Апийимдин афган экономикасындагы орду
Reality Check тобу, BBC News

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибан акыркы жолу Афганистандын бийлигинде турган учурда апийим айдоо жана мыйзамсыз баңгизат агымы токтогонун айтууда.
Бирок 2001-жылы акыркы жолу көзөмөлдөнүп жаткан кезде апийим талаасы кескин кыскарып, кийинчерээк Талибан кармаган аймактарда ал көбөйүп кеткен.
Афганистанда канча апийим өндүрүлөт?
Апийим өсүмдүктөрү героин сыяктуу кумар козгогон бир нече маңзаттар үчүн тазаланып пайдаланылат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Бангизат жана кылмыштар боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) маалыматы боюнча, Афганистан дүйнөдөгү эң ири апийим өндүрүүчү.
Өлкөдөгү апийимдин түшүмү дүйнө өлкөлөрүнүн 80% жеткирилет.
2018-жылы БУУ БКБ апийим өндүрүшү өлкө экономикасынын 11% салым кошконун эсептеп чыккан.

Талибан апийимди эмне кыларын айтты?
Талибан Афганистандагы бийликти алгандан кийин кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид “Мурда биз бийликте турганда баңгизат өндүрүү болгон эмес” деп айтты.
Ал “апийим айдоону жоготобуз” жана аткезчилик болбойт деп айтты.
Талибандын рекорду канча?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Башында апийим өстүрүү Талибандын тушунда бир топ өскөн. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, 1998-жылы 41 миңдей гектардан башталып, 2000-жылы 64 миң гектардан ашуун аймакты камтыган.
Апийим талаалар негизинен талибдер көзөмөлдөгөн Гилменд облусунда жайгашып, дүйнөдөгү мыйзамсыз өндүрүлгөн апийимдин 39% берген.
Бирок 2000-жылдын июлунда Талибан өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда апийим айдоого тыюу салган.
2001-жылдын май айындагы БУУнун баяндамасында: “Талибан көзөмөлдөгөн аймактарда апийим өстүрүүнү токтотуу дээрлик толук ийгиликке жеткени байкалат”, - деп айтылган.
Талибдердин апийим айдоо боюнча тыюусунун артынан эле дүйнө жүзү боюнча 2001 жана 2002-жылдары героин менен апийим кармалган учурлар кескин кыскарган.
Бирок андан бери көп нерсе өзгөрдү.
Мурдагы өкмөт тарабынан көзөмөлдөнгөн аймактарда дагы апийим айдалып келген, бирок апийим талаалары Талибандын карамагындагы аймактарда көбүрөөк болгон.
Мисалы, түштүк Афганистандын Гелманд жана Кандагар облустарында, 2018-жылы Талибан көзөмөлдөп турган чакта, көпчүлүк жерлер апийим өстүрүү үчүн колдонулган.

Талибан апийимден кантип акча жасайт?
БУУ БКБ жүргүзгөн Афганистандагы апийим боюнча сурамжылоого ылайык, апийим айдоо өлкөдөгү жумуш менен камсыздоонун негизги тармагы болгон жана 2019-жылы ал дээрлик 120 миң адамды жумуш менен камсыз кылган.
Талибан апийимдин түшүмүнө салык салуу, иштеп чыгуу жана контрабанда аркылуу пайда табарын АКШнын Мамдепартаменти айткан. Апийим айдагандардан 10% салык алынат.
Апийимди героинге айланткан лабораториялардан жана ошондой эле мыйзамсыз маңзат контрабандасы менен иштеген соодагерлерден дагы салык алынат.
Талибандын баңгизатты мыйзамсыз айлантууга байланыштуу экономикадагы бир жылдык үлүшү 100-400 миллион АКШ долларын чапчыйт.
АКШнын Афган реконструкциясы боюнча атайын генералдык инспекторунун (Sigar) маалыматы боюнча, талибдердин жылдык кирешесинин 60%га жакынын мыйзамсыз маңзат түзөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Маңзат кайда алып барылат?
Афганистанда өстүрүлгөн апийимден жасалган героин Европа базарынын 95% ээлейт.
Бирок АКШнын Маңзат менен күрөшүү агенттигинин маалыматы боюнча, Афганистандан келген героин АКШда болгону 1% түзөт. Көпчүлүгү Мексикадан келет.
2017-жылдан 2020-жылга чейин 90% ашуун баңгизат жол аркылуу ташылган.
Бирок соңку кездери Инд океаны менен Европанын ортосундагы деңиз жолдорунда да баңгизат кармалган учурлар көбөйүүдө.

Көрсөткүчтөр өзгөрүп турганына карабастан, апийим өндүрүшү менен баңгизаттарды тартып алуу учурлары соңку 20 жылда өсүп, Афганистандагы апийим айдоо менен катарлаш трендди көрсөтүүдө.
Sigar уюмунун маалыматы боюнча, маңзаттарды кармоо жана камоолор өлкөдөгү апийим өстүрүүгө таасир эте алган эмес. (EA)












