Орусиянын атайын кызматтары "Талибанга" буюртма берип турганбы?

Ооганстанда азыркы маалда 13 миң чамалуу аскер кызматкери бар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооганстанда азыркы маалда 13 миң чамалуу аскер кызматкери бар

Америкалык үч басылма - New York Times, Washington Post жана Wall Street Journal Ак үйдөгү булактарына шилтеме берип, Орусиянын аскердик чалгын бөлүктөрү өткөн жылы талиптер менен келишим түзүп, Ооганстанда өлтүрүлгөн ар бир америкалык аскер үчүн акча төлөөнү сунуштаган деп жазып чыкты.

Басылмалар ушул эле аскер бөлүгү Европа аймагындагы чуулгандуу кол салууларга тиешеси болушу мүмкүн деп жазды.

Орус бийлиги айыптоолорду кескин четке кагып, ал эми Вашингтондогу орус элчилиги бул макаладан кийин алардын дарегине коркутуулар болуп жатканын билдирди.

"Талибан" дагы Москва менен келишимге барды дегенди кескин четке какты.

Жекшембиде кечинде АКШ президенти Трамп "Твиттер" баракчасына чалгын кызматы бул тууралуу эми гана билдиргенин, талиптер менен Орусиянын чалгын кызматынын кутуму тууралуу маалыматка ишенүүгө мүмкүн болбогондуктан, ага дагы, вице-президент Майк Пенске дагы мурда кабарлашпаганын жазды.

Америкалык басылмалардагы бул кабарлар Ак үй Ооганстандагы душмандашкан тараптар менен тынчтык келишимин түзүүгө аракет кылып жаткан маалда жарыяланды.

Февралдын соңунда АКШ менен "Талибан" (көп өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) Ооганстандагы согушту токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого келишкен. АКШ менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы тынчтык келишимдин шарттары боюнча Вашингтон жыйырма аптанын ичинде 5400 аскерин Ооганстандан чыгарып кетмек. Ушул сүйлөшүүлөрдөн кийин Ооганстандагы америкалык аскерлер саны дээрлик 8600 кишиге кыскарды.

Өткөн жылы операциялар учурунда АКШнын 20 аскери Ооганстанда каза тапты, деп жазат New York Times.

Map

1996-жылдан 2001-жылга чейин талиптер Ооганстанга катаал мыйзамдарды киргизип, жарандардын укуктары тебеленген.

2001-жылы АКШ башында турган коалиция Ооганстанга аскерлерин киргизгенден бери абал турукташа элек. 19 жыл мурун бийликтен кулатылган "Талибан" кыймылы мурда жоготкон аймактардын көбүн кайрадан көзөмөлүнө алган. Би-Би-Синин иликтөөсү талиптер Ооганстан аймагынын 70 пайызында активдүү иш алып барарын аныктаган.

19 жылдан бери АКШ башында турган коалиция 3500 аскерин жоготту. Алардын 2300 америкалык аскер. БУУнун 2019-жылы февраль айындагы баяндамасында, Ооганстанда 2001-жылдан бери 32 миң жайкын тургун мүрт кеткенин жар салды. Ал эми Браун университети 58 миң ооган коопсуздук кызматкери, 42 миң согушкер каза болгонун билдирген.