ТИМ: Афганистандан 24 кыргыз жараны эвакуацияланды
Абдыбек Казиев, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Афганистандагы соңку кырдаалдан улам, ал жактагы бир катар мамлекеттин элчиликтери өз жарандарын алып чыгып кеткени маалым. Бул боюнча кыргыз бийлигинин позициясы кандай жана биздин жарандарыбыздын эвакуацияланышы боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Би-Би-Синин суроолоруна ТИМдин өкүлү Алмаз Имангазиев жооп берди.

Сүрөттүн булагы, official
Би-Би-Си: Ооганстандагы соңку жагдайдан улам бир канча кыргызстандык эвакуацияланганы сөз болуп жатат. Бири 9, бири 12, дагы бири 15 жаран деп айтып жатат. Алардын так саны канча?
Алмаз Имангазиев: Бул маселе мамлекет башчы Садыр Жапаров жана Тышкы иштер министри Руслан Казакпаевдин көзөмөлүндө турат. Бүгүнкү күнгө карата Афганистандан жалпы 24 кыргыз жараны эвакуация болду. Анын ичинен кечээ, 18-августта 15 жаран Казакстандын жардамы менен Кабулдан Алматыга алынып келинген. Ага чейин 16-августта 3 жаран, 17-августта 6 жараныбыз АКШнын көмөгү менен Кабул шаарынан Катар мамлекетинин Доха шаарына эвакуация болгон.
Би-Би-Си: Кыргыз жарандары эки багытты көздөй, Доха жана Алматы шаарларына эвакуацияланган деп жатасыз. Алар качан, кандай шартта Кыргызстанга келишет?
Алмаз Имангазиев: 17-августта Кабул шаарынан Катар мамлекетинин Доха шаарына эвакуацияланган 9 жараныбыз ал жакта жайгаштырылган. ТИМ азыр бул жарандарыбыздын Кыргызстанга кантип, кайсы маршрут менен келерин тактап, бул маселенин үстүнөн иштеп жатышат. Ал эми 16-августта Алматыга келген 3 жараныбызды биздин ал жактагы башкы консулдуктун кызматкерлери тосуп алып, аларды “Ак жол” чек ара пунктуна алып келишкен. Учурда алар Кыргызстанда.
Би-Би-Си: Оонганстандагы акыркы кырдаалдан улам, бир катар өлкөлөр элчилигин, андагы кызматкерлерин толугу менен чыгарып кеткен мисалдар бар. Бул боюнча кыргыз бийлигинин позициясы кандай жана ал жактагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери эмне болот?
Алмаз Имангазиев: Азырынча кыргыз элчилигинин эвакуациялынышы боюнча маселе көтөрүлө элек. Элчиликтеги кызматкерлер толук кандуу иштеп жатышат.
Би-Би-Си: Афганистанда элчиликтен тышкары башка жумуштарда иштеген кыргызстандыктар да барбы?
Алмаз Имангазиев: Ооба, биздин Афганистандагы жарандарыбыз ар кыл тармактарда, анын ичинде медицина, жеке менчик уюмдарында эмгектенгендер бар эле, кээ бир жарандарыбыз аскерий базаларда иштеп жүрүшкөн.












