Афганистан: Кабул бир айда кулашы мүмкүн

Талибан согушкерлери

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибан согушкерлери

Талибан бир аптанын ичинде Афганистандагы 34 облустун тогуз борбор шаарын каратып алды. Салгылашуулар улам Кабулга жакындап баратат. АКШ өкмөтүндөгү булактар ооган баш калаасынын кулашына бир айдан үч айга чейин убакыт калганын айтууда.

“Кызыл чырым” уюмунан кабарлашкандай, өлкөдөгү экинчи ири шаар Кандагарда катуу согуш болууда.

Шаршемби күнү талибдер өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан облусунун борбору Файзабад шаарын колго алганын жарыялашты. Кийинчерээк Талибан Кабулдун түштүк-батышындагы Газни шаарына кирип барганы жөнүндө Би-Би-Сиге өздүк булактар аркылуу белгилүү болду.

Шейшемби күнү кечинде Талибан согушкерлери өлкө батышындагы Фарах жана түндүктөгү Пули-Хумри шаарларын колго алганын билдиришкен.

Алардын бүгүнкү күнгө чейин эң чоң олжосу Кундуз шаарын өздөрүнө каратып алуусу болду. Аталган шаар ооган-тажик чек арасына жакын жайгашкан. Би-Би-Синин маалыматы боюнча, Кундузда жүздөгөн өкмөттүк аскерлер талибдерге багынып берген. Ал эми согушкерлер көздөп жүргөн Пули-Хумри узакка созулган согуштан кийин багындырылган.

“Талибан күндүзү бир нече багыттарда согуш чектерин бузуп өтүшкөн. Катуу салгылаштан кийин аткаминерлер менен коопсуздук күчтөрү өкмөттүн, атайын кызматтардын жана полициянын башкы имараттарын бошотуп чыгып кетишкен. Согуш уланууда. Биз кайда чегинерибизди чечип жатабыз”, — деген шаардык аткаминерлердин бири шаршемби күнү эртең менен Гардиан гезитинин журналистине.

Ошентип, Афганистандагы 34 административдик борбордун тогузу согушкерлердин көзөмөлүндө турат. Шейшемби күнү Евро Биримдиктин өкүлү билдиргендей, алардын дагы экөөсү өтүшү мүмкүн болуп турган. Шаршемби күнү кечке чейин алар талибдерге өтүп кеткен болушу ыктымал, согуш жүрүп жаткан аймактардан так маалымат келген жок.

Евро Биримдиктин эсеби боюнча, Талибан өлкөнүн 65% көзөмөлдөөдө. Бадахшанда дагы салгылашта аскерлер артка чегинишкен. Бул тууралуу Рейтер агенттигине облустук өкмөттүн өкүлү Жавад Мужахиди билдирген. Бадахшандын борбору Файзабаддын кулашы менен талибдер “түндүк-чыгышты көзөмөлдөп калышты” деп кошумчалады ал. Бадахшан облусу Тажикстан, Пакистан жана Кытай менен чектешет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шаршемби күнү Би-Би-Синин булактары өкмөттүк армиянын генералы Вали Мухаммед Ахмадзайдын кызматтан алынганын ырасташты. Ал аталган кызматка июнь айында эле келген болчу.

Афганистандын каржы министри Халид Пайенд дагы шаршембиде кызматтан кеткен. Блумберг агенттигинин маалыматына ылайык, ал өлкөдөн чыгып кеткен. Анын отставкасынын себебин чек арадагы маанилүү бажы бекеттеринин талибдерге өтүп кетиши жана бюджеттеги жоготуулар менен байланыштырылууда.

Талибан Мазари-Шарифти өзүнүн кезектеги бутасы экенин айтканда, өлкө башчысы Ашраф Гани шаршемби күнү ал жакка учуп барган. Аталган шаар Балх облусунун административдик борбору болуп саналат жана Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен чектешет. Кабул менен Мазари-Шарифтин ортосундагы аймактын көпчүлүк бөлүгүн азыр талибдер көзөмөлдөп жатышкандай.

Ашраф Гани мурдагы талаа командирлери жана тажик диаспорасынын лидерлери Атто Мухаммади Нур жана Абдул-Рашид Дустум менен жолугушууну пландап жаткан. (EA)