Талибан кандай аскердик куралдарга ээ болуп калды?

Викас Пандей & Шадаб Назми, BBC News, Дели

Талибан Афганистанда бүт куралдарга ээ болуп калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жакында эле коомдук желеге чыккан видеодон Талибан согушкерлери АКШнын аскердик жабдуусунун бөтөнчө үлгүсү болгон Black Hawk Кандагар аэропорту аркылуу учуп өткөнүн карап тургандарын көрүүгө болот.

Бул көп максаттуу тик учактын учуп-конуу тилкесинде конгону жатканы дүйнөгө бир ойду жеткирди: Талибан эми чалдыбары чыккан пикаптардагы Калашников көтөргөн ар кошкон аскерлердин тобу эмес.

Кабул 15-августта ашынган исламист топтун колуна өткөндөн бери Талибандын согушкерлери бүт эле жерлерде АКШнын курал-жарактары жана аскердик техникалары менен түшкөн сүрөттөрүн чыгарып жатышат.

Коомдук желеде алардын айрымдары толугу менен согуштук формада болгондуктан аларды дүйнөнүн башка атайын күчтөрүнөн айырмалоого мүмкүн болбой калды. Аларга мүнөздүү болгон узун сакалдары же салттуу шалбар-кемселдери жана заң баскан куралдары жок. Алардын көрүнүшү кадимкидей эле.

Алар Афган улуттук коргонуу жана коопсуздук күчтөрү биринин артынан экинчиси багынып жатканда курал-жарактарды тартып алган.

Коомдук желеде айрымдарынын айтымында, бул Талибанды аба аскердик күчтөрүнө ээ болгон жападан жалгыз экстремисттик топко айланткан.

Талибан канча учакка ээ болду?

АКШнын Афган реконструкциясы боюнча атайын генералдык инспекторунун (Sigar) маалыматы боюнча, июнь айынын акырында ооган аба күчтөрү 167 учакка ээ болчу. Анын ичинде сокку уруучу тик учактар менен учактар болгон.

Афган күчтөрүндө канча учак бар?

Бирок ошол 167нин канчасын Талибан тартып алганы белгисиз. Кандагар аэропортунун спутниктен тартылган сүрөтүндө бир нече ооган аскердик учактары учуу-конуу тилкесинде токтоп турганын көрүүгө болот. Сүрөттү Би-Би-Сиге Planet Labs берген.

Талибан бийликке келгенден кийин алты күн өткөн соң тартылган сүрөттө беш учакты көрүүгө болот. Ангад Сингхдин айтымында, жок эле дегенде экөөсү MИ-17 тик учагы, экөөсү Black Hawk (UH-60) жана дагы бири тик учак. Ал дагы UH-60 болушу мүмкүн. Ангад Сингх Делидеги Байкоочулардын изилдөө фондунда аскердик авиация эксперти болуп иштейт.

Кандагар
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Андан айырмаланып, 16-июлда спутниктен тартылган сүрөттө 16 учакты көрүүгө болот: тогуз Black Hawk, эки MИ-17 тик учагы жана беш учак.

Демек, бул учактардын айрымдары башка өлкөгө же башка авиа базаларга чыгарылган болушу ыктымал.

Ошондой эле, Талибан калган тогуз афган авиа базасын, анын ичинде Герат, Хост, Кундуз жана Мазари-Шарифтеги базаларды дагы колго алган. Бирок аталган базалардын спутниктен тартылган сүрөттөрү жеткиликсиз болгондуктан ал жактан канча учак алганы белгисиз.

Талибан согушкерлери менен жергиликтүү маалымат каражаттары аталган аэропорттордон тартылып алынган учактардын жана учкучу жок дрондордун сүрөттөрүн чыгарып жатышкан.

Бирок айрым божомолдор боюнча, жикчил согушкерлерге өткөнгө чейин эле учактардын айрымдары Афганистандан чыгарылып кеткен болушу мүмкүн. Атын атагысы келбеген Делидеги авиация экспертинин айтымында, Өзбекстандын Термез аэропортунун 16-августта спутниктен тартылган сүрөтүн карап көргөндө, ондогон тик учактар, анын ичинде MИ-17, MИ-25, Black Hawk жана бир нече жеңил сокку уруучу A-29 менен C-208 учактарын көрүүгө болот.

CSIS коопсуздук багытындагы аналитикалык борборунун эксперттеринин айтымында, бул учактар менен тик учактар мурда Афган аба күчтөрүнө таандык болушу мүмкүн.

Термез

Талибан дагы кандай согуштук комплекттерге ээ болду?

Талибандын аба кубаты боюнча суроо жаралып жаткан менен эксперттер алардын акыркы үлгүдөгү куралдарды, мылтыктарды жана транспортторду өздөштүрүп кетүүдө тажрыйбасы бар экени боюнча бирдей пикирде.

2003-жылдан 2016-жылга чейин АКШ аябагандай көп аскердик жабдууларды Афган күчтөрүнө алып келген. АКШ өкмөтүнүн эсеп-кысап баяндамасына ылайык, ар түрдүү маркадагы 358 530 мылтык, 64 миңден ашуун пулемет, 25 327 гранатомет жана 22 174 HUMMER (жол тандабас) алынып келинген.

2014-жылы НАТО күчтөрүнүн согуштук ролу аяктаган соң ооган армиясына өлкө коопсуздугун камсыздоо тапшырмасы берилген. Ал талибдерге туруштук бере албай кыйналгандыктан, АКШ көбүрөөк шаймандарды камсыздап, эскирген аскердик жабдууларды жаңыртып берген болчу.

2017-жылы эле, АКШ дээрлик 20 миң M16 мылтыгын жабдып берген. Sigar уюмунун маалыматына ылайык, ал 2017-2021-жылдары ооган коопсуздук күчтөрүнө башка шаймандар менен бирге, бери эле дегенде 3598 M4 мылтыгын жана 3012 HUMMER берген.

Жол тандабас
Карабин

Ошондой эле, ооган армиясы кыска аралыктан колдонулган сокку уруучу мобилдик транспортторго ээ болгон. Аталган 4х4 “жумушчу унаалар” адамдарды же шаймандарды ташуу үчүн пайдаланылган.

Мобилдик транспорт

Талибан жаңыдан алган курал-жарактарды эмне кылышы мүмкүн?

Бул эми жабдууга жараша.

Учакты тартып алуу талибдерге оңой болгону менен бирок аларды кароо жана иштетүү кыйынга турушу мүмкүн дейт Жонатан Шроден. Ал CNA консалтинг уюмунун директору жана АКШнын Афганистандагы күчтөрүнө мурда кеңешчи болгон. Учактардын бөлүктөрүн оңдоого жана алмаштырууга туура келет. Ал үчүн аба күчтөрү ар бир учактын дараметин текшерип турган техниктердин тобуна таянат.

Учактардын көпчүлүгү АКШнын жеке менчик компаниялары аркылуу кароодон өткөрүлүп турчу. Алар болсо эбак эле, талибдер августта шаарлар менен облустарды каратып ала баштаганда, өлкөдөн чыгып кете баштаган.

Жоди Виттори Талибандын учактарды карап иштетүү боюнча тажрыйбасы жок экенине макул. Ал Афганистанда кызмат өтөгөн АКШнын аба күчтөрүнүн ардагери, учурда Жоржтаун университетинин глобалдык саясат жана коопсуздук боюнча профессору. “Талибандын учактарды пайдалануусунда азыр чоң коркунуч жок”, - дейт ал. Виттори ооган күчтөрү артка тартканда учактардын бир бөлүгү иштен чыккан болушу мүмкүн экенине көңүл бурду.

“Бирок талибдер мурдагы ооган пилотторун учакты башкарууга мажбурлоого аракет кылат”, - дейт Жейсон Кэпмбелл. Ал Рэнд корпорациясынын изилдөөчүсү жана АКШнын коопсуздук министрлигинин Афганистан боюнча офисинин мурдагы директору. “Талибан аларды жана алардын үй-бүлөлөрүн коркутат. Алар учактардын айрымдарын көккө алып чыгышы мүмкүн, бирок алардын узак мөөнөттүү келечеги бүдөмүк”.

Талибан орустардын MИ-17лерин иштете алышы ыктымал. Анткени, алар өлкөдө көп жылдардан бери колдонулуп келатат. Калгандары боюнча алар тилектеш мамлекеттерге кайрылып, оңдотуп машыгуудан өтүшү мүмкүн.

Башка курал-жарактарды жикчилдер оңой эле өздөштүрүп кетет. Ал тургай Талибандын жөө аскерлери тартып алган жерде жүргөн жабдууларды оңой эле колдонуп жатышат. Көп жылдардан бери колдон колго өтүп келген көзөмөл-өткөрмө бекеттери менен аскердик дезертирлер мына ушундай куралдар менен таанышууга өбөлгө түзгөн.

“Бул топтун мындай заманбап куралдарга жеткени - болуп көрбөгөндөй утулуу”, - дейт Вашингтондогу Вилсон борборунун директорунун орун басары Майкл Кугелман.

Бирок анын таасири Афганистан менен эле чектелбейт. Майда куралдар көмүскө базарларда сатылып, дүйнөнүн башка жактарындагы жикчилдерди ордунан козгошу мүмкүн деген кооптонуулар бар.

“Бул жакын арада боло турган коркунуч эмес, бирок алдыңкы айларда сатуу тармагы жөнгө салынышы ыктымал”, - дейт Жоди Виттори. Аны токтотуу түйшүгү Пакистан, Кытай жана Орусия сыяктуу кошуна өлкөлөргө жүктөлөт.

Жейсон Кэпмбеллдин айтымында, талибдер жоопкерчиликтүү көрүнүүгө аракет кылгандай, бирок алар дүйнөдөгү идеологиялык жактан бирдей топторду колдобой койбойт.

Талибандын ички биримдиги дагы бул куралдардын кандай колдонуларында башкы факторлордун бири болуп калат.

Жоди Витторинин айтымында, Талибан альянсынан айрым топтор бөлүнүп чыгып, курал-жарактарды өзү менен кошо алып кетүү ыктымалдыгы бар. Ошондуктан Афганистанды колго алуу эйфориясы тарагандан кийин, көп нерсе жетекчилердин бул топту канчалык деңгээлде биримдикте кармай аларынан көз каранды. (EA)

Дэвид Браундун кошумча репортажы