Байден Ооганстандагы аскердик операцияны аяктоо чечимин коргоду

АКШ президенти Жо Байден Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу операциясы 31-августта аяктайт деп билдирди.

Ооганстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ооганстандагы согушту башкарган АКШнын төртүнчү президенти америкалык аскерлердин ыкчам чыгып кетип жатканын актап, алардын өмүрүн сактап калып жатканын айтты. Байден бул билдирүүнү жасап жатканда, Талибандын согушкерлери бүт өлкө боюнча чабуулга өтүп, улам жаңы аймактарды каратып алууда. АКШнын аскери Ооганстанда 2001-жылдагы 11-сентябрда террордук чабуулдан бери дээрлик 20 жыл согушту.

Байден ушул жылдын башында 11-сентябрга чейин бардык америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүүнү буйрук кылган.

Дональд Трамп өзүнүн убагында талибдер менен сүйлөшүп, америкалык аскерди 2021-жылдын май айына чейин эле чыгарып кетмек болгон, бирок Байден президент болгондон кийин бул мөөнөт узарып кетти.

Байден

"Ооганстанда дагы бир жыл согушуу - бул чечим эмес, - деди Байден Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө. - Ал жакта кетпей кала берүүнүн гана рецеби болмок».

Ал ошол эле убакта Талибан 75000 согушкери менен 300 миң ооган аскерине күчү жетпейт деп айтты.

Ошондой эле Ооганстандан АКШ аскери чыгып кеткенден кийин АКШнын элчилигин, Кабулдун аба майданын жана маанилүү өкмөттүк объектилерди кайтарууга 650-1000 аскер калмакчы. Жакында болгон сурамжылоо АКШнын Ооганстандан кетип жатканын калың эле колдой турганын көрсөттү. Ошентсе дагы республикачыл шайлоочулар бул чечимдин тууралыгына анча ишенбей турушат.

Байден бардык котормочуларды, АКШнын өкмөтү менен иштеген бардык оогандарды өлкөдөн алып чыгып кетиш үчүн болгон аракет жасаларын айтты. Алар үчүн АКШга келгенге 2500 атайын иммиграциялык виза бөлүнгөн, бирок анын жарымы гана берилди.