Афганистанда 3 күндө 27 бала каза болду

Сүрөттүн булагы, AFP
Бириккен Улуттар Уюмунан билдиришкендей, Афганистанда үч күндүн ичинде бери эле дегенде 27 бала бийлик менен Талибан күчтөрүнүн ортосундагы катуу салгылашта каза болгон.
БУУнун алдындагы ЮНИСЕФ уюму “жаш балдарга каршы зордук-зомбулуктун кескин түрдө өсүп кеткенине” тынчсызданып жатканын билдирди.
Чет өлкөлүк күчтөр Афганистандан чыгарылып жаткан маалда, Талибан өлкө боюнча таасирин күчөтүп, өткөн жумадан бери алты аймактын борборун алып койду.
Алар ок атышууну токтотуу боюнча эл аралык кайрылууларды четке кагышкан.
Өткөн айда чыр-чатактын натыйжасында миңден ашуун жай тургундар набыт болушту.
ЮНИСЕФ дүйшөмбү күнү жарыялаган билдирүүсүндө жаш балдарга каршы ырайымсыз мамиле “күн сайын өсүп жатканын” айтты.
Кайтыш болгондор Кандагар, Хост жана Пакита облустарында катталган. ЮНИСЕФ айткандай, аталган аймактарда соңку үч күндө 136дай жаш бала жабыр тарткан.
“Афганистан жаш балдар үчүн Жер жүзүндөгү эң жаман жерлердин бири болуп келе жатат. Бирок соңку апталарда, айрыкча соңку 72 саатта кырдал ого бетер начарлады”, — деди Би-Би-Сиге ЮНИСЕФ Афганистан уюмунун өкүлү Саманта Морт.
Жаш балдар жол боюндагы бомбалардан жана эки тараптуу атышуунун натыйжасында каза болуп, жабыр тартышкан. Бир эне бул топко айтып бергендей, үй-бүлөсү өткөн дем алыш күндөрү уктап жатканда алардын үйүнө снаряддын сыныктары келип тийген. Андан соң үйү өрттөнүп, 10 жаштагы уулу “катуу күйүп кеткен”. Үй-жайын таштап качкан көптөгөн жаш балдар дагы сыртта уктап жатышат.
ЮНИСЕФ кагылышытын бардык тараптарын жаш балдарды коргоого чакырды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Чыр-чатак боюнча соңку жагдайлар кандай?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШ менен башка эл аралык күчтөр өз аскерлерин Афганистандан чыгарып кете баштагандан бери өлкөдө зордук-зомбулук күчөп кеткен. Эл аралык күчтөр ооган жеринде аскердик иш-аракеттерди 20 жылдай жүргүзүшкөн эле.
Талибдер элет жерлеринин көбүн колго алган соң, алар башкы шаарчалар менен чоң шаарларды көзөмөлгө алып жатышат.
Талибан өз аракетин май айында баштагандан берки эң эле маанилүү олжо - Кундуз шаарын колго алуусу болду.
270 миңдей калк жашаган шаар өлкөнүн түндүгүндөгү минералдарга бай облустарга жол ачкан аймак катары белгилүү. Ал стратегиялык жактан дагы маанилүү жерде жайгашкан. Тажикстан менен чектешип тургандыктан бул аймак аркылуу апийим жана героин ташылып турат.
Бул Талибан үчүн да символикалык мааниге ээ. Себеби, 2001-жылга чейин ал түндүктөгү негизги чеп болуп турган. Согушкерлер шаарды 2015-жылы колго алып, кийин кайрадан 2016-жылы дагы аракет кылып, бирок аны көпкө чейин кармап тура алышкан эмес.
Ооган расмийлеринин айтымында, коопсуздук күчтөрү шаарда дале согушууда.
Афганистандын түштүк-батышындагы Заранж Талибдердин колуна өткөн аймактагы биринчи шаар.
Түндүктөгү Шеберган, Сары-Пул, Талокан жана Айбак шаарлары да Талибандын көзөмөлүнө өткөнү айтылууда.
Жергиликтүү аксакалдар шаарды зордук-зомбулуктан сактоо өтүнүчү менен кайрылышканда "Талибан Саманган облусунун борбору Айбак жергесине согушсуз эле киришти", - деди губернатордун орун басары Сефатуллах Самангани AFP агенттигине.
“Губернатор кабыл алып, баардык күчтөрдү шаардан чыгарып кетти”, — деди ал.
Толо Нюс жана Шамшад ТВ дагы ооган күчтөрү шаардан согушсуз эле чыгарылганын Твиттерде жазышты. Куралдуу күчтөрдөн ыкчам билдирүү болгон жок.
Башка аймактарда АКШ менен ооган учактары абадан сокку уруп жүрүштү. Согушкерлердин аракеттери токтогон эмес, бирок ооган расмийлеринин айтымында, ондогон талибдер өлгөн.
Пули-Хумри жана Мазари-Шариф жергесинде дагы оор салгылаштар болгону айтылды. Мазари-Шариф Өзбекстан менен чек арадагы соода түйүнү болуп саналат. Аскер командирлери согушкерлер шаардын чет-жакаларына чыгарылганын айтууда.
Дүйшөмбү күнү эртең менен түштүктө жайгашкан Лашкар Гах шаарынын полиция штабынын сыртында катуу жарылуу угулган. Бул жерде эки тарап бир аптадан ашуун убакыттан бери согушуп жатышат.
Жашоочулардын айтымында, соңку эки күндө 20 жайкын тургун каза болуп, мектеп менен поликлиника талкаланган.
Бир нече шаардын колго алынышы жана башка шаарлардагы оор салгылашуу миңдеген жашоочулардын үй-жайын таштап качуусуна себеп болгон. Жаш балдары бар жана кош бойлуу аялдар үй-бүлөлөрү менен турак-жайларын таштап, борбор Кабул шаарына багыт алышты. (EA)











