Жүздөгөн мигранттар Талибандан качып Түркияга барууда.
Бириккен Улуттар Уюму Афганистан ири гуманитардык кризистин босогосунда турганын айтып эскертти. Быйыл 330 миңдей оогандыктар үй-жайын таштап качышкан. Алардын көпчүлүгү АКШ күчтөрүн өлкөдөн чыгарып кетерин айткандан кийин таштап кетүүгө мажбур болушкан. Андан бери Талибан согушкерлери Афганистандын аймагында тарашып, жаңы аймактарды өздөрүнө каратып жатышат. Күн сайын жүздөгөн оогандыктар согуштан жана жакырчылыктан качып, Түркиянын чек арасынан өтүп жатышат. Бирок миллиондогон сириялык качкындарды мурда эле кабыл алган Түркия жаңы мигранттарга карата каршы маанайда болгону сезилүүдө.