АКШ Афганистанда иштешкен котормочуларын алып кетет

Афган тилмечи (оңдо) американын жоокерлерине жергиликтүүлөр менен баарлашууга жардам берүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Афган тилмечи (оңдо) американын жоокерлерине жергиликтүүлөр менен баарлашууга жардам берүүдө.

Америка Кошмо Штаттары жаңжал учурунда АКШ баштаган күчтөргө жардам берген, эми коопсуздугуна коркунуч келип жаткан афган тилмечтерин эвакуациялоону баштайт.

Америка Кошмо Штаттары жаңжал учурунда АКШ баштаган күчтөргө жардам берген, эми коопсуздугуна коркунуч келип жаткан афган тилмечтерин эвакуациялоону баштайт.

Акүйдүн билдиришинче, "Санаалаштарды коргоо" операциясы июль айынын акыркы жумасында башталат.

Бул аракет президент Жо Байден белгилеген 11-сентябрга чейин Афганистандан АКШ куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү иштерине туш келди. Акыркы жумаларда Талибан өлкө боюнча көп аймактарды каратып алды

"Булар кайраттуу адамдар. Биз алардын акыркы бир нече жыл ичиндеги салымын таанып, баалашыбыз керек, " - деди Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки.

Атын атагысы келбеген кызматкер Рейтер агенттигине билдиргендей, алгач 2500дөй адам эвакуацияланат. Алар виза алуу боюнча документтери каралып чыкканча АКШда же үчүнчү мамлекетте аскердик мекемелерде жайгаштырылышы мүмкүн.

2001-жылы башталган Афганистан согушу учурунда АКШ өкмөтү же Америка баштаган аскер күчтөрү менен кызматташкандарга атайын имигранттык виза программасы сунушталат.

Талибдер Афганистан күчтөрүнүн чек ара бекеттерин, анын ичинде Иран, Тажикстан жана Түркмөнстан менен өтмөктөрдү тартып алып, өлкө боюнча ылдам жылышына байланыштуу өч алышат деген коркунуч күчөдү. Шаршемби күнү Талибандын согушкерлери Кандагарга жакын жердеги Спин-Болдак ашуусунда желектерин көтөрүшкөнү кабарланды.

Талибандын согушкерлери Кандагарга жакын жердеги Спин-Болдак ашуусунда желек көтөрүштү

Сүрөттүн булагы, TWITTER

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибандын согушкерлери Кандагарга жакын жердеги Спин-Болдак ашуусунда желек көтөрүштү

Көпчүлүк Афганистандын коопсуздук күчтөрү кол салууга туруштук бере албай, толугу менен кулап түшөт деп коркууда. 2001-жылы АКШ аскерлерин Афганистанга жөнөтүү чечиминин артында турган мурдагы президент Жорж Буш – “Американын чыгып кетишинин кесепеттери “укмуштай жаман” болушу мүмкүн” - деп эскерткен.

Бул жумада Германиянын Deutsche Welle телекөрсөтүүсүнө берген маегинде, Жорж Буш “Афганистан эли "кыргын үчүн" калтырылды”, - деп эсептээрин айтты. Афганистанды 90-жылдардын ортосунан тартып АКШ басып киргенге чейин көзөмөлдөп келген Талибан кыймылы адам укуктары жана маданий мыйзамдар бузулган деп айыпталып келген.

Алар киши өлтүргөндөрдү, эл алдында өлүм жазасына тартуу сыяктуу ислам жазаларын, ошондой эле телекөрсөтүүгө, музыкага жана киного тыюу салууну колдошот жана 10 жаштан жогору кыздардын мектепке барышына каршы.

Афганистан тууралуу дагы окуңуз: