Талибанга каршы топ: “Миңдеген жоокерибиз бар”

Сүрөттүн булагы, Reuters
Афганистанда талибдерге каршы топ миңдеген адамдар согушка даяр экенин айтты.
Афганистандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун сырткы мамилелер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Али Назари Би-Би-Сиге алар тынчтык жолу менен сүйлөшүү жүргүзүү каалаганын айтты.
Бирок ал “эгерде сүйлөшүү натыйжа бербесе… анда биз эч кандай агрессияны кабыл албайбыз”, - деп кошумчалады.
Ал ортодо Талибан аталган топтун Панжшер жергесиндеги турган жерин курчоого алып, камаганын айтууда.
Каршылык тобунун өкүлдөрү дагы Талибан аймакта, борбор Кабулдун түндүк-чыгышында таасирге ээ болуп жатканын айтты.
Талибдер бийликтен кулаткан өкмөттө вице-президент болуп турган Амрулла Салих учурда Панжшерде отурукташкан. Ал өрөөнгө кире бериште Талибан күчтөрүн жайгаштырганын Твиттерде жазып чыкты.
Панжшер аймагы, тагыраак айтканда Панжшер өрөөнү, сырткы күчтөргө каршы ийгиликтүү туруштук берген жер катары белгилүү. Мисалы, аймак 1979-жылдан 1989-жылга чейинки совет-ооган согушунда советтик күчтөргө жана 1990-жылдары Талибанга каршы күрөшкөн.
Учурда бул аймак Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун (УКФ) көзөмөлүндө. Фронт Ахмад Массуд тарабынан негизделген. Ахмад Массуд ооган каршылык көрсөтүү кыймылынын баатыры Ахмад Шах Массуддун уулу.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ахмад Шах Массуд күчтүү партизан командир болгон. Ал СССРге каршы туруу тобун жетектеген. Кийин ал 1990-жылдардагы каршылаш жикчилдерге каршы ооган өкмөтүнүн аскердик канатын башкарган. Талибан бийликти алган соң, ал 2001-жылы киши колдуу болуп өлтүрүлгөнгө чейин башкы оппозициялык командир болуп турган.
Назари Би-Би-Си Радио 4кө билдиргендей, Панжшерге өлкө боюнча каршылык көрсөткүсү келген жергиликтүү күчтөр топтолушкан. Алар жоокерлерге кошулушуп, ошол жерде машыгуудан өтүшкөн.
Анын айтымында, аталган топтун “каршылык көрсөтүүгө даяр турган миңдеген күчтөрү” бар. Бул маалыматты Би-Би-Си өз алдынча тастыктаган жок.
“Бирок, кандайдыр бир согуш жана чыр-чатактан мурда биз тынчтыкты жана сүйлөшүүлөрдү тандайбыз”, - деген топтун өкүлү.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
УКФнын башкы максаты өлкөдөгү башкаруу формасынан көз каранды эмес.
“УКФ бекем тынчтык орнотуу үчүн Афганистандагы негизги көйгөйлөрдү чечишибиз керек деп эсептейт”, - деп улантты Назари. “Афганистан этникалык азчылыктардан куралган өлкө, эч ким көпчүлүк эмес. Ал көп маданияттуу мамлекет, ошондуктан бийлик бөлүштүрүлүшү керек. Бийлик бөлүштүрүү келишиминде баары өздөрүн бийликте көрөт”.
“Саясатта бир топтун үстөмдүк кылуусу ички согушка жана учурдагы жаңжалдын уланышына алып барат”, - деп кошумчалады ал.
“Биз тынчтыкты тандайбыз, биз тынчтык менен сүйлөшүүлөргө артыкчылык беребиз”, - деп кошумчалады Назари. “Эгерде бул ишке ашпай калса, эгерде наркы тарап ак ниет болбосо, эгерде наркы тарап бүтүндөй өлкөгө өз күчүн таңуулап жатканын көрсөк, анда биз эч кандай агрессияны кабыл албайбыз”.
“Биз кандай экенибизди көрсөткөнбүз, биздин [40 жылдык] өтмүшүбүз биздин аймакты, айрыкча Панжшер өрөөнүн эч ким басып ала албасын көрсөттү. Кубаттуу Кызыл армия бизди жеңе алган эмес… Учурда Афганистандагы эч бир күчтүн Кызыл армияныкындай кубаты жок. Талибан дагы 25 жыл мурда… өрөөндү басып алууга аракет кылып, таш талканы чыгып жеңилген”. (EA)







