"Шаар курса да аздык кылат". Бакиевдердин фабрикасы, апрелчилердин ажырымы

прьоп

Сүрөттүн булагы, collage

Окуу убактысы: 4 мүнөт

Садыр Жапаров 10-майда "апрелчилердин" тигүү фабрикасына барды. "Айкөл таза коом" коомдук бирикмеси бул объектини Курманбек Бакиев моралдык жана материалдык кун катары куруп бергенин билдирди. Апрель окуясында жакындарын жоготкон адамдардын бир бөлүгү буга нааразы болушууда. Алар бозгундагы президентти кечирбей турушканын, анын өлкөгө келишине каршы экенин айтышууда.

Бишкектин четинде курулган фабрикага Садыр Жапаров 10-майда барган. Ал бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин акчасына салынган имаратты көрүп чыкты. Ошондой эле Апрель окуясы учурунда курман болгон адамдардын жакындары жана жаракат алган делген адамдар менен жолукту. "Ынтымак Ордо" бул боюнча расмий билдирүү тараткан жок. Президенттин видеосу "Айкөл таза коом" бирикемесинин Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды. Анда Садыр Жапаров бул тигүү фабрикасы үчүн эки гектарга чукул жер бөлүп бергенин ырастады.

"Бүтүрүп берген турбайбы, сөзүнө туруптур. Мен жер бөлүп бергем. Башында 50 сотых жетет дегенсиңер. Аны бөлүп берсем, жок, жетпей калды, бир гектар бер дедиңер. Дагы 50 сотых кошуп бердим. Андан соң дагы келдиңер. Азыр 1.7 гектар, дээрлик эки гектер жер бөлүп бердим. Мындай тигүү цехи Кыргызстанда жок. Мен азыр өзүм көрүп таң калып отурам. Машинелер акыркы моделде экен. Жатакана, бала бакчасы бар тура. Жакшы жерде жайгашкан. Бул жагы Ош базар, нары жагы автобекет, тигил жагы аэропорт", - деди Садыр Жапаров.

"Айкөл таза коом" бирикмесинин башчысы Усупбий Шеримбаев Курманбек Бакиев бул фабриканы апрель окуясында каза болгондордун жакындарына жана жаракат алгандарга материалдык-моралдык кун иретинде салып бергенин жазды:

"Шылуундар пайдасын көрүп, калганыбыз жөн эле четте калдык эле. Бакиевдер көп жолу моралдык жана абийир алдында жоопкерчиликти моюнга алып, кун төлөп берели деп сунуш айтып жүрүшкөн. Өткөн өттү, эми жашоону артка кайтара албайбыз. Андан көрө жабыркагандарга жардамын алып берели деп кеңештик. Бакиевдерге каза болгондордун жакындарына, ок тийип жабыркагандарга ишкана ачып бергиле дедик. Алар макул болуп, тигүү цех ачып берели дешти. Ошону иштетип, түшкөн пайданы бөлүп алмай болдук. Бирок цех кура турган жерибиз жок экен. Анан президент Садыр Нургожоевичке бизге жер бериңиз, бакиевдер ишкана ачып берем деп жатат. Жабыркагандарга, каза болгондордун жетим-жесирлерине көңүл буруп коюнуз деп сурандык. Жер бөлүп берип, аны бакиевдер каржылап, 400 кишилик заманбап тигүү цехин жатаканасы, бала бакчасы менен куруп берди".

выамв

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Апрель окуясында 90го чукул адам көз жумган

Апрель окуясында каза болгондордун жакындарынын жана жабыркагандардын пикирлери бир кылка эмес. "Айкөл таза коом" бирикемесинин бакиевчилер менен ымала түзгөнүнө каршы болгондор да бар.

Жаңыл Иманкулова 16 жыл мурун жалгыз уулун жоготкон. Андан калган небересин медер тутуп жашап келе жатканын айтат. Ал кечээтен бери эски жарасы козголуп, түнү менен ыйлап чыкканын, кандай кун төлөнсө да, бакиевдерди кечирбей турганын айтат:

"Канкор Бакиевдин келишине да, кун беришине да каршымын. Кечээ жарыяланган видеону 15 сыйра көрүп чыктым. Баламды эстеп, көз жашымды төгүп отурам. Биздин балдардын өлүмү бир фабрикага тең болуп калдыбы?! Маселени акча эле чечип калдыбы?! Ичтим, жедим, баарын жүктөп кеттим. Байлыктын баарын алдым. Мени кечиргиле. Ошондуктан жумушсуздарга жумуш берип, тигүү цехин салып берип жатам деп элге кайрылып, элден кечирим сурасын, бизден эмес. Бакиевдин бизге кун төлөгөнгө алы да жетпейт".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мурдагы төрагасы Амантур Жамгырчиев апрелчилердин айрымдары Бакиевге барып кун сурап келишкенин угуп жүргөнүн айтты. Өзү болсо мындай аракетти жактабай турганын билдирди.

"Бакиевчилер бир шаар куруп берсе деле аздык кылат го. Ошол жерде канча адамдын өмүрү кыйылды. Жетим-жесирлердин көз жашы бар. Фабрика куруп, акталып кетем дегенден алыс болсо. Бирок ошол фабриканы Бакиев эмес, мамлекет эле куруп берип койсо жакшы болмок", -деди Амантур Жамгырчиев.

Курманбек Бакиевдин "кайрымдуулук акциясы" боюнча ошол кезде түптөлгөн Убактылуу өкмөтүн мүчөлөрү үн каткан жок.

Би-Би-Си алардын бири, саясатчы, Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин пикирин угуу үчүн телефон аркылуу байланышып, кыска жооп алды.

"Бул боюнча эч нерсе деп айта албайм го. Балким ичинен толгонуп, жабыркагандарга жардам кылып койгондур. Ал эми юридикалык жактан кандай болорун айтыш кыйын. Мындан ары окуя кандай өнүгөт, ошого жараша болот да. Эгер өлкөгө кайтып келсе, соттун өкүмү боюнча камакка алынышы керек", - деди Каптагаев.

Бул арада бүгүн 11-май кечке жуук президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов үн катып, Апрель окуясынын катышуучуларынын өтүнүчү менен тигүү цехине ат тизгинин бурганын ырастап, президенттин "апрелчилерге" барганы юридикалык маселелерге эч кандай тиешеси жок экенин билдирди:

"Өзгөчө белгилей кетсем, 2010-жылдагы окуялар боюнча бардык соттук чечимдер жана укуктук баалар күчүндө калат. Президенттин "апрелчилерге" баруусунун бул юридикалык маселелерге эч кандай тиешеси жок. Кыдыруу учурунда Садыр Жапаров курулуштарды көрүп чыгып, цехте аны күтүп турган "апрелчилер" менен кыскача баарлашты. Ошону менен катар Мамлекет башчысы жолугушууда цех апрель окуясында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин белгиледи. Президентти чакырышканынын себебине токтолсок, тигүү комплексинин муктаждыктары үчүн мамлекет тарабынан 2 гектарга жакын жер тилкеси бөлүнгөн".

ваип

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Апрель окуясынан кийин ошол кездеги президент Курманбек Бакиев Беларуска качып кеткен

Бишкектин четинде тигүү фабрикасы курулуп жатканы жөнүндө маалымат 2024-жылы жайында чыгып, ага 11 млн доллардан ашык каражат жумшалары жана бул акчаны Курманбек Бакиев бөлүп берери жөнүндө маалыматтар тараган.

Былтыр апрелде Кыргызстандын Конституциялык соту адвокат Икрамидин Айткуловдун өтүнүчүн карап, өлкөдөн качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин иши кайра каралууга жатат деп тапкан.

Андан мурдараак, март айынын башында Кыргызстанга Максим Бакиев жеке учак менен келип кеткени тууралуу имиштер чыккан. Бирок атайын кызмат бул маалыматты төгүндөгөн. Ал ортодо президент Садыр Жапаров мамлекеттик "Кабар" агенттигине маек берип, Максим менен Жаныш Бакиевдер өлкөгө келсе камаларын, ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, ал камалбай турган болсо Минск аны Кыргызстанга өткөрүп берүүгө макул болгонун билдирген.

"Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон. Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары пикирин угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. "Кантип эле ушул турган Москва менен Минсктен алып келе албай жатасыңар" деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы", – деген Садыр Жапаров.

2023-жылы Садыр Жапаров Дубайда мурдагы президенттердин баарын бир үстөлгө чогултуп, жолугушуу уюштурган. Ал бул кадамга элдин ынтымагы үчүн барганын айткан.

2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин авторитардык, кландык жана криминалдык башкаруусуна каршы Ак үйдүн алдына чыккан демонстранттарга ок атылган. Анын кесепетинен токсонго чукул адам курман болгон. Тактан кулаган Бакиев үй-бүлөсү жана туугандары менен Кыргызстандан качууга аргасыз болгон. Ошондон бери ал Беларуста баш калкалап жүрөт.

Апрель окуларынан кийин Курманбек Бакиев 30 жылга сыртынан соттолгон. Анын уулу Максим менен бир тууган иниси Жаныш Бакиевге өмүрүнүн акырына чейин жаза берилген. Апрель окуясы боюнча жалпысынан 28 кишиге айып тагылган.