Милдеттүү тест. Кыргызстанда мамлекеттик тилдин талабы жана сабагы
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, testing.kg
Кыргызстанда Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайына тапшырган бардык бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик тилден тест тапшырууга милдеттендирди.
Мамлекеттик тилден тест ЖРТ менен кошо тапшырылат. Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары мыйзам чегинде мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен бирге чыгарылат.
Эгер абитуриент мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт.
“Мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт”,-дейт Билим берүү министрлигинин билдирүүсүндө.
Бул талаптар “Мамлекеттик тил жөнүндө” өткөн жылы кабыл алынган жаңы конституциялык мыйзамдан келип чыгууда жана мындан да башка бир топ өзгөрүүлөрдү каралууда.
"Мамлекеттик тил Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында мектепке чейинки тарбия жана билим берүү уюмдарында, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат",-деп көрсөтүлгөн мыйзамда.
Мыйзам боюнча мектептерде класстан класска көчүрүү милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндө болушу керек, ал эми башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында мамлекеттик тилден кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жождордо студенттер азыр экинчи курстун аягында тарых, география жана кыргыз адабиятын бириктирген бир экзамен тапшырып келатат. Эми анын ордуна мамлекеттик тилден бүтүрүү экзамени кириши мүмкүн.
Ал эми башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларына тапшырууда мамлекеттик тилден экзамен жок, бул биринчи жолу киргени жатат.
Тил саясатынын эксперттери жаңы талап бүтүрүүчүлөргө эч оорчулук алып келбейт, анткени мамлекеттик тилди окуп үйрөнүүгө мектептерде тийиштүү шарт түзүлгөн дешет.
"Бул эң сонун иш. Анткени 1989-жылдан бери кыргыз тили мектептерде окутулуп атпайбы 1-класстан баштап. Орус, өзбек, тажик мектебине да кирген. Окуу китептери, окуу куралдары чыккан",-дейт Кыргыз Улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору Садык Тиллебаев.
2023-жылы ЖРТ баардыгы 51 601 бүтүрүүчү катышып, анын 30247 кыргыз тилинде, 20826 орус тилинде тапшырган.
Айтмакчы, кыргыз тилинен бүтүрүүчүлөр мурда деле тест тапшырып келишкен, бирок ал ыктыярдуу негизде эле. Кыргызтест борборуна тест тапшырып, сертификат алган бүтүрүүчүлөргө ЖОЖдорго тапшыруудан артыкчылык берилген.
"2017-жылы өкмөт кабыл алган токтомдо эгер бюджеттик орунга конкурста ЖРТ баллдары бирдей болуп калган убакта артыкчылык кыргыз тилинен сертификаты бар бүтүрүүчүгө берилет деп жазылган",-дейт Кыргызтесттин директору Батма Топоева-Ставинская.
"Стратегиялык маселе"

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg
"Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзам өткөн жылы кабыл алынган. Москвадан Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров аны "демократиялык эмес кадам", "орус тили Украинадагыдай басмырланууда" деп каршылык билдирген. Бирок Садыр Жапаров жаңы мыйзам орус тилин дискриминация кылбайт деп жооп кайтарып, ошону менен талкуу токтогон.
Жаңы мыйзамда билим берүүнүн негизги тили мамлекеттик тил деп кашкайта жазылган. Эми бул талапты аткаруунун аракети көрүлө баштады.
Өткөн жыл этегинде Кыргыз Улуттук университетинде бул темада жыйын болуп, биринчи кезектеги милдеттер жана аны аткаруу жолундагы көйгөйлөр айтылган.
"Биз билим берүүнү мамлекеттик тилге которуп алганда гана бул мыйзам иштеп кете алат. Бул жакта Билим берүү жана илим министрлигинин өзгөчө вазипасы бар экенин баса белгилеп айтамын",-дейт Мамлекеттик тил жана тилдер саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев.
Мисалы, мыйзам талабы боюнча бардык окуу жайларда билим берүү негизинен мамлекеттик тилге которулушу керек. Ошондой эле окуу жайларда иштегендер, сырттан чакырылгандардан сырткары, бардык педагогикалык-илимий кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү экени көрсөтүлгөн.
Каныбек Осмоналиев өзү мурда иштеп кеткен Улуттук университетте физиканы кыргызча окутуудагы кемчиликтерди айта кетти.
"Кептин баардыгы университеттерде болуп атат. Мисалы, мен министр болуп жүргөндө эле кыргыз тилинде лекция окучумун. Жалпы физика курсун кыргыз тилинде окуп атам. Атомдук, ядролук физиканы дагы. Жалпы физика курсун биринчи курстан баштап окутабыз. Механиканы кыргызча окуйт, молекулярдык физиканы орусча окушат. Электричествону орусча окуйт, оптиканы кыргызча окуйт, жалпы физиканы мен кыргызча окуйм. Студенттердин башын айландырып атабыз. Себеби эмнеде? Молекулярдык физиканы окуган азаматыбыз кыргызча сүйлөй албайт. Кыргызча сүйлөй албасаң кетишиң керек жумуштан. Кыргызча сүйлөй турган окутуучу келиш керек. Эми элестетип көргүлө. Физиканы бүткөн бала Чоң-Алайга, Чаткалга мугалим болуп барды, тили келегей болуп барып атпайбы. Орусча окуган терминдерин пайдаланып атат. Анан каяктагы терминдердин унификациясы жөнүндө сөз кылабыз. Бул деген стратегиялык маселе", -дейт Каныбек Осмоналиев.
Кандай деген менен Кыргыз Улуттук университети окутуу процессин мамлекеттик тилге көчүрүү жагынан Бишкектеги ЖОЖдордун арасынан көч башында келатат. Университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору Садык Тиллебаев окуу жайда кыргыз тилинде окугандар жалпы студенттердин 65% түзөрүн билдирди. Ал эми чет тил, кыргыз-кытай, кыргыз-европа факультеттеринде адистигине жараша англис, кытай тилинде, француз, орус тилинде окутулат. Бирок аларга милдеттүү түрдө кыргыз тили да, "Манас таануу" да кирет.
Улуттук университетте физиканын технологияларын жалаң кыргызча окутуп келаткан Эсенбек Мамбетакунов сыяктуу тажрыйбалуу окумуштуулар бар.
Кыргыз тилдүү группалар
Кыргызстанда билим берүүнүн негизги тили совет доорунан калыптанып калгандай эле көбүнчө орус тилинде болууда. Мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлар, анын ичинде техникалык, медициналык багытта адис даярдаган университет, академиялар басымдуу түрдө орус тилинде окутат.
Анын себеби, эгемендикке жетишкен 30 жылдан ашуун убактан бери Кыргызстан жогорку билим берүүнү мамлекеттик тилге көчүрүү үчүн жарамдуу база түзө албады. Көпчүлүк окуу жайларда кыргыз тилинде окуу куралдар жетишпейт, окутуучулук-профессордук курам даяр эмес.
Кыргыз техникалык университетинде, Медицина академиясында кыргыз тилде окуган бирин-экин группалар бар. Медакадемияда лекциялар баарына орусча жүрөт. Кыргыз группага жазылып алып, кийин орусча окуган группага суранып өткөн студенттер көп.
Борбордук Азия университети, Борбор Азиядагы Америка университети сыяктуу окуу жайлар англис тилинде окутат. Ал эми кыргыз-түрк "Манас" университетинде окутуу түрк, кыргыз тилинде аралаш. Кыргыз-орус славян университетинде баардыгы орус тилинде. Жаңы тил мыйзамынын талабы боюнча башка өлкөлөр менен биргелешип түзгөн университеттерде окутуу тили кандай чечилет деген суроо бар.
Улуттук университеттен айырмаланып, Кыргыз техникалык университетинде он факультеттин ичинен үчөөндө гана (технология, энергетика, экономика) кыргыз тилде окуган группалар бар. Окумуштуулар кеңеши жакында кийинки окуу жылында ар бир факультетте кеминде бирден кыргыз тилдүү группалар болсун деген чечим кабыл алды.
Кыргыз тилинде сабак өтүп, лекция окуп, эмгектерин жазган окутуучуларга стимул иретинде кошумча каражат төлөп дем берүү тууралуу сунуштар айтылган менен администрациядан колдоо таба элек.
"Кыргызча китептерди жараткан, жазган агайлар көп, баары эле аракет кылууда",-деди университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору Сыдыков Жыргалбек.
"Чилтен" жана "дүрмөт"

Сүрөттүн булагы, kg.kabar.kg
Биз менен баарлашкан Кыргыз Улуттук техникалык университетиндеги физик окумуштуу, профессор Рая Султаналиева теориялык физика менен эксперименталдык физиканы кыргызча окутуу татаал деди, ошондуктан орусча окутулат, бирок кыргыз тилдүү группаларга кошумча кыргызча түшүндүрүлөт:
"Техниканын тилин кыргызча окуп алыска кете албайсың. Негизинен орусча окутабыз. Чындыгында техникалык терминдерди кыргызчага которгондо болбой калып атат".
Термин демекчи, техникалык татаал терминдерди мындай кой, жөнөкөй эле күнүмдүк сөздөр кыргызчага которулуп, кээ бир окуу жайларда колдонууга кирип калган менен талаш-талкуу көп, аягы көрүнбөйт. Терминдерди бирдиктүү кабыл алуу жана колдонууда ырааттуу жүргөн иш көрүнбөйт.
Мисалы, лекцияны - дарс, аудиторияны - дарскана деп, ал эми доцентти - чилтен деп которгон мисалдар бар.
"Мунун баары латын тилинен келген түшүнүктөр. Адиабата, изотерма, термодинамика ошол бойдон калыш керек. Ядро дегенди чели деп, зарядды дүрмөт деп которушкан. Ал болбойт. Кыргыз группаларга биз өзүнчө түшүндүрүп беребиз, мисалы адиабата эмне экенин".
ЖОЖду кыргыз тилинде окуп бүткөн техникалык адистерге иш табылабы деген да суроо бар.
"Мектепке баргандар кыргызча окутуп кете беришет. А биздин техникалык окуу жайын бүткөн инженерлер каякка барат? Завод кытайдыкы болсо, жабдуулар бүт англис тилинде, орус тилинде болуп атса",-дейт профессор.
"Энергофактан бир студентим айткан, кыргызча бүтүп келип өлө кыйналдык деп. Ал иштеген жерде документация баары орусча экен. Приборлордун аттарынын баары орусча. Аябай кыйналдык деген".
Кыргызстандын сыртына эл аралык олимпиадаларга бараткан окуучуларды дагы кыргызча китептер менен даярдоо аракеттери болгон, бирок анда дагы кыйынчылыктар келип чыккан.
"Олимпиадага балдарды даярдооодо кыргызча китеп керек дегенинен китеп жаздык. Бирок кыргызча окуганда жанында орусча тексти да болбосо, котормосу түшүнүксүз болуп калат. Анткени сөзмө сөз которбой, мааниси боюнча которуш керек эле. Олимпиадалар негизинен орус тилинде. Жалаң кыргызча болсо, ошол эле райондун деңгээлинде кала берет",-дейт Рая Султаналиева.
Мамлекеттик тил боюнча проректорлор

Сүрөттүн булагы, kyrgyztest
18-январда ОшМУда жогорку окуу жайларынын мамлекеттик тил боюнча проректорлорунун үчүнчү форуму өттү.
Анда ЖОЖдордо мамлекеттик тили мыйзамынын аткарылышы, иш кагаздарынын абалы, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап жолдору, артыкчылыктары жана кемчиликтери, көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу, студенттердин сабаттуулугу жөнүндө көп баяндамалар жасалып, сунуштар айтылды.
Бул форумга катышкан КТУнун проректору Жыргалбек Сыдыков ОшМУ, ЖАМУ сыяктуу региондо жайгашкан университеттер окуу процессин мамлекеттик тилге көчүрүү жагынан эчак эле алдыга кеткенин, баш калаадагы жождор аларга караандабай калганын айтат.
Министрликтин талабы боюнча ар бир жогорку окуу жайда мамлекеттик тил боюнча проректор кызматы каралган. Бирок ал бардыгында эле эмес, жеке менчик университеттерде жок.
Ошондуктан ОшМУда болгон форумда мамлекеттик тил маселесин караган өзүнчө бир проректор ар бир жогорку окуу жайында болушу зарыл деген бүтүмгө келишти.












