from Kabul, Afghanistan, 20 October 2020.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талиптер уюштурган террордук чабуулда каза болгондорду жерге берүү зыйнаты

АКШ 2001-жылы Ооганстанга "Ал-Каида" тобун жок кылуу жана "Талибан" кыймылынын башкаруусун демократиялык өкмөткө алмаштыруу үчүн аскерлерин жөнөткөн. Мурдагы президент Буш террорчулар менен "кача турган, жашына турган, эс ала турган" жер калгыча күрөшөм деген убада берген.

Андан бери "Ал-Каида" тобунун Батыш мамлекеттеринде террордук чабуул уюштуруу мүмкүнчүлүгү кыйла төмөндөдү. Бирок террордук топтун башчысы Айман ал-Завахири Ооганстанда башкалкалап жүргөнү боюнча кабар бар.

"Талибан" кыймылы АКШ менен жетишилген келишим аткарылат деп айтып келет. Талиптер бир дагы террордук уюмга Ооганстанда башпаанек жана машыгууга жай бербеши керек. Кыймыл Ооганстанда шарият менен башкарылган өкмөт курууну көздөп жатканын, башка мамлекеттерге коркунуч жаратууну көздөбөгөнүн айтууда.

Талиптер өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ менен күрөшүп келгенин буга мисал катары кармашат. Бирок "ИМ" тобу талиптерге атаандаш, ал эми "Ал-Каида" байыркы өнөктөшү.

БУУнун өкүлү Эдмунд Филтон-Браун "Талибан" кыймылы Пакистандан келип кошулган согушкерлерге чет өлкөдө чабуул уюштурууга тыюу салып жатканын айтты. Бул эреженин "Ал-Каида" террордук тобуна дагы тиешеси барбы же жокпу азырынча белгисиз.

Afghans hold placards as they rally to support the Doha peace talks between Taliban and the Afghan government, in Herat, Afghanistan, 21 September 2020.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оогандар Катарда өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө үмүт артып жатат

АКШнын расмийлери болсо "Талибан" кыймылы "Ал-Каида" менен байланышын үзүп, келишимди урматтайт дегенге ишенеби же жокпу дагы так эмес. Бул багыттагы суроолордон алар буйтап, маалымат жашыруун экенин белгилеп келет. Президент Трамп тез арада аскерлерин Ооганстандан чыгарууну көздөп турат. Эксперттер АКШнын лидери аскердик кеңешчилерин укпай, бир гана узакка созулган согуштан Кошмо Штаттарын чыгарып кетүүнү көздөп турганын айтууда.

Учурда Катарда Ооган өкмөтү менен "Талибан" кыймылы тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантып жатат. Бул учурда салгылашуулар күчөп, миңдеген жайкын тургундар жабыркады. Эки тарап ок чыгарбоо келишими жана бийликти бөлүштүрүү сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө жете электе эле сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап калуу коркунучуна кабылды.

Ошондуктан АКШ эмдиги жылы аскерлерин толугу менен чыгарып кетсе, "Талибан" кыймылы чабуулун күчөтүп, кайра бийликке келиши мүмкүн экени айтылууда. БУУнун өкүлү Браун болсо, тынчтык сүйлөшүүлөрү токтосо экстремисттик "Ал-Каида" жана "ИМ" тобу начар башкарылган Ооганстанда күч алып, чет өлкөдө террордук чабуулга даярдык көрүшү мүмкүн экенин белгиледи.