“Сүрөт сенин өлүмүң же өмүрүң”: раккалык фото журналисттин баяны

Abood Hamam on ruined bridge

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

    • Author, Тим Вевелл жана Мухамад Чрейтех
    • Role, BBC News

Абуд Хамам Сириядагы согушту чагылдырган фото журналисттердин бири. Ал бир нече маалымат агенттигине сүрөт жана видео жөнөтүп турганы менен, өзүнүн ысымын эч качан ачык жарыялаган эмес.

Абуд Хамам карьерасын президенттин үй-бүлөсүнүн фотографы катары баштаган. Кийин өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун жеңиш парадын тартты. Эми ал өзү туулуп өскөн аймак - экстремисттерден бошотулган Ракканы сүрөткө түшүрүүдө.

Фотограф тогуз жыл мурун башталган согуш анын өмүрүн толугу менен өзгөрткөнүн айтып берди.

"Күзгүнү карап, чачым агарып, карып калганымды байкайм, таң калам. Албетте, буга согуш себеп. Кандай гана күндөр баштан өттү - стресс, адамдык жоготуулар".

Abood Hamam with tripod

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

45 жаштагы Абуд Сириядагы кейиштүү окуяларды дүйнөгө жеткирүүгө умтулду. Көп учурда анын өмүрүнө коркунуч жаралды. Ал Ракканы башкарган бардык бийлик алдында журналист болуп иштеген жалгыз адам болсо керек.

Абуд Ассаддын диктатура астында, оппозициячыл "Сириянын эркин армиясы" шаарды башкарганда, экстремисттик "ал-Нусра" тобу Ракканы колго алганда, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремистик топ шаарды басып алганда, андан соң Күрд куралчандар экстремисттерди Раккадан сүрүп чыкканда журналист катары иштеди.

"Сүрөт өлүмгө алып барат же өмүрүңдү сактайт",-дейт ал.

Абуд оппозициячыл топтун күч алышын жашыруун тартканда өмүрүнө чоң коркунуч жаралган. Сириянын атайын кызматы видео жана сүрөттөрдү ким тартканын аныктаса, Абуд өлүм жазасына тартылмак. Ал учурда Ассаддын бийлиги оппозициячыл топтор күч алганын дүйнөдөн жашырып жаткан эле.

Ракканы экстремисттик "ИМ" тобу басып алганда, алардын жеңиш парадын тартка саналуу журналисттердин бири Абуд Хамам болду.

Short presentational grey line

Абуддун окуясы Ракканын талааларында башталат. Ал дыйканчылык менен алектенген үй-бүлөдө туулуп-өскөн. Бала кезинен гүлдөрдү, татааларды сүрөткө тартууну жактырган эле.

countryside near Raqqa

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

"Чынында, мен туулуп-өскөн коомчулук, анын ичинде өзүмдүн ата-энем фотограф, журналист кесибин көп деле баалачу эмес. Алар менин мугалим же адвокат болуп жан бакканымды каалаган",-дейт ал.

Абуддун улуу агасы Орусияда чыгарылган "Зенит" аппаратын белекке бергенден кийин, ал башка кесипке эч кызыккан эмес. 2011-жылы университетти фотограф кесиби менен аяктап, мамлекет башкарган "Сана" маалымат агенттигине ишке кирген. Бул агенттикти өкмөттүн пропаганда булагы катары аташат.

Abood Hamam and a girl with some harvested barley

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

Жаш фотографтын иштеринин бири президент Ассад жана анын жубайы Асманын расмий жолугушууларын сүрөткө түшүрүү болчу.

"Расмий жолугушууларды фотографтарды армия жана атайын кызматтын өкүлдөрү дайыма коштоп жүрөт. Аларга башкача мамиле кылышың керек эле, улам "сый" көрсөтүп турчубуз. Ошондон жийиркенет элем, бирок башка айла жок болчу",-дейт Абуд.

Asma al-Assad

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

2011-жылы Дамаск шаарында демонстрациялар тутанып, кийин ал көтөрүлүшкө айланганда Абуд эки башка кишинин турмушун жашап калды. Күндүз ал президент жана анын жубайын сүрөткө түшүрсө, кечинде оппозициячыл топтун аракеттерин чагылдырган.

Ал топтогон материалдарын эл аралык маалымат агенттиктерине Нур Фурат каймана ат менен жөнөтүп турган. Евфрат дарыясын арабдар Фурат деп аташат, ал Ракка шаарын кесип өтөт. Абуд көңүл ачып, эс алууга дал ушул дарыянын жээгине барганды жактырат.

2012 Damascus attack victim

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2012-жылы демонстрация учурунда мүрт кеткен кишилердин бири

Бирок абал курчуган сайын, Абуд коопсуздугун ойлоно баштады.

"Сүрөт, видеолорумду каткан флешканы карап, "менин өлтүргөн ок" катары көрчү элем. Эгерде бул флешканы башка бир бирөө көрүп калса, ошол жерде атылмакмын".

2013-жылы Ракка шаарын Сириянын оппозициячыл күчтөрү көзөмөлгө алганда, Абуд Дамасктан качып чыгып, үйүнө кайтып барган. Бирок Раккадагы абал деле кооптуу болду. Аймакты бир нече атаандашкан топ башкарып, айрымдары фотографты Ассад бийлиги жөнөткөн тыңчы катары көрүшкөн.

2014-жылдын ортосунда, Абуддун жашоосу толугу менен өзгөрдү.

"Көчөлөрдө унаалар, мотоциклдар толуп калды. Андагы кишилердин колунда кара желек бар эле. Алардын бири мага келип, "Жаңы ислам халифаты түзүлдү" деп айтты. Мен эчтеке түшүнгөн жокмун. "Бул эмне болгон халифат" деген суроо жолдоп калдым".

People waving black flags

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ Ракканы басып алганда, журналисттердин көбү шаардан качып чыгышкан. Мурда президент Ассад үчүн иштеген Абудка дагы калаада калуу коркунучтуу эле. Бирок ал туулуп-өскөн шаарда калып, ишин улантууну чечкен.

IS victory parade

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

Октон учкан экстремисттик топтун согушкерлеринин бири телефонуна тартып алган видеодо Абуддун көчөдө иштеп жаткан кадрлар табылган. Ошол учурда Абудка "жок деп айтууга мүмкүн болбогон сунуш" берилген экен. Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун башчылары Раккадагы жеңиш парадын видеого тартып берүү талабы менен Абудка кайрылышкан. Бул кадрлар кийин "ИМ" тобунун пропаганда видеолорунда колдонулган. Абуд болсо видеолорду эл аралык агенттиктерге жолдогон.

Видеонун түшүндүрмөсү, Абуд Хамам Раккадагы жеңиш парадды тартып жатат

Бул кадрлардан кийин Абуд "халифаттагы" күнүмдүк жашоону чагылдырган сүрөт жана видеолорду дүйнөлүк коомчулукка жеткирип турду. Бирок ал эл алдында өлүм жазасына тартылгандарды видеого түшүргөн эмес. Бул күндөрү атайын үйдө отурган.

"Мен "ИМ" тобун колдойм деп ант берген эмесмин. Атайылап мындай кейиштүү окуяларды чагылдырбай, коомдук чогулуштарга катышпай жүрдүм. Болушунча көз карандысыз болууга аракеттендим".

Public prayer in Raqqa under IS

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "ИМ" тобу Ракканы башкарып турган кездеги намаз
Transparent line
Burning cigarettes

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экстремисттик топ шаарда тамеки сатууга тыюу салып, дүкөндөрдөгү тамекилерди өрттөшкөн

Абуддун Раккадагы уруу башчылары менен мамилеси жакшы болгон. Алар экстремисттик топко кошулган эле. Журналист ушул мамлеси үчүн экстремисттер аны камакка алган эмес деген пикирде. Бирок 2015-жылы анын үйүнө "ИМ" тобунун эки согушкери келип, ишиңди улантсаң өлтүрүп кетебиз деп эскертишкен. Ошондон кийин Абуд Раккадан качып чыгып, Сириянын башка аймактарындагы согуштун жүрүшүн чагылдырып жатты.

2017-жылы АКШ баш болгон коалиция шаарды бошотуу үчүн аба соккуларын өткөргөн. Калаа бошотулду деген кабардан кийин Абуд Раккага кайтып барып, шаардын урандыга айланганына күбө болгон.

"Биринчи күнү бир дагы сөз айта алган жокмун. Экинчи күнү шаарды кыдырып, сүрөт тартып катуу ыйладым. Жашымды эч токтото албай кодум. Шаардын көчөлөрүндө ыйлап басып жүрдүм",-дейт Абуд.

Photo of dress

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

Бириккен Улуттар Уюму Ракканын 80 пайызы талкаланганын, шаар тургундарынын 90 пайызы аргасыз жер которгонун маалымдаган. Абуд шаардын ар бир бурчун кыдырып, талкаланган бос имараттарды, ээн калган көчөлөрдү сүрөткө түшүрдү.

Убакыт өткөн сайын Абуддун сүрөттөрүндө түс пайда боло баштады. Раккадан качып чыккандар үйүнө кайтып келишип, дүкөндөр ачылып, Евфрат дарыясына секирип ойногон балдардын күлкүсү угулуп калды.

Shop

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

Ошондо Абуд "Фейсбук" баракчасын ачып, сүрөттөрдү өзүнүн чыныгы ысымы менен жарыялай баштады. Анын максаты раккалыктарды үйүнө кайтып келүүгө үндөө.

"Шаарыбызда көптөгөн жаманчылык болду. Мен раккалыктарга башка көз карашты көрсөткүм келди. Алар Ракканы урандыга айланган бос шаар катары билип калды. Бирок мен "мурдагы Ракканы эстегиле, андагы ар түрдүү түстөрдү унутпагыла, Ракканы кайра сүйүп, кайтып келгиле, шаарды бирге кайра калыбына келтире алабыз" деп айткым келди. Ошондуктан менин ар бир сүрөтүмдө ачык түс бар. Кандай гана оор тема болбосун, ачык түс кошуп кетүүгө умтулам".

People swimming in river

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

Абуддун сүрөттөрүнөн көптөр эргүү алды. Бирок фотограф кесибинен улам Сирия-Түркиянын чек арасына барып, ал жердеги окуяларды чагылдырууга аргасыз болду. Абуд чек арада жүргөндө Ракканы Күрд куралчандар көзөмөлгө алган эле. Ошондуктан фотограф үйгө кайтып баруудан тартынып турат. Чек арада ал түрк аскерлерин коштоп жүрүп, видеолорду тарткан эле. Күрддөр аны Түркиянын тыңчысы катары кабыл алышы ыктымал.

Abood Hamam with sleeping fighter in trench

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam

Абуд Ракканы эң ырайымсыз топтор башкарып турганда аман калды. Бирок коркунуч дагы деле кете элек. Сириядагы кырдаал чечилди деп айтуу жаңылыштык болот.

"Тынчтык эмне экенин унутуп деле бара жатам. Бир жолу аба соккудан кийин ошол имаратка барып, сүрөткө тартып жатсам жакындарымдын бири мага чуркап келип, агаң имаратта болчу деп айтканы эсимден кетпейт. Кийин ошол видеолорду карасам агамдын сөөгүн дагы тартыптырмын. Мен 45 жаштамын. Согуштан улам үйлөнбөй калдым, үй-бүлөм жок. Жанымда жубайым же балдарым жок. Аны ойлоп капа болом. Жакшыбы же кейиштүүбү Сириядагы окуяларды чагылдырууну эч токтотпойм. Дүйнөлүк коомчулук үрөй учурган чындыкты көрүшү керек. Кыялдарымдын бири тынч өлкөдө жаратылышты тартуу. Швейцариянын тоолорун, жаратылышын тартууну кыялданам. Ушунчалык тынчтыкты эңсейм..." (AT)

Abood Hamam

Сүрөттүн булагы, Abood Hamam