"ИМ" экстремисттик тобу баш көтөрүүдө

жоочулар

Дүйнө коронавируска алагды болуп жаткан маалда Сирия менен Ирактын аймагында өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ кайрадан баш көтөрө баштады.

Эпидемиянын айынан Ирак менен Сирияда Батыштын аскер күчтөрү чектелип, экстремисттер партизандык согуш ыкмасы менен кол салууларды уюштура баштады. Жакынкы Чыгыштагы Би-Би-Си кабарчысы Квентин Самервил кабарлагандай, "ИМ" тобу күрддөр кармаган миңдеген аялдар менен балдарды лагерлерден бошотобуз деп жар салды.

Квентин Самервил Сириядагы Дейр-эз-Зор аймагында күрд атайын күчтөрү өткөргөн операция тууралуу айтып берет. Операция учурунда 150 согушкер камакка алынды. Дагы көбү качып үлгүрдү. Бул жерде элдин үрөйүн учуруп, "Ислам мамлекети" кайтып келди!". "Халифат жашап жатат!",- деп жазып кетишкен. Экстремисттик топтун кыймылы жаңы башталган учурдагыдай эле топтун жоочулары жергиликтүү расмийлерди өлтүрүп кетүүдө.

Эл коркуп, кооптонуп жашап жатат. Жихадчылар бул кишинин уулун өлтүрүп кетишти.

"Күбөлөрдүн айтымында, аларды артынан машина менен аңдып келип, бир жерден токтотуп туруп барымтага алып кетишкен. Эртеси достору издеп артынан жөнөдү. Алар асфальтка тизилген кыйылган баштарын гана табышты",-деп айтып берди ал.

Коронавирустун жайылышынан улам чет элдик аскерлер чыгарылып, өлкөдө аз сандагы коалициялык күчтөр калган. Бирок абада аскер учактары тынбай учууда. Британдык, франциялык жана америкалык аскер учактар "Ислам мамлекети" аттуу топтун чөлдөгү жашыруун жайларын бомбалады. Ондогон согушкерлер жок кылынганы айтылды.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Сирияда халифат кыйраганда анын он миңдеген аялдары менен балдары камакка алынган. "Ислам мамлекети" тобу аларды күрд лагерлеринен бошотуп алабыз деп билдирди. Бир жыл өтсө да бул лагерлер экстремизмдин чордону болууда. Айрымдары "көз карашым өзгөрдү" деп, эми балдарына кабатыр болуп жатканын айтат.

Лагерлерде экстремизмге каршы сүйлөгөндөрдү коргоого алуу зарыл.

Лагерден качкандар бар. Күрд күчтөрү алардын артынан түшүп, рейд өткөрөт. Бул үйдө орусиялык эки аял, Өзбекстандык бир аял балдары менен жашынып туруптур. Алар Түркияга качууну көздөгөн дейт жергиликтүү өкүл. Бирок аларды лагерге кайтарышты.

Ошентсе дагы арасынан кээ бири Идлиб аймагына качып өтүп кеткендер болот.

Учурунда армиясына таянып, чоң шаарларды кармап турган "Ислам мамлекети" аттуу экстремисттик топ дээрлик кыйратылган. Бирок ал кайрадан баш көтөрүп жатат. Алар Ирак менен Сирияда кайрадан таасирин жайылта баштады.