Байден Афганистандан аскерлерди чыгарганына өкүнбөйт

Үй-жайын таштап качкан адамдар убактылуу лагерлерде уктап жатышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үй-жайын таштап качкан адамдар убактылуу лагерлерде уктап жатышат

АКШнын президенти Жо Байден Афганистандан аскердик күчтөр чыгарылып жатканына өкүнбөсүн айтты. Ал ортодо Талибан кулач жаюуда.

Байден Афганистандын лидерлерин биригип, “өлкө үчүн күрөшүүгө” чакырды.

АКШ баштаган күчтөр өлкөдөн чыгарылып жаткан учурда Афганистандын аймактарында зордук-зомбулуктар күчөп кетти. Ооган жериндеги аскердик операциялар 20 жылга созулган болчу.

Талибдер өлкөдөгү 34 аймактын борборун өздөрүнө каратып алып, калгандарын да коркутууда.

Ак Үйдө шейшемби күнү журналисттердин алдында сүйлөп жатып Байден АКШ Афганистандын алдындагы милдеттерин аткарганын айтты. Абадан колдоо көрсөтүү, аскер кызматкерлерине айлык төлөө жана ооган күчтөрүн азык-түлүк жана жабдуулар менен камсыздоо сыяктуу иштер аткарылганын кошумчалады.

Бирок “эми алар өздөрү үчүн өздөрү согушушу керек” деп айтты.

Вашингтон Пост гезити ысымы аталбаган мамлекеттик кызматкерге шилтеме кылып, АКШ аскеринин баасына таянуу менен борбор калаа Кабул Талибандын колуна 90 күндүн ичине өтүп кетиши мүмкүн экенин жазып чыкты.

БУУнун маалыматына ылайык, өткөн айда миңден ашуун жай тургундар Талибан менен мамлекеттик күчтөрдүн ортосундагы катуу салгылашта набыт болгон. БУУнун алдындагы Юнисеф балдар уюму бул жумада жаш балдарга каршы ырайымсыз мамиле “күн сайын өсүп жатканын” айтып эскертти.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Талибан шейшембидеги өзүнүн соңку аракеттери менен дагы эки облустун борборун каратып алган. Алар Фарах жана Пули-Хумри жергелери.

Расмийлердин айтымында, козголоңчулар өздөрүнүн байрагын башкы аянтта жана Пули-Хумридеги губернаторлуктун имаратында көтөрүшкөн. Пули-Хумри Баглан облусунун борбору жана Кабулдан болжолдуу 200 км алыстыкта жайгашкан.

Жергиликтүү журналист менен облустук кеңештин мүчөсү Би-Би-Сиге батыштагы Фарах шаары дагы Талибдерге өтүп кеткенин айтышты.

Андан тышкары бул аптада Талибан түндүктөгү башкы Кундуз шаарын алган. Ал минералдарга бай облустарга жол ачкан аймак катары белгилүү. Ал стратегиялык жактан дагы маанилүү жерде жайгашкан. Тажикстан менен чектешип тургандыктан бул аймак аркылуу апийим жана героин ташылып турат.

Оор салгылашуу өлкөнүн башка аймактарында жүрүп жатат. АКШ менен ооган учактары абадан сокку уруусун улантууда.

Салгылаш курчуп жаткан маалда миңдеген адамдар үй-жайын таштап качууга мажбур болушту.

“Түрмөнүн жанында жаткан өлүк адамдарды көрдүк... алардын жанында иттер жүргөн болчу”, — деп айтып берген AFP агенттигине Талибан каратып алгандан кийин Кундуздан качкан бир аял.

Шаарда жашап жаткан тургундардын айтымында, Талибдер көңүлүн мамлекеттик күчтөргө бура баштагандан кийин дүкөндөр ачылып иштеп калган. Өкмөттүк күчтөр аэропортко чегинип кетишкен.

“Адамдар дүкөндөрүн жана иштерин ачып жатышат, бирок алардын көздөрүнөн коркунучту көрүүгө болот”, — дейт бирөө.

Талибдер ок атышууну токтотуу боюнча эл аралык кайрылууларды четке кагышкан. (EA)