Түркия менен Катар Талибанды дүйнө менен байланыштырган чыйыр
Том Батеман, Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бул аптада Батыш күчтөрү Афганистандан чыгып кетип жатканда Талибан майрамдап, асманга ок чыгарды. Бирок талибдер согушчандык менен дүйнөдө обочолонуп, өзү менен өзү болуп калды окшойт. Ал эми миллиондогон афгандар аябагандай эле бүдөмүк келечектин алдында турушат.
Дүйнөнүн лөктөрү Афганистанга исламчыл күчтөрдүн келишинен улам өз таасирин күчөтүүгө аракет кылып жатышат. Бул процессте араб жана мусулман коомчулугундагы эки мамлекет, Катар менен Түркия, негизги ортомчу катары чыгууда.
Экөө тең Талибан менен жакынкы өтмүштөгү мамилесине таянып жатат. Экөө тең ооматты кармап калсам дейт. Бирок экөө тең бир тобокелчиликке барууда. Анын кесепети Жакынкы Чыгыштагы эски атаандаштыкты курчутуп жибериши ыктымал.
Перс булуңунда жайгашкан газга бай, чакан Катар өлкөсүнүн расмийлери учурунда туңгуюкка кабылган өлкөгө көмөк көрсөткөн.
"Катардын кандайдыр бир салымысыз эч бир өлкө Афганистандан ири эвакуация процессин ишке ашыра алмак эмес", - дейт Дина Эсфандиари. Ал дүйнөлүк чыр-чатактарды изилдеген "Эл аралык кризистик топ" аттуу аналитикалык борбордо башкы кеңешчи болуп иштейт.
"Афганистан менен Талибан Катар үчүн чоң жеңиш болмокчу. Бул алардын талибдер менен ортомчулук кыла алганын көрсөткөндүктөн эмес. Бул алардын процесске катышы бар Батыш мамлекеттери үчүн маанилүү оюнчуга айланганы үчүн", - деди ал Би-Би-Сиге.
Батыш өлкөлөрү Кабулдан чыгып жаткан чакта мындай байланыштардын дипломатиялык мааниси өсүп кетти. Катардын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лолва Алхатирдин Twitter барагына көз чаптыра турган болсок, дүйнөлүк күчтөрдүн ретвит чынжырчасына айланганын көрүүгө болот.
"Катар… бул чыр-чатакта ишеничтүү ортомчу болууну улантууда", - деп жазган ал ушул айдын башында.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок Талибан менен көпүрөнү бекем кармоо келечекте кандайдыр бир коркунучтарды да камтышы мүмкүн. Мисалы, Жакынкы Чыгыштагы арсар турган кырдаалды ого бетер курчутуп жибериши ыктымал. Түркия менен Катар аймактагы исламчыл кыймылдарга жакыныраак. Бул болсо Египет, Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) сыяктуу күчтөр менен мамилени улам чыңалтып турат. Анткени, аталган өлкөлөр Талибан сыяктуу топторду туруш-турпаты менен коркунуч катары көрүшөт.
Эгерде аталган эки өлкө Түштүк Азиядагы Талибан менен дүйнөлүк дипломатияны ишке ашырып жатып күчтөнүп кетсе, анда тараза ташы Жакынкы Чыгышка оойбу?
Дина Эсфандиаринин айтымында, Талибандын бийликке кайра келиши исламчылыкка карата жаңырган мамилени билдирет. Бул жерде исламизм дегенди мамлекет менен коомду ислам мыйзамдарына ылайык кайрадан тургузууну көздөгөн саясий идеология деп түшүнүүгө болот. Бирок Эсфандиари исламизм азыр Түштүк Азияда эле кармалып турат дейт.
"Бул Жакынкы Чыгыш үчүн эмес, бул Афганистан үчүн маселе. Соңку он жыл ичинде бул аймак исламчыл жана исламчыл эмес топтордун ортосунда нары-бери көп эле түрткүнчүк болду", - дейт ал.
Талибан менен сүйлөшүү
Талибан биринчи жолу 1990-жылдары бийликте турганда үч эле мамлекет расмий байланышта болчу. Алар: Пакистан, Сауд Аравия жана БАЭ.
Сауд Аравия менен БАЭ АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы террористтик иш-аракеттерден кийин талибдер менен бардык расмий мамилесин токтоткон. Бирок кийинки жылдары саудиялык жеке тараптардын жашырын каржылоосу уланганы кабарланган. Саудиянын расмийлери мурда Талибанды каржылоо болгонун четке кагышып, жеке адамдардын акча жүгүртүүсүнө бөгөт коюу боюнча катуу чаралар бар экенин айткан.
Бирок америкалыктар АКШ куралдуу күчтөрү Афганистанда калышын колдошпогондуктан, дипломатиялык мамилелерди колго ала турган өлкөлөргө эшик ачылды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Катар жана Түркия талибдер менен мамилелерин ар кандай жолдор менен түзүштү.
АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын бийлиги согушту токтотууну көздөп, Катарда Талибандын лидерлери менен 2011-жылы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн.
Бул процесс карама-каршылыктар жана эки анжы мамилелер менен коштолгон. Доханын чет жакасындагы жайда талибдердин байрагынын илингени көпчүлүктү кыжырданткан (Американын өтүнүчү менен алар туунун сабын кыскартып коюшкан). Бул катарлыктардын өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүнү көздөгөн отуз жылга созулган амбициясын калыптандырууга өбөлгө түздү. Бул, аймактагы эки уюлду түзгөн Иран жана Сауд Аравия ортосунда отурган өлкө үчүн аябай зор мааниге ээ.
Доха сүйлөшүүлөрү былтыр АКШнын президенти Доналд Трамптын Американын аскерлерин Афганистандан 2021-жылдын май айына чейин чыгарып кетүү макулдашуусунда өз кульминациясына жеткен. Президенттикке шайланып келгенден кийин Жо Байден аскерлерди толугу менен чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн 11-сентябрга чейин узартып жатканын жар салган.
"Этият оптимизм"
Афганистан менен бекем тарыхый жана этникалык байланыштары болгон Түркия НАТОго мүчө болгон мусулман калкы басымдуулук кылган жападан жалгыз мамлекет. Бирок Афганистандагы иштерге Түркиянын согуштук эмес күчтөрү катышкан.
Аналитиктердин айтымында, Түркия талибдерге байланышы болгон айрым согушкерлер менен чалгындоо багытындагы жакын мамилени түптөгөн. Ошондой эле, Түркия кошуна Пакистан менен шериктеш. Ал эми Пакистандын медреселеринен биринчилерден болуп Талибан пайда болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өткөн аптада Кабул аэропортунда баш аламандыктар жүрүп жатканда Түркиянын расмийлери Талибан менен үч сааттан ашык сүйлөшүү жүргүзүштү. Айрым талкуулар аэропорттун өзүнүн келечеги жөнүндө болду. Аэропортту түрк аскерлери алты жыл кайтарышкан болчу. Талибан болсо башка чет элдик аскерлер менен бирге түрк күчтөрүнүн чыгарылышын дагы эбак эле айткан. Бирок аналитиктердин айтымында, өткөн аптадагы жолугушуу чоңураак сүйлөшүүнүн бир бөлүгү болгон.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Талибан лидерлеринин сөздөрүн "этият оптимизм" менен кабыл алганын айтты. Талибдер менен байланышканы боюнча сын-пикирлерге жооп берип жатып, ал ким менен сүйлөшүшү керек экени боюнча "эч кимден уруксат сурабай турганын" кошумчалады.
"Бул - дипломатия", - деди ал басма сөз жыйынында.
"Түркия Афганистандын биримдиги үчүн колдоонун бардык түрүн көрсөтүүгө даяр. Бирок аябай этият жол тутат", - деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Стамбулдагы Алтынбаш университетинин ооган мамилелери боюнча эксперти профессор Ахмет Касым Хан талибдер менен иштешүү президент Эрдоганга мүмкүнчүлүк камсыздайт деп ишенет.
"Өз бийлиги туруктуу болушу үчүн Талибан эл аралык жардамга жана инвестицияга муктаж. Талибан бүгүнкү күндө өзүнүн мамлекеттик кызматкерлерине айлыгын төлөп бергенге да мүмкүнчүлүгү жок", - деди ал Би-Би-Сиге.
Анын айтымында, Орусия же Кытайга салыштырмалуу Түркия өзүн ишеничтүүрөөк ортомчу катары көрсөтүп жаткан болушу мүмкүн. Орусия менен Кытайдын Кабулдагы элчиликтери иштеп жатат.
"Түркия ошол ролду ойной алат", - дейт ал.
Беделин түшүрүп алуу коркунучу
Кабулда бийликке келгенден бери Талибан менен кандайдыр бир байланышты камсыздоого, айрыкча Доха аркылуу, көптөгөн мамлекеттер аракет кылышты. Бирок абал тобокелчиликтерге толо болсо дагы Түркия жеринен байланышты түзүүгө бекем позицияга ээ.
Профессор Ахмет Касым Хандын айтымында, Афганистан менен андан аркы байланыштар Эрдоганга тышкы саясаттагы "шахмат талаасын кеңейтүүгө" жана АК партиянын колдоосу менен ойноого шарт түзөт.
"Алар Түркиянын тагдыры айдан-ачык деп ойлошот. Мындай позиция мусулман дүйнөсүндө чанда кездешет. Ал Түркиянын өтмүшүнө жана Осмон халифатынын мурасына негизделген".
"Бирок бул роль кайсы бир өлкө, анын ичинде Түркия да, шариат бийлигин түптөөгө демөөрчү болгон чекке жетсе… Түркия өзүн ал жерде көрбөшү керек", - деп кошумчалады ал.
Президент Эрдогандын кадамы кыйла "рационалдуу" экени айтылат. Түркия АКШ жана НАТО менен чыңалган мамилесин жумшартып, афган качкындарынын Түркияга болгон агымын токтото алгыдай таасир эткен деңгээлге жеткире алды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Азырынча Афганистандын эли чоң белгисиздиктин алдында турганда Катар менен Түркия талибдердин сырткы дүйнө менен байланышын камсыздагандардын арасында. Кытай менен Орусия дагы алдыда Кабул менен байланыш үчүн ат салышат.
"Түркия Батыштын мүчөсү катары адам укуктары маселесинде Батышын басымына көбүрөөк кабылат", - дейт профессор Ахмет Касым Хан .
Талибандын бийлигинин толкундары эми эле козголо баштады. Миллиондогон жөнөкөй афгандардын жашоосу ошол толкундардын кандай жайылышынан көз каранды. (EA)











