"Өлүм капчыгайы": HRW "ИМ" жоочулары кишилердин өлүгүн жашырган жайды көрсөттү

Аль-Хута капчыгайы Раккадан түндүктү көздөй 85 чакырым аралыкта

Сүрөттүн булагы, Human Rights Watch

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аль-Хута капчыгайы Раккадан түндүктү көздөй 85 чакырым аралыкта

Human Rights Watch уюмуна белгилүү болгондой, өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топтун жоочулары тарабынан уурдалып же колго түшүп өлтүрүлгөн кишилердин денеси Сириянын түндүк-чыгышындагы капчыгайга ыргытылган.

Укук коргоочулардын колуна 2014-жылы Аль-Хута капчыгайындагы элүү метрдей аңга жихадчылар киши өлүктөрүн ыргытып жатканы тартылган тасма тийген. Ошондон кийин алар өз алдынча иликтөө башташкан.

HRW маалыматына караганда, бул жайды кийин дагы "ИМ" террордук тобунун башкаруусу маалында ушундай максатка пайдаланып келишкен. Укук коргоочулар капчыгайды жергиликтүү бийлик көзөмөлүнө алып, cөөктөрдү алып чыгышы керек дейт. Алдыдагы соттук териштирүүлөрдө дагы мунун баары далил катары сакталып калышы керек.

Жалпысынан "ИМ" тобу көзөмөл жүргүзгөн Сириянын аймактарында массалык түрдө сөөктөр жашырылган 20га жакын жай бар. Анда миңдеген кишилер көмүлгөн.

Өлкөдө дайынсыз жоголгон кишилер арасында саясий активисттер, гуманитардык уюмдун кызматкерлери, журналисттер жана жихадчылардын эркине баш ийбеген кишилер болгон. "ИМ" тобу Сириянын батышынан Ирактын чыгышына чейинки чоң аймакты ээлеп алууга жетишкен эле. Аль-Хута капчыгайы Раккадан түндүктү көздөй 85 чакырым аралыкта. Бул жайды жоочулар 2013-2015-жылдары "үрөй учурган жайга айландырышкан" дейт укук коргоочулар.

"Жоочулар тарабынан өлтүрүлгөн миңдеген кишилердин тагдыры тууралуу билгибиз келсе, кылмышкерлердин жоопко тартылышын талап кылсак, анда Сириянын аймагындагы массалык түрдө өлүк жашырылган жайлар тууралуу айтуубуз керек",-дейт уюмдун Сириядагы кызматкери Сары Кайяли.

Айрым жергиликтүү тургундар дагы капчыгайдын этегинен сөөктөрдү көрүшкөнүн айтып беришкен. 2018-жылы HRW иликтөөчүлөрү капчыгайга дрон учуруп, терең аңдагы сууда калкып калган алты кишинин сөөгүн көрүшкөн. Геологиялык жана топографиялык карталар бул жай дрон түшө тургандай эмес, өтө терең экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан аңдагы суунун алдында сөөктөр көп болушу мүмкүн.

HRW өкүлдөрүнүн айтымында, капчыгайды көзөмөлдөп турган күчтөр бул жерди кылмыш болгон жай катары эсептеп, сөөктөрдүн өздүгүн тактап, алардын эмнеден өлгөнүн аныктоого мүмкүнчүлүк бериши керек. Азыркы маалда Аль-Хута аймагын Түркиянын колдоосуна таянган көтөрүлүшчүл топтор көзөмөлдөп турат. (AbA)