Талибанды токтоткон "жеңилбес" Панжшер өрөөнүнүн "арстандары"
Пол Керли & Лусия Бласко, BBC News

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибанга каршы бир нече миң жоокер оозу кууш алыскы өрөөндө турганы айтылууда. Өрөөн Кабулдан 50 километрдей аралыкта жайгашкан.
Таасирдүү Панжшер өрөөнү Афганистандын жакынкы тынчы жок тарыхында коомдун назарын биринчи жолу өзүнө буруп жаткан жок. Аталган аймак 1980-жылдары советтик күчтөргө каршы, 90-жылдары талибдерге каршы турган.
Талибанга каршы топ, Афганистандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронту (УКФ), азыр Панжшер өрөөнүндө турат. Алар кечээ жакында эле дүйнөгө өрөөндүн кубаты жөнүндө эскерткендей болду.
“Кубаттуу Кызыл армия бизди жеңе алган эмес… Талибан дагы 25 жыл мурда… өрөөндү басып алууга аракет кылып, таш талканы чыгып жеңилген”, - деген УКФнын сырткы мамилелер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Али Назари Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Чоң, терең жана чаң баскан өрөөндүн узундугу 120 километрдей жана ал ооган баш калаасы Кабулдун түндүгүндө жайгашкан. Өрөөн 3 000 метр бийик тоо чокулары менен корголгон. Алар аймакта жашаган адамдарды коргогон күчтүү жана табигый тосмо катары кызмат кылат.
Бул жерде жападан жалгыз кууш жол бар. Ал аска тоо менен жылаандай сойлоп аккан Панжшер дарыясынын ортосунан өтөт.
“Бүтүндөй бул аймактын бир мифтик өңүтү бар. Бир жалгыз эле өрөөн эмес. Ал жерге киргенде жок эле дегенде дагы 21 чакан өрөөн байланышып турганын көрөсүң”, - дейт Шакиб Шарифи. Ал бала кезде ошол жерде жашап, кийин Талибан бийликке келгенде Афганистандан чыгып кеткен.
Негизги өрөөндүн аяк чениндеги чыйыр жол 4 430 метр бийиктиктеги Анжуман ашуусуна алып барат да, андан ары чыгыштагы Гиндукуш тоолоруна уланып кетет. Искендер Зулкарнайн менен Амир Темурдун аскерлери дагы ушул ашуу аркылуу өтүшкөн.
“Тарыхта Панжшер өрөөнү кен казылып алынган жер катары да белгилүү. Мисалы, жарым баалуу таштар казылган”, - дейт Элизабет Лик. Ал Лидс университетинин эл аралык тарых боюнча профессору.

Бүгүнкү күндө өрөөндө гидроэлектростанция дамбалары менен шамал станциялары бар. АКШ жолдор менен Кабулдан сигнал кабыл алган радио мунаранын курулушуна жардам берген. АКШнын Баграмдагы мурдагы аскердик базасы дагы өрөөндөн алыс эмес жерде жайгашкан. Баграмдагы базаны башында совет бийлиги 1950-жылдары салган болчу.
“Эр жүрөк” эл
Өрөөндө 150 миңден 200 миңге чейин адам жашаары айтылат. Көпчүлүгү дари тилинде сүйлөшөт жана тажик улутундагылар. Дари - Афганистандагы негизги тилдердин бири.
Афганистандагы 38 миллион калктын болжолдуу төрттөн бирин тажиктер түзөт. Бирок панжшерликтер өлкөнүн түндүгүндөгү Тажикстанга карап түздөнбөйт. Алардын өздөрүнүн жергиликтүү иденттүүлүгү бар.
Шакиб Шарифи жакында эле кызматтан кеткенге чейин Афганистандын Айыл чарба министрлигинде пландоо боюнча директор болуп турган. Ал панжшерликтерди эр жүрөк, “а балким Афганистандагы эң эр жүрөк эл” деп сүрөттөдү. Анын айтымында, жергиликтүү элдин Талибан менен тили келишпейт жана жакшы мааниде айтканда, алар “согушчан” келишет. Британия, Советтер союзу жана Талибанга каршы тарыхтагы жеңиштер өрөөндөгү элге “ого беш бетер кайрат берген”.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Талибан 2001-жылы жеңилгенден кийин өрөөндүн статусу райондон облус даражасына көтөрүлгөн. Учурда ал Афганистандагы эң кичинекей облустардын бири.
“Аны өз алдынча облуска айлантуу чечими талаштуу болгон”, - дейт Антонио Жустоцци. Ал (RUSI) Королдук бириккен кызматтар институтунда улук изилдөөчү болуп иштейт. Анын түшүндүрүшүнчө, панжшерлик жоокерлер 2000-жылдардын башында аябай күчтүү болуп турган. Алар Кабулду колго алууга көмөктөшүп, “үлүшкө ээ болгон башкы тарап” болуп калган.
Панжшерлик лидерлерге өкмөт менен аскердеги алдыңкы кызматтар берилген. Өрөөн өз алдынча болуп, губернаторлор башка аймактардан эмес, жергиликтүүлөрдөн дайындалган Афганистандагы жападан жалгыз облуска айланган.
“Адатта, губернаторлор жергиликтүү элге эмес, өкмөткө көбүрөөк берилген болушу керек эле”, - дейт Жустоцци. “Панжшер өзгөчө учур болгон”.
Стратегиялык жактан маанилүү
Жустоццинин ою боюнча, Афганистанда буга окшогон дагы башка “жүздөгөн” өрөөндөр болушу мүмкүн. Бирок Панжшердин Кабулдун түндүгүндөгү негизги жолго жакын жайгашканы “өрөөндүн стратегиялык маанисин ачат”.
Өрөөндүн кире бериши Кабулдан чыккан чоң жолдун түздүктөн ары Салаң ашуусундагы тоолорду көздөй көтөрүлгөн жерден өтө деле алыс эмес. Аталган ашуудагы тоннель аркылуу түндүктөгү Кундуз жана Мазари-Шариф шаарларына өтүп кетсе болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шакиб Шарифинин айтымында, Панжшердин мааниси бир нече факторлордун айкалышынан турат.
“Бул бир эле өрөөндөгү ондогон согуштук позициялары менен чектелбейт. Бул тоолуу шарттарга да байланыштуу эмес. Кеп Панжшер элинин төш кага сыймыктанып жүргөнүндө да эмес. Кеп анын баарында. Анткени, бул факторлорду өз-өзүнчө Афганистан боюнча көптөгөн жерлерден кезиктирүүгө болот.
Акыркы салгылашта өрөөндө курал-жарактардын ири запасы сакталганы айтылган. Соңку 20 жылда Панжшердеги жоокерлер жоюлуп, куралдарын тапшырып бериши керек эле. “Бирок ал жерде корлор дале бар”, - дейт Жустоцци.
“Панжшер менен байланышы болгон ооган расмийлери дагы ал жакка көбүрөөк курал-жарактарды ташышкан. Себеби, алар президенттер Карзай менен Ганиге ишенишкен эмес. Бирок акырында алардын тынчын алгандар талибдер болуп калды”.
Өрөөндөгү Талибанга каршы күчтөрдү жетектеген киши 32 жаштагы Ахмад Массуд. Ал 1980 жана 90-жылдары каршылык көрсөтүп чыккан кыймылдын кадырлуу жетекчиси Ахмад Шах Массуддун уулу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ахмад Массуддун айтымында, анын жоокерлери ооган армиясынын жана атайын күчтөрүнүн аскердик колдоосуна ээ.
“Бизде ок-дарылардын камы менен куралдар бар. Аларды биз атам каза болгондон бери сабырдуулук менен чогултуп келдик. Анткени, ушул күн келерин билгенбиз”, - деп жазган Ахмад Массуд Вашингтон Пост гезитине жазган пикир-макаласында.
“Панжшердин арстаны” каймана аттуу анын атасы советтик жана Талибандын күчтөрүнө каршы туруштук берген мужахид командири болгон. Панжшер сөзүнүн мааниси да “беш арстан” дегенди билдирет.
Ооган армиясынын генералы Ахмад Шах Масуддун уулу бул өрөөндө төрөлгөн. Ахмад Шах Масуддун портретин Панжшер облусунун жана Кабулдун көптөгөн жайларынан учуратууга болот. Анын сүрөтү эстеликтерде, көрнөктөрдө жана дүкөндөрдүн терезелеринде илинген.
Анын аркасы менен Афганистандын Элдик демократиялык партиясы 1978-жылы бийликти алган. Кийинки жылы Советтер Союзу келип аны бийликтен кетирген. Ошону эми Панжшер коммунисттерге каршылык көрсөткөн борборго айланган.
“Ал совет-ооган согушунда каршылык көрсөтүүнүн коомдук жүзүнө айланган”, - дейт Лидс университетинин профессору Элизабет Лик. “Ал харизмалуу болгон жана Батыш медиасы менен тыгыз байланышкан. Ошондой эле, ал Советтер Союзу сүйлөшүү жүргүзгүсү келген башкы лидерлердин бири болгон. Бул анын маанисин бекемдеген”.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Ошол кезде, изилдөөчү Жустоццинин айтымында, Массуд башка козголоңчу лидерлерден айырмаланып турган. “Ал билимдүү болгон, французча сүйлөй билген, жумшак сүйлөп өзүнө тартып турган. Башка командирлер болсо копол, сабатсыз жана фанатик болушкан”.
Ахмад Шах Массуд 2001-жылы ал-Каида террористтик тобу тарабынан, АКШдагы 11-сентябрда болгон кол салуудан эки күн мурда, өлтүрүлгөн. Президент Хамид Карзай аны улуттук баатыр деп жарыялаган.
Бирок, айрымдары аны согуш кылмышкери болгонун айтышат. Хюман райтс (Human Rights Watch) уюмунун 2005-жылдагы иликтөөсүнө ылайык, “Афганистандагы согуш учурунда Ахмад Шах Массуддун жетекчилигиндеги аскердик күчтөрдүн көптөгөн аша чабууларга тийиштиги болгон”.
Жеңилбеспи?
1980-жылдардын аягы жана 1985-жылдардын ортолорунда Советтер Союзу өрөөнгө жок эле дегенде, жерден дагы, асмандан дагы, ондогон кол салууларды уюштурган. Орус жоокерлер жергиликтүү шарттарды жакшы билбегендиктен көбүнчөсү буктурмага кабылып калышчу.
“Советтик күчтөр оңдон, солдон, борбордон миң жаракат алышкан”, - дейт Шарифи. Советтик пулеметтун урматына ДШК мырза деп аталган бир киши асканын астында жашынып алып атчу, бирок аны эч ким таба алган эмес. “Бул алардын шайын кетирчү”.
Анын айтымында, азыркы командирлердин айрымдары ошол доордун акырын көрүп калган. “Алар башкы штаб менен тийиштүү деңгээлде байланышпай туруп капкаларда өзү жалгыз туруу боюнча машыгуудан өтүшкөн. Алар кантип күтүп анан кантип сокку урууну билишчү”.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Жустоццинин айтымында, советтик аскерлер өрөөндө белгилүү бир убакытка чейин күчүн кармап тура алса да, ал көпкө чейин созулган эмес.
“Орустар кайсы жерде турууну билишкен эмес жана ал жерде аскер кармап туруу кыйын болгон”, - дейт ал. “Алар негизги түндүк-түштүк жолун коргогусу келген, бирок жакынкы аймактарда согуш жүргүзүп, чачырандыланып турушкан”.
Курал-жарактар, танктар жана учактар Панжшер өрөөнүндө чаң басып, ишке ашпай калган советтик аскер баскыныны мурасы болуп турат.
Мураскор
Ахмад Массуд атасы каза болгондо 12 жашта эле. Ал Лондондо окуган жана Сандхерсттеги Королдук аскер академиясында бир жыл машыгуудан өткөн.
“Анда атасынын ажары бар, бирок ал аскердик лидер катары текшерүүдөн өтө элек”, - дейт Жустоцци. “Ошондой эле, ага мамлекеттик деңгээлде бийлик бөлүштүрүүнү сүйлөшүү боюнча жөндөм керек. Себеби, ал жаңы фигура жана айрым улуу курактагы мамлекеттик кызматкерлерге окшоп жогото турган эч нерсеси жок. Ал талкууларда талапты катуураак койгонду билиши керек”.
“Өрөөндө эми эмне болот айтыш кыйын”, - дейт профессор Лик.
“Ал кеп өзүнүн мурасы жана атасынын тарыхый мааниси жөнүндө болуп жатканын ачык эле түшүнүп турат. Биз анын эл аралык байланышты улантып жатканына күбө болуудабыз. Бирок азыр жагдай башка. Талибан жакынкы орто жана ири шаарларды өзүнө каратып алып, жабдуу жолдору үзгүлтүккө учурап калды. Бул тең салмактуулукка доо кетирет”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Массуд кошумча күч сурады.
“Эгерде Талибан аскер башчылары кол салса, алар албетте биздин бекем каршылыгыбызга туш болот… Бирок биздин аскердик күчтөрүбүз менен логистика жетиштүү эмес экенин билебиз”, - деп жазган ал Вашингтон Пост гезитиндеги пикир-макаласында.
“Эгер Батыштагы досторубуз кечиктирбестен жабдуунун жолун таппаса, анда биздин күчүбүз тез эле түгөнмөкчү”. (EA)








