Талибан бийликти басып алгандан кийин афган качкындар кайда кетишти?
Визуалдык журналистика тобу, BBC News

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибан Афганистандагы бийликти басып алгандан кийин миңдеген адамдар жан сактап калыш үчүн качып жөнөштү. АКШ жетектеген коалиция талибдерди 20 жыл мурун бийликтен кулаткан болчу.
Качууга аракет кылгандардын саны өсүүдө. Алардан тышкары кошуна өлкөлөргө эбак эле качып баргандардын саны 2,2 миллионду түзөт. Ал эми Афганистандын ичинде эле чыр-чатактан жана саясий туруксуздуктан улам 3,5 миллион адам үй-жайын таштап кеткен.
Канча афган чыгып кетти?
Учурда белгисиз.
Талибан Афганистандын бардык чек ара бекеттеринин көзөмөлдөп (төмөндө картада көрсөтүлгөн), афгандардын чыгып кетүүсүн каалабаганын айтышты.
Маалыматтар боюнча соодагерлер менен тийиштүү документтери болгондор гана чек арада өткөрүлүп жатат.
“Афгандардын көпчүлүгү кадимки эле жолдор менен өлкөдөн чыгып кете албай жатат”, - деген жума күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссары. “Бүгүнкү күнгө карата коркунучка кептелген адамдардын чыгып кетүүсү үчүн жол жок”.

Бирок айрым качкындар өлкөдөн чыгып кетүүнүн жолун табышкан.
Талибан Кабулда бийликти алар замат, маалыматтар боюнча, миңдеген афгандар Пакистанга өтүп кетишсе, 1 жарым миңдей афган Өзбекстанга өтүп, чек арага жакын жерде чатырларда жашап жатышат.
Кабулда миңдеген адамдар өлкөдөн чыгып кетүүнүн айласын издеп, эл аралык аэропортко багыт алып жатышкан. Ал учурда иштеп жаткан жападан жалгыз аэропорт.
Жума күнү НАТОнун расмий өкүлү билдиргендей, Талибан бийликке келгени 18 миңден ашуун адам аталган аэропорттон учуп кеткен, бирок алардын канчасы Афганистандын жарандары экени белгисиз.
Канча афган үй-жайын таштап кетти?
Афгандардын соңку кыймылы өлкөдөн сыртка агылган ири көчтүн бир бөлүгү. Өлкөдө туруксуздук жана жаңжалдар көптөгөн жылдарга созулуп, жабыркаган эл качып кетип жатат.
БУУнун Качкындар боюнча комиссиясынын маалыматына ылайык, Талибан бийликке кайра келгенге чейин эле быйыл 550 миңден ашуун адам согушка байланыштуу үй-жайын таштап кеткен.
Бул болжолдуу 3,5 миллион афган учурда өлкө ичинде орун которуп кеткенин билдирет.

Афганистандын ичиндегилер менен катар, өткөн жылдагы эсептер боюнча, 2,2 миллион качкын кошуна мамлекеттерден баш калка сураган.
Быйыл дагы афгандарга өлкө боюнча ашыкча кургакчылык жана азык-түлүктүн тартыштыгы менен күрөшүүгө туура келди. БУУнун Азык-түлүк программасынын июнь айындагы баяндамасында айтылгандай, 14 миллион адам - өлкө калкынын үчтөн биринин көбү - ачкачылыктан жабыр тартышкан.
Афган качкындар кайда кетүүдө?
Өткөн жылы афган качкындары эң көп барган өлкөлөр кошуна Пакистан менен Иран болгон.
БУУнун Качкындар боюнча комиссиясынын маалыматына ылайык, 2020-жылы дээрлик 1,5 миллион киши Пакистанга качса, Иран 780 миң адамды кабыл алган.

Германия 180 миң менен 3-орунда, ал эми Түркия 130 миң кабыл алган.
Баш калка сурагандардын санын эле ала турган болсок, Түркия (125 000), Германия (33 000) жана Греция (20 000) тизменин сап башында келет. Баш калка сурагандарга башка өлкөдө паанек сурап кайрылып, бирок арызы кабыл алына электер кирет.
Иранда баш паанек сураган афгандар жок болсо да качкын карталары (алардын макамын билдирген расмий документ) менен жүргөндөр өлкөдөгү саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелерине кайрыла алышат.
Кайсы өлкөлөр жардам берүүдө?
Айрым мамлекеттер афгандар үчүн коопсуз жайга айланса, башкалары качкындарга баш калка бербей турганын айтып жатышат.
Иран
Иран Афганистан менен чектешкен үч облусунда качкындар үчүн тез жардам чатырларын орнотту. Бирок Ирандын ички иштер министрлигиндеги жогорку кызматтагылар Иранга кирип келген ар бир афган “шарттар жакшырганда кайра жөнөтүлөрүн” айтышты. БУУнун маалыматы боюнча, Иран 3,5 миллиондой афганды кабыл алган.
Пакистан
Премьер-министр Имран Хан июнда, эгерде Талибан бийликке келе турган болсо, анда Пакистан Афганистан менен чек арасын жабарын айткан. Бирок маалыматтар боюнча, миңдеген афгандар Пакистанга өтүшкөн жана жок эле дегенде бир чек ара ачык турат. Талибан соодагерлер менен тийиштүү документтери болгондордун чек арадан өтүүсүн чектери айтылууда.

Тажикстан
Так сандар белгисиз, бирок маалыматтар боюнча бери эле дегенде жүздөгөн афгандар, анын ичинде афган улуттук армиясынын аскерлери да соңку күндөрү Тажикстанга кире качкан. Тажикстан июлда Афганистандан 100 миңге чейин качкын кабыл алууга даярданып жатканын айткан.
Өзбекстан
1,5 миңдей афган ооган-өзбек чек арасынан өтүп, лагерлерге жайгашканы айтылууда. Маалыматтар боюнча, Талибан визасы болгондорду гана чек арадан өткөрүп жатат.
Британия
Британия узак мөөнөттө 20 миң афган качкынын кабыл алуу планын жарыялады. Британ өкмөтүнүн ооган жарандарын отурукташтыруу схемасы биринчи жылы 5 миң афганды Британияга жайгаштырууну көздөйт. Аялдар менен балдарга жана ошондой эле Талибан тараптан көбүрөөк коркунучка кептелген диний жана башка азчылыктардын өкүлдөрүнө артыкчылык берилет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШ
Президент Жо Байден 500 миллион АКШ долларын “Афганистандагы кырдаалдын натыйжасында күтүлбөгөн чукул качкындар жана миграция муктаждыктары, жаңжалдын курмандыктары жана коркунучка туш болгон башка адамдар, анын ичинде өзгөчө эммиграция визасына кайрылгандар” үчүн бөлдүрдү. АКШ канча качкын кабыл аларын билдирген жок.
Канада
Канада 20 миң афганды жайгаштырарын айтты. Талибан тараптан коркунучка кептелгендерге, мисалы, мамлекеттик кызматкерлер менен лидер аялдарга көбүрөөк басым жасалмакчы.
Австралия
Австралия өлкөсүнөн качкан афгандарга гуманитардык виза программасы аркылуу 3 миң орун сунуштарын айтты. Бирок аталган орундар учурдагы гуманитардык визанын ичинде камтылгандыктан бул сан кийин өзгөртүлбөйт.
Европа Биримдиги
Европа Биримдигине кирген бир нече өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн айтымында, алар 2015-жылдагы миграция кризисинин кайталанышына жол бербөөгө аракет кылып жатышат. Анда аталган биримдиктин аймагына көптөгөн качкындар кабыл алынганда эл ичинде реакциялар пайда болгон.
Германия
Германия айрым афгандарды кабыл аларын ишарат кылып, бирок сандарды ачык айткан жок. Канцлер Ангела Меркелдин айтымында, анын өкмөтү качкындардын “Афганистанга коңшулаш өлкөлөрдө коопсуз жашоосу” үчүн көбүрөөк көңүл буруп жатат. Ал 2015-жылдагы мигранттарга карата ачык эшик саясаты үчүн катуу сынга кабылган болчу.
Франция
Президент Эммануэл Макрон Европа Афганистандан келген “мыйзамсыз мигранттардын олуттуу толкунуна каршы өзүн коргошу керек” деп билдирди. Анын айтымында, Франция “өтө чоң коркунучка туш болгондорду коргомокчу”. Бирок “Европа азыркы кырдаалдын кесепеттерин өзү жалгыз көтөрө албайт” деп кошумчалады.
Австрия
Австрия бир дагы афган качкынын кабыл албоо чечимин чыгарды. Өлкөнүн ички иштер министри баш калкалап жүргөн жана бутуна туруп кете албаган афгандарды депортациялоону улантууну колдоду. Ал Афганистанга түз депортация болбогон учурларда Афганистанга коңшулаш өлкөлөрдө “депортация борборлорун” ачууну айтып чыкты.
Швейцария
Швейцария Афганистандан түз келген качкындардын чоң тобун кабыл албасын айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркия
Президент Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, анын өкмөтү Афганистандагы кырдаалды турукташтыруу жана Түркияга барган качкындардын жаңы толкунун болтурбоо үчүн Пакистан менен кызматташат. Ошондой эле, мигранттарды киргизбөө үчүн Түркия Иран менен чек арасына дубал курууда.
Түндүк Македония, Албания жана Косово
АКШнын өтүнүчү боюнча Түндүк Македония 450, Албания 300 качкынды убактылуу кабыл аларын айтты. Качкындар АКШга иммиграция визасы чыкканга чейин жашап турушмакчы. Косово дагы АКШга багыт алган качкындарга убактылуу баш калка берерин пландоодо, бирок так сандар айтылган жок.
Уганда
Уганда 2 миң афган качкынын кабыл алууга макул болду. Чыгыш Африкада жайгашкан Уганда Африка континентиндеги эң көп качкын кабыл алган мамлекет. Ал эми качкындарды кабыл алуу боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. (EA)








