Талибандын соцмедиалардагы жеңиши: "элдин пикирин өзгөрткүбүз келет"
Сара Атик, BBC News

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ күчтөрү Афганистандан чыгып кете баштаганда Талибан тез эле жеңишке жетишип, өлкөдөгү бийликти өз колуна алды. Талибандын жеңиши Афганистан менен эле чектелген жок, кыймыл социалдык желелерде дагы ийгиликтүү маалымат өнөктүгүн ишке ашыра алды. Бул мурда аларга мүнөздүү болгон көрүнүш эмес. Эмне өзгөрдү?
Соцжелелерде аккаунттардын тобу Кабул бийлигинин жарыбаганына басым жасап, Талибандан ийгилигин көкөлөтө мактаган.
Талибдердин жакынкы жеңишин мактаган твиттердин аркасы менен #kabulregimecrimes (Кабул бийлигинин кылмыштары) сыяктуу бир нече хэштегдер пайда болгон. Мындай хэштегдер Афганистандын өкмөтүн согуштук кылмыштар үчүн айыптаган твиттерде колдонулган. #westandwithTaliban (Батыш Талибан менен) аттуу хэштеги элдин колдоосун табууга аракети болгонун билдирет. Андан тышкары #ﻧَﺼْﺮٌ_ﻣٌِﻦَ_اللهِ_ﻭَﻓَﺘْﺢٌ_ﻗَﺮِﻳﺐٌ (жардам Аллахтан жана жеңиш жакында) хэштеги да пайда болгон. Биринчи хэштегдер жок эле дегенде Афганистанда трендде болгон.
Ага жооп иретинде Афганистандын ошол кездеги вице-президенти Амрулла Салих өзүнүн күчтөрү менен элге Талибандын жеңиши туурасында социалдык желелердеги сөздөрүнө ишенбөөнү эскертип, коопсуздукка шек жаратышы мүмкүн болгондуктан аскердик операциялар жөнүндө маалымат бөлүшпөөгө чакырган.
Координациялык кеңештин маалылыматы боюнча, талибдер заманбап маалыматтык технологиялар жана медиа каражаттарына караманча каршы болгон адатын таштап, өз билдирүүлөрүн жеткирүү үчүн социалдык желеде атайын иш уюштурган.
Талибан Афганистандын бийлигине 1996-жылы биринчи жолу келгенде интернетке тыюу салып, сыналгыларды, фотоаппараттарды жана видео камераларды тартып алып же талкалап жок кылышкан. 2005-жылы Талибан ислам эмиратынын “Ал-Имара” расмий сайты ишке кирген, учурда беш тилде - англисче, арабча, паштунча, дариче жана урду тилинде - маалымат берет. Сайттагы аудио, видео жана тексттик материалдар Афганистан ислам эмиратынын (АИЭ) маданий комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Комиссиянын жетекчиси Забихулла Мужахид болуп эсептелет.
Забихулла Мужахиддин алгачкы барагын Twitter бөгөттөп койгон. Бирок Забихулла Мужахиддин жаңы барагы 2017-жылдан бери иштеп жатат жана ага 371 миңден ашуун адам жазылган. Анын кол алдында Талибандын идеологиясын интернетте жайылткан ыктыярчылардын тобу иш алып барат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ыктыярчылардын тобун Кары Саид Хусти жетектээри айтылат. Ал Афганистан ислам эмиратынын (АИЭ) соцмедиалар боюнча директору да болуп кетет.
Кары Саид Хустинин Би-Би-Сиге билдиришинче, бул топто Twitter жана WhatsApp менен Facebook сайттарында иштеген өз-өзүнчө адамдар бар. Twitter платформасында алар хэштегдерди трендге чыгарууга аракет кылса, берки эки платформада маалыматтарды таратуу боюнча иштешет.
“Биздин душмандарыбыздын телекомпаниясы, радиосу, соцжелелерде тастыкталган барактары бар. Бизде анын бири дагы жок. Бирок биз алар менен Twitter жана Facebook сайттарында согушуп, аларды жеңдик”, - деди Кары Саид Хусти.
Анын жумушу идеологиялык себептерден улам Талибанга кошулган адамдарды колдонуп, “билдирүүлөрүбүздү көбүрөөк адамга жеткирүү үчүн социалдык медиаларга алып чыгуу” болгонун айткан.
Афганистанда болгону 8,6 млн интернет колдонуучу бар. Тармактын жоктугу жана жөндүү интернеттин жетишсиздиги башкы көйгөйлөрдүн бири. Хустинин айтымында, АИЭнин соцмедиалар тобу мүчөлөрүнүн “интернет согушуу үчүн” айына 1000 афгани ($11,51) төлөйт.
Ал АИЭ “аудио, видео материалдарды даярдоо жана санарип брэнд иштери үчүн керектүү болгон толугу менен жабдылган төрт мультимедиалык студиясы” бар экенин айтып мактанды.
Натыйжада, жогорку сапаттагы пропагандалык видеолор Талибан согушкерлерин жана алардын чет элдик жана улуттук күчтөргө каршы согуштарын даңктап жатат. Мындай видеолор YouTube жана ал-Имара сайттарында кеңири жеткиликтүү.
Талибан Twitter жана YouTube платформаларында эркин эле маалымат чыгарганы менен, бирок Facebook бул топту “кооптуу уюм” деп тааныган жана алар менен байланышы болгон адамдарды жана барактарды тез-тез өчүрүп турат. Facebook өз платформасынан Талибандын маалыматтарын өчүрүүнү улантарын айтты.
Хусти Би-Би-Сиге Facebook платформасында иштөө оор болуп жатканын, ошондуктан Twitter сайтына көбүрөөк көңүл буруп жатканын билдирди.
АКШнын мамлекеттик департаменти Хаккани тобун эл аралык террористтик топ деп тааныган болсо да, топтун лидери Анас Хаккани менен бирге дагы көптөгөн мүчөлөрдүн Twitter барагы бар. Алардын барактарына миңдеген адамдар жазылган.
Анонимдүү бойдон калгысы келген Талибандын соцмедиалар тобунун бир мүчөсү Би-Би-Сиге билдиргендей, 2020-жылдын февралында талибдердин башчысынын орун басары Сиражуддин Хакканинин New York Times гезитине чыккан пикир-макаласын таратуу үчүн алар Twitter платформасын чындап эле колдонууну чечкен. Twitter платфомасындагы Талибандын көптөгөн барактары ошондон кийин ачылган.
“Көпчүлүк афгандар англисче түшүнбөйт, бирок Кабул бийлигинин лидерлери Twitter сайтында англисче жазышчу. Анткени, аларды аудиториясы афгандар эмес, эл аралык коомчулук болгон”, - дейт ал.
“Талибан алардын пропагандасына каршы тургусу келгендиктен, биз дагы Twitter сайтына көңүл буруп калдык”.
Анын айтымында, топтун мүчөлөрүнө “кошуна өлкөлөр менен мамилени бузбаш үчүн алардын тышкы саясатына байланыштуу маселелерге ой-пикир жазбоо” боюнча белгилүү бир көрсөтмөлөр берилген. Айрым мүчөлөрдүн барагына он миңдеген адамдар жазылган.
Мурда Талибан өзүнүн лидерлеринин жана согушкерлеринин тек-жайы боюнча маалыматтарды аябай сыр кылып сактачу. Алар ушунчалык жашырын болгондуктан топтун негиздөөчүсү Молдо Умардын ачык көрүнгөн сүрөттөрү жокко эсе.
Бүгүнкү күндө, эл аралык деңгээлде таанылуу үчүн талибдердин жетекчилиги маалымат каражаттарына эле чыгып сүйлөө менен чектелбестен ошондой эле алар социалдык желелерде көп маалымат таратышууда. Бул топтун мурдагы сырдуу өкүлү Забихулла Мужахид ооган бийлигинин кулашынын артынан басма сөз жыйынын өткөргөндө Twitter платформасындагы көптөгөн талибдер өзүнүн сүрөтүнүн ордуна Мужахиддин сүрөттөрүн коюп алышкан.
Андан айырмаланып, эл аралык күчтөрдө, уюмдарда, медиа компанияларда иштеген көптөгөн афганистандыктар жана Талибандын социалдык желени колдонгонуна сын көз менен карагандар өздөрүнүн барактарын убактылуу өчүрүшүп, маалымат аларды бутага алуу үчүн колдонулуп калышынан коркуп жатышат.
Amnesty International жана Human Rights Watch аттуу адам укуктары багытында иштеген уюмдардан айтышкандай, Талибан согушкерлери жооп иретинде адамдарды издеп, өлтүрүп жаткан болушу мүмкүн экенинен маалымат алышкан.
Facebook Афганистандын элине бир басып, мурда дос болбогондорду тез арада бөгөттөп, өздөрү жөнүндө маалыматтарды жашырып коюу мүмкүнчүлүгүн берди. Ошондой эле Facebook Афганистандан кирген адамдар үчүн “Достордун” тизмесин көрүүнү жана издөөнү убактылуу өчүрүп койгонун жарыялады.
Талибдер өздөрүнө мүнөздүү болгон таш боор жүрүм-турумун өзгөртүп же андан баш тарттыбы? Маселе мына ушунда. Афганистанда жана дүйнөдө көпчүлүк адамдар алардын өзгөрдүк деген убадасына ишенбейт.
Бирок алар мурда жаа бою качкан технологиянын эми пайдалуу экенин аңдап жаткандай. Технологиянын жардамы менен алар дүйнөдө өздөрү жөнүндөгү көз караштарды калыптандырууга бел байлашты.
“Элдин көз карашын өзгөртүүдө социалдык желе күчтүү курал. Биз Талибан жөнүндөгү түшүнүктөрдү өзгөрткүбүз келет”, - деди жашырын бойдон калгысы келген талибдердин социалдык медиа тобунун мүчөсү. (EA)








