Афганистан: АКШ жарандык учактарды эвакуацияда колдонот

Сүрөттүн булагы, US MARINE CORPS/REUTERS
АКШ коммерциялык учактар адамдарды Афганистандан чыгарып кетүү үчүн колдонуларын айтты.
Пентагондон айтышкандай, 18 учак адамдарды Афганистандын сыртындагы коопсуз аймактардан алып, үчүнчү өлкөлөргө ташып бармакчы.
Талибан 15-августта бийликти басып алгандан кийин миңдеген афгандар Кабул аэропортунун сыртына чогулушкан.
Президент Жо Байден жекшемби күнү АКШ дээрлик 28 миң адамды эвакуациялаганын айтты.
“Мынчалык көп адамды кыйналбай жана жүрөктүн үшүн алган сүрөттөрсүз чыгарып кетүүгө мүмкүн эмес”, - деди Байден Акүйдө журналисттерге сүйлөп жатып. “Алдыда дагы көп иштер бар, катачылыктар болушу ыктымал”, - деп кошумчалады ал.
Кабул аэропортунун сыртында кезекте турган миңдеген адамдан, бери эле дегенде 20 адам каза тапканын НАТОнун өкүлү Рейтер агенттигине айткан. Маалыматтар боюнча, айрымдар тебелендиде калып көз жумган.
Жекшемби күнкү абал мурдагы күндөргө салыштырмалуу тынчыраак болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жарандык учактарды мобилизациялоо
Жекшембиде АКШнын Коргоо министрлиги эвакуацияга көмөктөшүү үчүн Жарандык аба флот резервин ишке киргизгенин жар салды.
Бул өзгөчө кырдаал учурунда АКШга жарандык авиа компанияларына мобилизациялоого катышууга уруксат берет. Алар акыркы жолу 2003-жылы Иракты АКШ басып алганда жана ага чейин, ошондой эле 1990-1991-жылдары Перс булуңундагы согушта колдонулган болчу.
Билдирүүгө ылайык, биринчи деңгээлдеги активация менен 18 учак алынган:
- 4 учак - United Airlines;
- 12 учак - American Airlines, Atlas Air, Delta Air Lines, Omni Air (ар биринен үчтөн);
- 2 учак - Hawaiian Airlines компаниясынан.
Билдирүүдө айтылгандай, жарандык аба флот резервин ишке киргизүү Кабулдун ичинде жана сыртында аскердик учактардын операцияларга көңүл бурушуна өбөлгө түзөт.
“Жарандык резерв рейстери үчүнчү өлкөлөргө коопсуз ташып жеткирүүгө шарт түзөт”, - деди Байден жекшембиде. “Эч бири Кабулга конбойт”.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президенттин айтымында, ондогон өлкөлөрдө көптөгөн “жөндөө станциялары” ачылган. Ал жерде эвакуация болгондорду текшерүү иштери жүргүзүлөт.
“Америкага көмөктөшкөн афгандарды жаңы үйүндө тосуп алабыз, себеби биз ушундайбыз”, - деп кошумчалады Байден.
Бул жаңылык Акүйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Сулливан Афганистанда миңдеген АКШнын жарандары дале бар экенин билдирген учурда пайда болду.
CNN телеканалына жекшемби күнү сүйлөп жатып Сулливан так санын айта албасын, бирок аларды эвакуациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
Анын билдиришинче, “Ислам мамлекети тобу” тарабынан аэропортко кол салуу коркунучу “чын” жана “курч” болууда.
Ал ортодо Талибандын расмий өкүлү Амир Хан Мутаки АКШны “эвакуация драмасы” үчүн айыптап чыкты.
Анын айтымында, Талибан болочоктогу өкмөт боюнча макулдашуу үчүн “бардык тараптар” менен сүйлөшүү жүргүзгөн.
АКШнын эвакуация иштери өзүнө койгон 31-август чегинен узарып кетиши мүмкүн болуп турат. Байден убакытты узартуу боюнча талкуу жүрүп жатканын айтып, бирок “ага барбайбыз деген үмүттөбүз” деди. (EA)











