Афганистандын убактылуу өкмөтүн Талибандын катаал тарапкерлери жетектеди

Талибан жаңы убактылуу өкмөт башчы Молдо Мухаммад Хасан Ахунддун сүрөтүн жарыялады

Сүрөттүн булагы, SUPPLIED

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибан жаңы убактылуу өкмөт башчы Молдо Мухаммад Хасан Ахунддун сүрөтүн жарыялады

Талибан кыймылы Афганистандагы убактылуу өкмөттү түзүп, өлкөнү “Ислам Эмираты” деп жарыялады.

Толугу менен эркек кишилерден турган жаңы министрлер кабинети жогорку мансаптуу талибдерден турат. Алардын айрымдары соңку 20 жылда АКШнын аскерлерине кол салганы менен белгилүү.

Өкмөттү Молдо Мухаммад Хасан Ахунд жетектейт. Ал Талибандын түптөөчүлөрүнүн бири жана БУУнун кара тизмесине кирген.

Ички иштер министрлигине Сиражуддин Хаккани келди. Ал АКШнын федералдык чалгындоо кызматынын издөөсүндө жүргөн Хаккани тобунун башчысы.

Талибан төрт аптада мурда Афганистандын көпчүлүк аймактарын басып алып, мурда шайланып келген өлкө жетекчилерин бийликтен кулаткан.

Убактылуу министрлер кабинетинин билдирүүсү Талибандын туруктуу өкмөт түзүүсү үчүн маанилүү. Жаңы жетекчилик оор кыйынчылыктарга туш болот. Андан тышкары алар өлкө экономикасын турукташтырып, эл аралык деңгээлде таанылышы зарыл.

Мындан мурдараак Талибан бардык тараптарды камтыган инклюзивдүү өкмөт түзгүсү келерин айткан болчу. Бирок шейшемби күнү жарыяланган билдирүүдө министрлердин баары талибдердин калыптанып калган жетекчилеринен болуп, өкмөттүн курамына эч бир аял киши кошулган эмес.

Министрлер шарият мыйзамдарын киргизишет

Талибандын башчысы Мавлави Хибатулла Ахунзадага таандык делген билдирүүдө өкмөт шариятты карманаары айтылат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Талибан кошуналары жана башка мамлекеттер менен эки тараптуу сый-урматка жана кызматташууга негизделген, бекем жана бакубат мамиледе болууну каалайт”, - деп жазылат анлис тилинде чыккан билдирүүдө. Ошондой эле, билдирүүдө алар “ислам мыйзамдарына жана өлкөнүн улуттук баалуулуктарына каршы келбеген” эл аралык мыйзамдарды жана келишимдерди сыйлайт деген эскертмеси дагы бар.

Хибатулла Ахунзада эч качан эл алдына чыгып сүйлөгөн эмес. Өткөн айда Талибан бийликке келгенден бери бул Хибатулла Ахунзаданын алгачкы билдирүүсү.

Убактылуу өкмөт башчы Хасан Ахунд 1996-2001-жылдары тышкы иштер министринин орун басары болуп турган. Аталган жылдарда талибдер акыркы жолу бийликте болгон. Ал аталган кыймылдын аскердик эмес, диний тарабында таасирге ээ.

Анын кызматка дайындалышы кандайдыр бир мунаса катары кабыл алынууда. Анткени, Талибандын салыштырмалуу сабырдуу топтору менен катаал топтордун ортосунда аскердик салгылаштары жөнүндө маалыматтар тараган болчу.

Ички иштер министри АКШнын терроризм тизмесинде

Жаңы убактылуу ички иштер министри Сиражуддин Хаккани Талибан менен байланышы болгон согушкер Хаккани тобунун жетекчиси. Аталган топ Афганистандагы соңку жыйырма жылда көп адамдын өмүрүн алган кол салуулардын артында турат.

Талибандын чоң тобунан айырмаланып, Хаккани тобу АКШ тарабынан чет элдик террористтик уюм деп таанылган. Ошондой эле, бул топтун ал-Каида менен жакын байланышы бар.

Талибандын өкүлү жаңы дайындоолор жөнүндө басма сөз жыйынында билдирди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибандын өкүлү жаңы дайындоолор жөнүндө басма сөз жыйынында билдирди

АКШнын федералдык чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча, “Хаккани Кабулдагы мейманканада 2008-жылдын январындагы кол салууга тиешеси боюнча сурак берүүсү үчүн изделүүдө. Анда алты киши, анын ичинде бир америкалык жаран, каза болгон”.

“АКШга жана Афганистандын коалициялык күчтөрүнө каршы чек араларда кол салууну координациялаган жана катышкан. Хаккани 2008-жылы ошол кездеги афган президенти Хамид Карзайды өлтүрүүнү пландоого тиешеси бар катары каралат", - деп кошумчаланат маалыматта.

Хаккани тобу 2011-жылдын 12-сентябрында Кабулдагы АКШнын элчилигине жана анын жанындагы НАТОнун күчтөрүнө кол салуу үчүн дагы айыпталган. Кол салууда сегиз киши - төрт полиция жана төрт жаран - набыт болгон.

Лиза Дюсет

Көп жылдардан бери көмүскөдө иштеп келаткан кыймылдын мүчөлөрүнүн ысымдары мурда дүйнөнүн терроризм тизмелеринен гана чыкчу. Эми алардын ысымдары дүйнө жүзү боюнча мамлекеттерде жарыяланат.

Алдыңкы аскердик жана саясий фигуралардын атаандаштыгы жөнүндөгү маалыматтардан кийин убактылуу өкмөт башчылык кызматка келген Молдо Ахунддун дайындалышы мунаса табуу катары кабыл алынды окшойт. 

Анын камкорчу табияты дагы Талибан курал-жарактардан өкмөткө кадам таштап жаткан учурда бир аз тыныгуу камсыздагандай.

Ошондой эле бул Талибандын жеңиши Талибандын башкаруусун гана билдирет деген Талибандын көз карашын айгинелейт. Булактардын айтымында, алар “инклюзивдүү өкмөт” түзүү боюнча кайрылууларга каршы болушкан. Алар мурдагы саясий фигуралар менен кызматкерлерди кошууну четке кагышкан.

“Биздин кабинетибизди түзүүгө эмне үчүн башкаларга жол беришибиз керек, алар деле өздөрүнүкүн өздөрү курашат да?” - деп каршы болгон бирөө.

Аялдарга болсо министрлик кызмат эч качан берилбейт болчу; Аялдардын иштери боюнча министрлик азырынча толугу менен жоюлуп кеткендей. (EA)

Талибандын лидерлери

Сүрөттүн булагы, Alamy