Талибан аскер авиациясына ээ болду

Павел Аксенов

Би-би-си

тик учак

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алдын-ала маалымат боюнча, афган аба күчтөрүнүн төрттөн бир бөлүгү чет өлкөгө чыгарылып кеткен.

Талибдердин чабуулу астында калган ооган армиясы аларга көп сандаган ар кандай курал-жарактарды жана аскердик техникаларды калтырды. Талибдерге ондогон жеңил чопкутталган жана жүк ташуучу унаалар, жүздөгөн ок атуучу куралдар калды. Бирок, баарынан баалуу олжо аскердик авиация болуп калышы мүмкүн.

Талибдерге канча самолёт жана тик учак калгандыгы тууралуу маалымат жок. Биринчиден, афган күчтөрү чегинүү учурунда учактын бир бөлүгүн жок кылган болушу мүмкүн. Экинчиден, белгилүү сандагы учуучу аппараттар коңшу өлкөлөргө өткөрүлүп берилгени маалым.

Ага карабастан, талибдердин колуна бул аймактагы аскердик операцияларда абдан натыйжалуу чабуулчу учактар жана тик учактар тийиши ыктымал.

Эми негизги суроо - талибдер авиацияны жана запастык бөлүктөрдү тейлөө үчүн адистерди жана эң негизгиси, аларды асманга көтөрө ала турган учуучу персоналды таба алабы?

Басып алуу

Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча америкалык атайын инспекторунун кеңсесинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-январына карата ооган аба күчтөрүнүн 162 учуучу аппараты болгон. Бирок алардын көбү ишке жараксыз болчу.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле булакка ылайык, бул жылдын башында ооган аскердик аба күчтөрүнүн учууга жарактуу 50 учагы болгон: 17 жеңил чабуулчу А-29 учагы (Embraer EMB 314 Super Tucano) жана 10 AC-208 Combat Caravan жеңил сокку уруучу учагы, ошондой эле 21 C -208 Cessna Caravan жеңил транспорттук учагы жана эки орто C -130 Hercules. Кошумчалай кетсек, 86 тейлөөчү тик учак болгон: 12 орус өндүрүшүнүн Ми-17 транспорттук вертолету, 38 жеңил MD 530F жана 36 UH-60 Black Hawk учагы болгон.

Андан сырткары, бир нече учак атайын багыттагы авиация бөлүмүнүн курамында болгон, бирок бул маалымат жашыруун болгондуктан ал учактар ​​тууралуу так маалымат жок.

Бардык заманбап ооган авиациясын, анын ичиндеги россиянын тик учактарын дагы Америка Кошмо Штаттарынан камсыздаган.

Көпчүлүк учуучу аппараттар аэродромдо же ангарда болгондуктан, алардын абалын баалоо кыйын. Кээ бирлери асманга көтөрүлө алышпаганын көрүүгө болот, анткени алар бузулган же кайсы бир тетиктери түшүп калган.

MD 530 учуучу аппараттары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, MD 530 учуучу аппараттары

Талибдер учакта

Бир кездерде «Талибан» кыймылынын өзүнүн аскердик аба күчтөрү болгон.

1992 -жылы Мохаммад Нажибулланын режими кулагандан кийин, талибдерге бир кездеги чоң аба күчтөрүнүн калдыктары мураска калган. Алардын колунда бир нече согуш куралдары болгон - жеңил МиГ-21МФ жана катуу Су-22 калган. Мындан тышкары, аларда Ми-8 тик учактары, ар кандай типтеги транспорт учактары жана машыгуучу Л-39 болгон.

Акыр-аягы, бул учактардын баары техникалык тейлөөнүн начардыгынан жерде конуп турган учурда жараксыз абалга келген же 2001 -жылы америкалык аба чабуулдары учурунда жок кылынган.

Ооган аэродромунда калган учактарды жана вертолетторду колдонууга мүмкүн болсо, талибдер эми эмне кылышы мүмкүн?

МиГ-21

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2010-жылы Гератта "Талибан" кыймылынын мүчөсү талибдердин аба күчтөрүнүн эмблемасы менен МиГ-21 учактарынын жанында туруп сүрөткө түшкөн.

Партизандарга каршы аба күчтөрү

«Кандай болгон күндө да, ооган аба күчтөрүнүн бир дагы учагы же тик учагы оор транспорттук учакты кармай албайт», - дейт Россия илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш таануу институтунун улук илимий кызматкери Василий Кашин: «Америкалыктар ооган армиясына берип жаткан техникасына абдан кылдат карашкан. Авиациядан алар унааларды же таза чалгындоо машиналарын же эгер алар согуштук унаалар болсо, анда атайын операцияга каршы аппараттарын гана беришкен. "

Анын пикиринде, талибдер колго түшкөн машиналарды учуучу абалда кармап турса дагы, алар коңшу өлкөлөргө коркунуч келтире албайт.

"Аскердик авиация бар жерде алардын эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Булар эч кандай аба согушун жүргүзө албаган жана коргоно албаган машиналар", - деди Кашин.

Анын айтымында, бул учактар паркы талибдер үчүн Ооганстанда операция жүргүзүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Эгерде алар тик учактарды жана учактарды абага көтөрө алышса, анда алар бийликти бекемдөө үчүн күрөштө колдоно алышат.

«Көпчүлүк аймагы тоолуу Афганистанда транспорттук учак аскерлердин мобилдүүлүгүн жана согуштук эффективдүүлүгүн кескин жогорулатат»,- деди Кашин.

UH-60 Black

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, UH-60 Black учактарын Афганистанда жарадар алгандарды ташууга дагы колдонушкан

Техникалык тейлөө

Талибдер ишке жарактуу учакка ээ болгону менен, алар сөзсүз түрдө ал учактарды тейлөө көйгөйүнө туш болушат.

Орусиянын эл аралык иштер боюнча кеңешинин аскер эксперти Илья Крамник Би-Би-Си орус кызматына билдиргендей, ооган аба күчтөрүндө америкалык адистердин катышуусуз эки гана типтеги учак техникалык тейлөөдөн өтүшү мүмкүн. Бири - МИ-17 тик учактары (жана анын негизги модификация МИ-8) жана экинчиси - C-208 Cessna Caravan учагы.

МИ-7 аппараттары афгандыктарга өлкөдө советтик аскерлер турган күндөрдөн бери жакшы белгилүү жана C-208 Cessna Caravan жеңил транспорттук учагы ошол эле аталыштагы жалпы жарандык учактын версиясы.

"Калган учактар жана тик учактар, талибдердин колуна өткөн учурда ишке жарамдуу абалда болгону күмөндүү", - деп эсептейт эксперт.

"Адистердин айтымында, америкалыктардын, анын ичинде жабдууларды иштеткен америкалык адистердин кетиши менен, Ооганстан аба күчтөрүнүн техникалык даярдыгы июнь айынын аягынан бери кескин төмөндөп кетти", - дейт ал.

Крамник Ооган авиациясынын көптөгөн адистери талибдердин режими менен кызматташпайт деп эсептейт: "Бул жигиттер, биринчиден, идеологиялык жактан талибдерге каршы, экинчиден, алар учуп кете ала турган аппараттар менен учуп кетишти".

Василий Кашиндин айтымында, АКШ Америка өндүрүшүнүн тик учактары үчүн тетиктер базарын көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болсо Ооганстанга жеткирилишине бөгөт коюуга аракет кылат. (MD)