“Чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, мурдумду кесип салды”

Сүрөттүн булагы, BBC
- Author, Сваминатан Натаражан жана Нур Шафак
- Role, BBC World Service
Он аптага созулган азаптан кийин Заркада үмүт пайда болду.
"Көңүлүм көтөрүлүп калды. Мурдум калыбына келди",-деп айтты ал дарыгерлерге.
Ооганстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылган. БУУ жүргүзгөн сурамжылоосунда өлкөдө аялдардын 87 пайызы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылаары айтылган. Алардын айрымдары сексуалдык зомбулукка туш болот.
Айрым учурда күйөөсү же тууганы кур намыс менен аялдын бетине кычкылтек чачып же бычак менен кесип кетет. Зарка дагы акыркы жолу күйөөсүн көргөндө, үрөй учурган окуяга туш болгон.

Сүрөттүн булагы, Dr Zalmai Khan Ahmadzai
"Күйөөм кызганчак эле. Улам сен ыймандуу эмес экенсиң деп айта берди. Мен андай эмесмин деп жооп кайтарчумун",-дейт Зарка. Күйөөсү аны күн алыс сабап турчу.
Зарка он жыл мурун турмушка чыккан, алты жаштагы уулу бар. 28 жаштагы аял күйөөсүнүн кол көтөргөнүнө көнүп деле калган, бирок ушундай деңгээлге жетет деп эч ойлогон эмес.
Дарыгер Залмай Хан Ахмадзай Ооганстандагы оор операцияны жасай алган саналуу хирургдардын бири. Ал он жылдын ичинде ондогон аялдардын бетине операция жасагынын айтат. Алардын бары Зарка сыяктуу зордук-зомбулукка кабылган.
"Ал мага келгенде мурду ириңдеп кетиптир, абалы өтө оор болчу",-дейт Залмай.
Узакка созулган сапар
Зарка жакыр үй-бүлөдө туулуп өскөн. Ал жашаган Пакистан менен чектеш аймактагы кыштакты "Талибан" кыймылы көзөмөлдөп келет. Зарка талиптер жана жергиликтүү лидерлерден суранып жатып, Кабулга дарыгерге көрүнүп келүүгө уруксат алган.

Сүрөттүн булагы, Dr Zalmai Khan Ahmadzai
Зарканы бойго жете электе эле күйөөгө тийген. Жолдошу айылдыктардын уйларын кайтарып жан багат. Алты жаштагы уулу бар.
"Агам канча жашымда мени күйөөгө бергенимди билбейм. Бирок абдан жаш болчумун, турмуш деген эмне экенин түшүнө элек элем",-дейт Зарка.

Көрсө, Зарканын агасы анын күйөөсүнүн карындашына үйлөнүп, калың төлөбөшү үчүн өз карындашын алмашып салыптыр.
"Агам калың төлөй албай, мени берген экен".

Бир жылдан кийин эле Зарканын күйөөсү экинчи аял алам деп жарыялаган.
"Ал мага сени жактырбайм, башканы алам деп айтты. Ала бер деп жооп бердим",-дейт Зарка.
Бирок күйөөсү калыңга акча чогулта албай, жинин Заркадан чыгарып турду. Күн алыс аялын сабап, Зарка болгон азапты көрдү. Чыдамы кетип, Зарка ата-энесиникине качып барууну чечкен. Бирок күйөөсүнөн уруксат албай үйдөн чыгып кеткени үчүн, Зарканын ата-энеси эчтеке кыла алган эмес.

Сүрөттүн булагы, Dr Zalmai Khan Ahmadzai
"Үйдөн качып кеткенден кийин, эртеси чоң бычак көтөрүп келди. Атама аялымды артка бер деп кыйкырды. Атам жана агам кызыбызга кол көтөрбөй, башкалардын алдында кепилдик бергенде гана мени беребиз деп айтышты",-дейт Зарка.
Анын күйөөсү аксакалдарды чогултуп келип, алар кепилдик беришкен. Бирок үйүнө кайтып барганда абал начарлаган.
"Үйгө киргенден кийин дароо тепкилеп кирди. Мурдуңду кесип салам деп кыйкырды. Мен кошуналардыкына качып кеттим. Кошуналар мени коргоп калгандыктан, ал анда ата-энеңдин үйүнө жеткирем деп алдап, мени алып кетти",-дейт Зарка.
Көлдөй болгон кан
Зарканын күйөөсү аны башка үйдүн короосуна жулкулдатып алып киргенде алданганын түшүнгөн. Жолдошунун колунда мылтык дагы бар эле.
"Ал мени мойнуман кармап, "эмнеге качасың" деп сурады. Кичинекей короодо чөнтөгүнөн макиси алып чыгып, мурдумду кести".
Күйөөсү ал ата-энесиникине уруксатсыз кетип калганы үчүн намысына шек келди деген пикирин айткан. Жубайынын мурдун кескенден кийин, ошол короого таштап кеткен.

Сүрөттүн булагы, Dr Zalmai Khan Ahmadzai
"Аябай катуу ооруду, мурдум токтобой канады, көл болуп калды. Дем алуу дагы оор болуп кетти",-дейт Зарка.
Анын кыйкырыгын уккан кошуналар жүгүрүп келген. Зарканы дароо жергиликтүү ооруканага алып барышкан, бирок дарыгер жардам бере албайм деп айткан.
Үрөй учурган окуяны уккан Зарканын үй-бүлөсү өч алууну чечкен. Бирок анын күйөөсүн эч жерден таба албай коюшкан. Айласы кеткен Зарканын атасы менен туугандары кепилдик берген аксакалдардын үйлөрүнө ок чыгарган.
Көрсө Зарканын күйөөсүн коопсуздук кызматкерлери камакка алган экен.

Сүрөттүн булагы, Dr Zalmai Khan Ahmadzai
Жергиликтүү дарыгерлер Заркага жардам бере албай жатканда, анын сүрөттөрү коомдук сайттарга тараган. Ошондо дарыгер Залмай Кабулга келип, бекер дарыланып кетүүнү сунуштаган. Учурда Зарка психологиялык жардам дагы алууда.
Бирок анын эң негизги кыялы уулу менен көрүшүү. Баласы дагы деле кайын журтунун колунда.
"Уулум Машукту үч айдан бери көрө элекмин. Аябай катуу сагындым. Бир жагынан күйөөмдү эч качан көргүм келбейт. Бирок аны менен ажырашып кетсем баламды дагы көрбөй калам деп корком. Ошол ой мени жеп жатат",-дейт Зарка.















