Ооганстандагы түн жамынган эвакуация: АКШ аскери Баграмдан чыгып кетти

Сүрөттүн булагы, EPA
Базанын жаңы командиринин айтымында, америкалык аскерлер Ооганстандагы эң маанилүү база болгон Баграм аба майданын түн жамынып, оогандыктарга айтпай туруп таштап кетишти.
Генерал Асадулла Кохистани Би-Би-Сиге билдиргендей, АКШ аскери Баграмдан жергиликтүү убакыт боюнча 3.00дө чыгып кеткен. Ал эми ооган аскер жетекчилиги бул жөнүндө бир нече сааттан кийин билген.
Баграмда ошондой эле түрмө бар экени, анда беш миң чамал талиб камалып турганы да айтылууда.
Талибан соңку убакта Ооганстандан америкалык аскерлер чыгып кетип жатканына байланыштуу көп райондорду өзүнүн көзөмөлүнө алууда.
Генерал Кохистани дүйшөмбүдө билдиргендей, ооган күчтөрү талибдер Баграмга кол салат деген күтүү менен күжүрмөн даярдыкта турат.

Сүрөттүн булагы, EPA
Авиабазада журналисттер менен сүйлөшүп жаткан учурда ал базага жакын жердеги кыштактарды аралап куралчан топтор жылып келатканы жөнүндө кабар алганын айта кетти.
«Билесизби, эгер биз өзүбүздү америкалыктар менен салыштыра турган болсок, айырма абдан чоң»,-деди генерал Кохистани. «Бирок биз ал-күчүбүзгө жараша ... колдон келгендин баарын жасайбыз».
АКШ жума күнү Баграмдан аскери чыгып кетип жатканын жарыя кылган эле. Бул иш жүзүндө Ооганстандагы согуштук өнөктүктүн бүтүп жаткан убагы. Президент Жо Байден расмий мөөнөт кылып 11-сентябрды белгилеген болчу.
Ооганстандан америкалык аскерлердин чыгышы дээрлик 90% бүткөнүн шейшембиде Пентагондун борбордук командачылыгы билдирген эле.

Сүрөттүн булагы, EPA
Генерал Кохистанинин айтымында, америкалыктар 3,5 миллион керектүү нерсе калтырып кетишти, анын ичинде он миңдеген бөтөлкө суу, энергетикалык ичимдиктер жана даяр түрдөгү тамак-аш бар. Алар ошондой эле ачкычы жок миңдей автоунааны жана жүздөй бронетраспортерди калтырып кетишкенин Associated Press кабарлады.
Генерал Кохистанинин айтымында, алар оор куралдарды өздөрү менен кошо ала кетишти, ал эми ок-дарылардын айрым бөлүгүн жардырып жиберишти. Бирок ок атуучу куралдарды менен ок-дарыларды оогандыктарга калтырышты.
Түн жамынган аскердик эвакуация жөнүндө Associated Press агенттигинин суроосуна жооп берип жатып, АКШнын куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү полковник Сонни Леггетт АКШ бул маселени ооган лидерлери менен макулдашканын өткөн аптада эле жарыялаганын жүйө тартты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
AP агенттиги кабарлгандай, АКШ аскери кеткен жума күнү электр өчүрүлүп, база караңгыда калды. Ошол замат караңгы жамынган шылуундар тосмолордон ашып өтүп, кароосуз калган имаратка кирип, каалагандай тоношту. Базадагы калган буюм-тайымдар жакын жердеги металлолом топтогон кампаларда жана секонд-хенд дүкөндөрүнө барып түштү.
Баграм болуп турган убагында он миңдеген аскердин үйү эле. Ал афгандык авиабазадан бассейндери, кинотеатры, эс алуучу жайлары, Burger King жана Pizza Hut сыяктуу импорттук ресторандары бар өзүнчө эле мини-шаарга айланып калган эле.
Бул авиа базаны 1950-жылдарда Советтер Союзу курган, ал 1980-жылдары советтик аскерлер Ооганстанга киргенде анын негизги аскер базасы болуп калган.
Кийинчерек аны Москва колдогон ооган өкмөтү ээледи, андан кийин моджахеддердин колуна өттү. Ал эми 1990-жылдардын ортосунда Талибандын көзөмөлүнө алынды.
2001-жылы АКШ аскери киргенде, талибдерди кууп чыгып, авиабазаны өзүнүн колуна алып, андан чоң комплекс жасап, ушул жерден согуштук операцияларды башкарып турду. (КС)











