Дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдар: карантин маалында дагы согуш токтогон жок

Йемендеги кармаштар 11-майда кайра күчөдү

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Йемендеги кармаштар 11-майда кайра күчөдү

Марттын этегинде БУУнун башкы катчысы адамзатты жалпы коркунуч алдында биригип, коронавируска каршы чогуу күрөшкө чакырган. Бирок дүйнө анын сөзүнө көп деле кулак салбай, согуштук жаңжалдар токтогон жок. Эмнеге?

Тарыхта масштабдуу эпидемиялар каршылашкан тарапты элдештирген мисалдар бар. Айталы, XIV кылымда бубон чумасы француздар менен англичандардын куралын таштоого мажбур кылган. Ал эми испан тумооосу болсо Биринчи дүйнөлүк согуштун бүтүшүн тездетти.

Азыр болсо атылган октун үнү басылган жок. БУУнун баш катчысынын чакырыгы көп деле таасирдүү болбой калды. Гуманитардык уюмдар айрым аймактарга согуш менен вирус бирдей сокку болорун эскерткенине дагы карашкан жок.

Пандемиянын эки айында качкындар саны жарым миллионго жетти.

"Согуштан кан төгүлүп, кишилер андан качып жатканда БУУнун Коопсуздук кеңеши кум үстүндөгү балдарга окшоп чырдашып олтурат. Азыр бала бакчадагы оюндардын мезгили эмес",-деди Качкындар боюнча норвегиялык кеңештин жетекчиси Ян Эгеланн.

БУУнун Коопсуздук кеңеши пикир келишпестиктен улам глобалдык элдешүү боюнча резолюция кабыл алган жок. Эгерде дүйнөдөгү ири державалар согушту токтотуу боюнча чакырыктарга кошула албаса, анда узак жылдан бери тирешип келген тараптардан, террордук топтордон муну күтүүгө болбойт дейт эскперттер.

Чечүүчү кадамдарды жасоонун удулу келип турганда, ага эч ким барган жок.

Дипломаттар талашып-тартышып жатканда элдешүүнун жакшы бир удулу өтүп кетти, дейт БУУнун Эл аралык кризис тобунун өкүлү Ричард Гоуан.

Пандемиянын эки айында качкындар саны жарым миллионго жетти

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пандемиянын эки айында качкындар саны жарым миллионго жетти

Согуш жүрүп жаткан аймактарда коронавирус өтө кооптуу. Ооруканалар талкаланган же иши солгундаган, дарыгерлердин эл аралык миссиясы жете албаган жерлер бар.

Дени сак кишилер деле азап тартып жатат. Саясатчылар кол куушуруп олтурганда, кишилер ачкачылыктын азабын тартууда, деп эскертти БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү. Алардын айтымында, ачарчылык коркунучунда турган миллион чамалуу киши бар.

Эл аралык валюта корунун эсебинде, пандемиянын кесепети өзгөчө жаңжалдар токтобой жаткан өлкөлөргө катуу тийет. Аталган уюмдун болжолунда, Жакынкы Чыгыш, Түштүк Африканын экономикасы бул жылы жети пайызга кыскарат. Кирешелер кескин төмөндөп, кара жанды багуу айласы мүшкүлгө айланат.

Жакырчылыктан пайдаланып террордук топтор өзүнүн катарын жаштар менен толуктап алууга умтулушу мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Куралдуу жаңжалдан башы чыкпагандар

Дүйнөнүн эки жүздөй өлкөсүнүн отуз-кыркында куралдуу жаңжалдар жүрүүдө. Алардын көпчүлүгүндө каршылашкан тараптар элдешкиси келбейт.

Acled бейөкмөт уюму ("Куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактардагы маалыматтарды жыйноо программасы) бул сандарды 43 деп эсептеди. Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту 33 деген санды белгилейт.

сириядагы балдар

Сүрөттүн булагы, AFP

Акыркы жылдары согуштун мүнөзү дагы өзгөрдү деп айтылат Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун соңку баяндамасында.

Тынчтыкка келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү татаалдашты. Анткени согушка дүйнөнүн бир нече державалары аралашып кетет. Кээде болсо согушка өлкөлөр түз аралашпай кайсыл бир күчтөр аркылуу - көтөрүлүшчүлөр, жоочулар, жалданма аскерлер, террордук түйүндөр, кылмыштуу уюмдар аркылуу аралашкан мисалдар бар.

БУУнун баш катчысынын чакырыгына куралдуу жаңжал жүрүп жаткан 43 өлкөнүн он чактысы гана көңүл бурду. Бирок эки учурда гана согуш токтотулду.

"31 өлкөдөгү жаңжалдашкан тараптар глобалдык элдешүү тууралуу чакырыктарга кулак салган жок. Ал тургай Иракта, Мексика, Мозамбикте жана Бразилияда активдүү аракеттер күчөп кетти. Жалпылап айтканда, бул чакырык өзүнүн жемишин берген жок",-деп айтылат Acled баяндамасында.

Согушту токтотуу тууралуу чакырыкка согушуп жаткан топтордун айрымдары гана макул болду. Көп учурда алардын демилгеси кыска мөөнөттүү болду жана экинчи тараптын колдоосуна алынбай калды.

Көпчүлүк куралдуу топтор вирус маалындагы жымжырттыкты пайдаланууга аракет кылышты. Куралын таштамак тургай позицияларын чыңдоого умтулушту дейт Европалык тынчтык институтунун жетекчиси Майкл Китинг.

Маселен, Сомалидеги "Аль-Шабаб" радикалдуу тобу коронавирусту жайылтты деп христиандарды айыптады. Оорунун өзүн кудайдын жазасы катары мүнөздөп, мусулмандарга жана жихадчыларга жаман мамиле жасагандарга кудайдын каары болду деп аташты.

Ооганстанда "Талибан" (көп өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган) кыймылы кырдаалдан пайдаланып, согушкерлеринин көбүн абактан чыгарып алды

Өздөрүн "Ислам мамлекети"атаган экстремисттик күчтөр коронавирусту батыш дүйнөсүнө каршы жиберилген "Аллахтын жоокери" атап жиберди.

Радикалдуу "Боко Харам" тобу чөлкөмдө бир катар кан төгүүлөрдү уюштурду. Америкалык окумуштуулар Ниша Беллинжер менен Кайл Каттелман коронавирус жакыр өлкөлөрдү андан бетер сазга батырып, террорчулардын азгырыгын күчөтөт деп болжойт.

"Боко Харам" көптөн бери эле жакыр бүлөдөн чыккан жаштарга тузагын жайып келет.

Дүйнө вирус менен күрөшүп, башка фронтторду көңүл борборунан чыгарган учурунан пайдаланып, "ИМ" тобу Сирия менен Иракта бир катар чабуулдарды уюштурду.

Washington Institute адиси Аарон Зелиндин айтымында, топтун "уйкудагы ячейкалары" аракетке өттү. АКШ "ИМ" тобун толук жеңгенин жарыялаганына карабай, Ирак менен Сириянын түндүгүндө жихадчылар активдешип, режимге ичи чыкпаган кишилерди катарына кошууга умтулууда.

Орозо айында эле Иракта 300 дөй чабуул жасалып, 400 дөй киши анын курмандыгы болду.

Ким элдешүү жарыялады жана эмне менен бүттү?

  • Ливиядагы күчтөр элдешүү тууралуу чакырыктарды кубаттоого алганы менен жарандык согуштун оту кайра күчөп кетти. Ливиядагы жарандык согуш 2011-жылдан бери токтобой жатат. Муаммар Каддафи бийликтен сүрүлгөндөн кийин Ливия чачыранды болуп кетти. Өлкөдө бир нече аскерлешкен топтор аракеттенүүдө.

Генерал Халифа Хафтар өзүн Ливиянын улуттук армиясынын кол башчысы атап, өлкө чыгышындагы чоң аймакты көзөмөлүнө алган. Өткөн жылдын апрель айында Хафтардын күчтөрү Триполиге чабуул койгон. Бирок баш калааны басып алууга күчү жеткен эмес. Алар өлкөдөгү үчүнчү ири шаар жана маанилүү порт калаа болуп саналган Сиртти басып алышкан эле. Ошондон кийин каршылашкан тараптар убактылуу жарашуу тууралуу келишимге келген. Бирок келишимди бузду деп, бири-бирин күнөөлөп келе жатышат. Көпчүлүк эксперттер Ливиядагы жаңжал сырткы күчтөрдүн тирешине айланып кеткенин белгилеп жүрөт.

конфликт

Сүрөттүн булагы, AFP

  • 24-мартта Украина президенти Владимир Зеленский БУУ баш катчысы Гутерриштин элдешүу туралуу чакырыгын кубаттады. Муну орусиялык тарап дагы колдоду. Бирок апрелде Донбасстагы ок атышпоо режими бир нече ирет бузулду.
  • Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы согушуп жаткан өкмөттүк күчтөрдү колдогон Сауд Арабия башында турган коалиция 9-апрелде эки апталык ок атышпоо режимин жарыялады. Кийин аны бир айга узартышты. Бирок бул чакырыкка козголоңчулар кошулган жок. Жакыр өлкөдөгү алты жылга созулган согуш жүз миңден ашуун кишинин өмүрүн алды.
  • Сирияда дагы ок атышпоо туралуу макулдашуулар болду. Гуттериштин чакырыгына Сириянын демократиялык күчтөрү (SDF) үн кошту. Бирок апрелдин соңунда Түркия ок атышпоо келишимин бузду деп Сириянын өкмөтүн айыптады. Ушундай эле абал Ооганстанда, Колумбияда, Камерунда, Филиппинде болду.

Май айында Мьянма бардык көтөрүлүшчүл топтор менен элдешүү тууралуу жарыялаган. Бирок ага Ракхайн штатындагы рохинжа көтөрүлүшчүлөрүн кошкон жок. (AbA)